Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 28-июну № 452

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Лицензиялоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 43-главасы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 964 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов