Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 449
«Кыргыз Республикасынын «Транспорт жөнүндө» Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын «Транспорт жөнүндө» Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Транспорт жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1998-ж., № 12, 498-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
5-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
«Мамлекеттин транспортту өнүктүрүүдө башкалар менен катар сектордо парник газдардын чыгарылуу азайтуу көлөмүн азайтууну аныктоочу программасын транспортту башкаруучу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана беш жылда бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизилип турат.»
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|