Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 450
«Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2005-ж., № 4) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьянын отуз үчүнчү абзацындагы «суу чарба курулмаларында же суу фондунун жерлеринде» деген сөздөр «коллектордук-дренаждык системаларга, сугарылчу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жердин рельефине» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн суу ресурстарга таасирин эсепке алуу принциби;».
3. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
«- саркындыларды чыгарып айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн акынын ставкасын бекитүү;
«- климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстардын абалына болочоктук баа берүүнү бекитүү;».
4. 11-статьянын 2-бөлүгүнүн «а» пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
«- суу ресурстарды климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;»
«- климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстардын абалына болочоктук баа берүүнү иштеп чыгуу жана такай кайрадан карап туруу, беш жылда бир жолудан кем эмес;.
5. 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
«- климаттын өзгөрүшүнө жана климаттык профилге ыңгайлашуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу жана беш жылда бир жолудан кем эмес мезгил-мезгили менен жаңылап туруу;».
6. Расмий тилдеги текстинде 17-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында «реагирует» деген сөз «регулирует» деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 18-статьянын 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы «экономиканын» деген сөздөн мурда «климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын.
8. 20-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы «бассейндин» деген сөздөн мурда «климаттын күтүлгөн өзгөрүүсүн эске алуу менен» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|