Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-июну № 454
Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасындагы кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасындагы грант берүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтү тараптан Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты чыгуучу кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- «Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасындагы кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасындагы грант берүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтү тараптан Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты чыгуучу кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасындагы кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасындагы грант берүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтү тараптан Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты чыгуучу кредиттик жана гранттык макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасындагы кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасындагы грант берүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтү тараптан Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты чыгуучу кредиттик жана гранттык макулдашуулар ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариатына Кыргыз Республикасынын аталган Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Тиркеме
Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасындагы кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасындагы грант берүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтү тараптан Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты чыгуучу кредиттик жана гранттык макулдашуулардын (мындан ары - Кредиттик макулдашуу жана Гранттык макулдашуу) ылайыктуулугу боюнча.
1. Кредиттик макулдашуу жана Гранттык макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына ылайык келишет, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин нормаларына каршы эмес.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, Кредиттик макулдашуу жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволорунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде жана Эл аралык иштер боюнча комитетинде макулдашылган. Кредиттик макулдашуу жана Гранттык макулдашууларга Кыргыз Республикасынын финансы министри А.Ү.Жапаров жана Түркия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нежат Акчал мырза кол коюшкан.
2. Макулдашууларды ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык натыйжалары жөнүндө.
Кредит каражат 20 жылга берилет, анын ичинде 7 жыл жеңилдиктүү мезгил, проценттик ставкасы жылдык 0,1%.
Кредиттик каражатты төмөндө аталган багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууда пайдалануу пландаштырылып жатат, алар:
- жолдорду реконструкциялоо;
- жабыркаган мектептерди реконструкциялоо;
- суу чарба объекттерин куруу;
- атайын техникаларды сатып алуу.
Гранттык макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгымды талап кылбайт, ал эми айрым кошумча маселелер Кыргыз Республикасынын өзүнчө эл аралык келишимдери жана нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу коомдук инфраструктураны жакшыртууга, экономикалык активдүүлүктү жана иш менен камсыздыкты стимулдаштырууга, элдин бардарлыгын жогорулатууга багытталат.