Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 446
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын атайын эсеби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги атайын эсептин каражаттарын ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген жобого ылайык пайдаланууну камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 446 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын атайын эсеби жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнгөн ассигнованиелерден тышкары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы (мындан ары - Кызмат) тарабынан алынуучу каражаттар атайын эсептин каражаты болуп эсептелет. Атайын эсептин каражаттары белгиленген жол-жоболорго ылайык казына системасы аркылуу сарпталат.
Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине киргизилет жана бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө өзүнчө тиркеме менен бөлүнөт.
Кызматтын атайын эсеби төмөнкүдөй максаттарда ачылат:
- Кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү;
- Кызматтын системасындагы кызматкерлер үчүн социалдык коргоону жана кепилдиктерди камсыз кылуу, алардын өз иштеринин жыйынтыгына болгон кызыкчылыктарын арттыруу;
- Кызматтын системасындагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
- Кызматтын системасындагы кызматкерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын эсепти түзүү булактары
2. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Бирдиктүү казыналык эсеп системасында атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобого ылайык Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнүн атайын каражаттарынан чегерүүлөр;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гуманитардык, демөөрчүлүк жардам, гранттар түрүндө жана марафондорду өткөрүүдөн түшкөн каражаттардан.
SUB3003. Акча каражаттардын түшүүсү накталай жана накталай эмес түрдө, улуттук валютада, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жана эсебин алуу тартиби
4. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Кызматтын системасынын кызматкерлерине дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Кызматтын системасынын кызматкерлеринин ден соолукту чыңдоочу мекемелерге жолдомолорунун наркын жарым-жартылай компенсациялоого;
- Кызматтын системасынын кызматкерлерин сыйлоого жана материалдык колдоо көрсөтүүгө;
- коммуналдык-эксплуатациялык кызматтарга, байланыш кызматтарына, жайларды ижаралоого, командировкалык чыгымдарга;
- кызматтык максат үчүн автоунааларды, аларга запас тетиктерди жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
- кошумча төлөмдөрдү, үстөктөрдү жана сыйлык төлөмдөрүн берүүгө, анын ичинде ченемге салынбаган жана иш убактысынан сырткары эмгек үчүн;
- өздүк автоунааны кызматтык максат үчүн пайдаланууга кеткен чыгымдардын ордун колдонуудагы ченемдик актыларына ылайык төлөп берүүгө;
- шаардын, райондун ичиндеги коомдук транспортто жүрүүгө жол кирени төлөөгө жана тамактанууга кеткен чыгымдарды жарым-жартылай компенсациялоого;
- Кызматтын системасынын кызматкерлерине турак жай жана ден-соолукту чыңдоо мекемелерин курууда үлүштүк катышууга, ведомстволук турак жай сатып алууга, кызматтык жайларды капиталдык жана утурумдук ремонттоого жана башка эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга чыгымдарды төлөөгө;
- чет өлкөлүк меймандар менен жолугушууларды уюштурууга, чет өлкөгө тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатууга барууда иш сапарларга кеткен чыгымдарды, ошондой эле сметада каралбаган башка чыгымдарды төлөөгө;
- бала төрөлгөндө, никеге турганда, кызматкерлердин юбилейлик даталарында (50, 55, 60, 65, 70 жыл), кызматкер, анын жакын туугандары каза болгондо материалдык жардам көрсөтүүгө;
- күтүлбөгөн чарбалык жумуштарды эмгек келишимдери жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча аткарууга;
- Кызматтын ишин материалдык-техникалык камсыз кылууга жана Агенттиктин системасынын кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга;
- иш берүүчү менен Кызматтын кызматкерлеринин өкүлдүк органынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга;
- Кызматтын ишине байланыштуу жаратылышты коргоочу жана чарбалык иш-чараларга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Атайын эсептин каражаттары бюджеттик классификацияда каралган чыгымдардын беренелерине тыкыр ылайык пайдаланылат.
6. Чыгымдардын сметасы бекитилгенге чейин Атайын эсептин каражаттарын сарптоого жол берилбейт жана бекитилген сметанын чегинде гана ишке ашырылат. Зарыл болгон учурда бекитилген сметадан ашыкча түшкөн каражаттарды сарптоонун сметасы кошумча бекитүүгө берилиши мүмкүн.
7. Атайын эсептин каражаттарынын отчеттук жылдын аягында калган калдыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.