Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-июну № 458
«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык кезексиз тартипте кечиктирилгис катары кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Бул мыйзам уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү уюштуруучулук-укуктук негизин жана мамлекеттик саясатын аныктайт.
1-берене. Негизги терминдер жана түшүнүктөр
Уюшкан кылмыштуулук - Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары аныктаган белгилер менен мүнөздөлүүчү уюшкан кылмыштуу топтор, кылмыштуу коомдор (кылмыштуу уюмдар), куралдуу топтор (бандалар) тарабынан жүзөгө ашырылган ишмердик.
Уюшкан кылмыштуу түзүлүш - уюшкан кылмыштуу топ, кылмыштуу коом (кылмыштуу уюм), куралдуу топ (банда).
Уюшкан кылмыштуу түзүлүштүн лидери - уюшкан кылмыштуу топту, кылмыштуу коомду (кылмыштуу уюмду), куралдуу топту (банданы) түзгөн же ушундай кылмыштуу түзүлүштөргө жетекчилик кылган адам.
Уюшкан кылмыштуу түзүлүштүн мүчөсү - уюшулган кылмыштуу түзүлүштүн ишмердигине атайын катышкан жана мындай ишмердикти жүзөгө ашырууга көмөк көрсөткөн же болбосо аны колдоого жана өнүгүүгө шарттарды түзгөн адам.
Криминалдык идеология - криминалдык субмаданияттын көз-карашындагы социалдык баага негизделген адамдардын топтук аң-сезиминен жана көз-карашынан тарыхый түзүлгөн тутум.
Криминалдык субмаданият - коомчулуктун жалпыга таандык баалуулуктарга жана ченемдерге каршы турууга негизделген коомдогу, жашоону уюштуруунун кылмыштуу формасында көрсөтүлгөн өз алдынча псевдомаданияттык чөйрө.
Криминалдык макам - кылмыштуу дүйнөнүн эрежелеринде белгиленип аныкталган жана таанылган криминалдык иерархиядагы адамдын социалдык-укуктук абалы.
Кылмыштуу жашоо образы - коомдогу адептик жана моралдык ченемдерге терс кабыл алынып мүнөздөлгөн, уюшулган кылмыштуу түзүлүштөргө таандык экендигин түздөн-түз күбөлөндүрүп турган адамдын коомго жат жашоо образ ишмердиги.
Криминалдык иерархия - уюшулган кылмыштуу түзүмдөрдөгү адамдын абалы (макамы же ээлеген орду) жөнүндө көз-караштардын жана баалоонун тутуму.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттер - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишмердиги:
1) уюшкан кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле уюшулган кылмыштуулуктун пайда болууга жөндөмдүү шарттары менен себептерин табуу жана аларды жоюу боюнча (уюшулган кылмыштуулукту алдын алуу);
2) уюшкан кылмыштуу түзүмдөр тарабынан жасалган кылмыштарды табуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө боюнча.
Расмий эскертүү - уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын уюшулган кылмыштуулукка катышы бар адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын милдеттүү түрдө сактоого, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектебөөгө, укук бузууларды кылбоого берилүүчү жазуу түрүндөгү талап кылуусу.
Ыкчам-алдын ала каттоо - өзүнүн иш-аракети менен коомдук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү же уюшулган кылмыштуулуктун социалдык жана экономикалык өбөлгөлөрүн пайда кылуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарын түзүүгө мүмкүн болгон кылмыштуу түзүлүштөр жана адамдар тууралуу уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү органында калыптанып түзүлгөн маалыматтардын тутуму.
Каржылык жана мүлктүк абалды текшерүү - бул ыкчам-иликтөө иш чараларынын жыйынтыктарын бекемдөө максатында каржылык кирешелерге ээ болгон мыйзамдуулукту жана алынган мүлктүн негиздүүлүгүн текшерүүчү чаралар.
Атайын чаралар - уюшулган кылмыштуу түзүлүштөрдү түзүүнү алдын алууга, аларды ажыратууга, табууга, алдын алууга, бөгөт коюуга, айыбын ачууга жана алардын кылмыштуу ишмердиктеринин бетин ачууга багытталган алдын алуу мүнөздөгү чаралар.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдети
1. Ушул Мыйзамдын максаты уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракетти натыйжалуу камсыздоо болуп эсептелет.
2. Ушул Мыйзамдын милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жеке адамдардын жана юридикалык жактын укугун жана эркиндигин, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун уюшулган кылмыштуулуктан коргоо;
2) уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу;
3) уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин укуктук жана уюштуруучу негиздерин түзүү;
4) уюшкан кылмыштуулукка жөндөмдүү себебин жана шартын жоюу;
5) уюшкан кылмыштуу түзүлүштөргө катышы бар адамдардын кылмыштуу ишмердиктерин табуу жана токтотуу.
3-берене. Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү укуктук негиздери
Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык укуктук актылары, ошондой эле белгиленген мыйзамдык тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер.
4-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин принциптери
Уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракеттер төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндигин коргоо;
3) жоопкерчиликтин болушу;
4) гумандуулук жана адилеттүүлүк.
5-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракетти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар
Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракетти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракетти жүзөгө ашыруучу органдар (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар):
а) уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракетти камсыздоону, ушул Мыйзамдын алкагында маалыматтарды чогултууну, талдоону, сактоону жана пайдаланууну жүзөгө ашыруучу - ички иштер органы;
б) улуттук коопсуздук органы;
в) кылмыш-жаза аткаруу тутуму органы;
г) баңги заттарды контролдоо органы;
д) экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органы;
е) бажы органы;
2) уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракетке көмөк көрсөтүүчү органдар (мындан ары - көмөк көрсөтүүчү органдар):
а) прокуратура органы;
б) салык органы;
в) коргонуу органы;
г) каржылык чалгындоо органы;
д) мамлекеттик каттоо кызматы;
е) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
ж) Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы;
з) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
и) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
к) уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракеттер боюнча эл аралык кызматташуунун жалпы маселелерин координациялоочу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар.
6-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багыттары
Уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракеттин багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин укуктук жана уюштуруучу негиздерин түзүү, эл аралык кызматташтыкты уюштуруу;
2) маалыматтык камсыздоо;
3) уюшкан кылмыштуулукта жаралуучу себептерди жана шарттарды табуу, аларды жоюу;
4) уюшкан кылмыштуу түзүлүштөргө жана алардын ишмердигин каржылоо схемаларына бөгөт коюу;
5) уюшкан кылмыштуу түзүлүштөрдүн кылмыштуу ишмердигин, анын ичинен алардын ишмердигин каржылоо схемаларын табуу жана аларга бөгөт коюу;
6) күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана келтирилген зыяндарды кайтарууну камсыздоо;
7) мамлекеттик кызматчылар жана кызмат адамдары менен коррупциялашкан байланыштарга, аларды кылмыштуу ишмердикке тартууга бөгөт коюу;
8) уюшкан кылмыштуу түзүлүштөр кылмыштуу идеологияларды жана ар кандай кылмыштуу максаттарды жайылтуу максатында жарандардын бирикмесин же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдаланууга каршы иш жүргүзүү.
7-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү
Уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу иш-аракеттин укуктук жана уюштуруучулук негизин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттин концепциясын жана аны ишке ашыруу чараларынын программасын иштеп чыгат;
2) уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракет чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгат;
3) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы иш жүргүзгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын мүчөлүгүн камсыздайт;
4) уюшкан кылмыштуулукка каршы иш жүргүзгөн бөлүккө ыйгарым укуктуу жана көмөктөшүүчү органдардагы маалыматтарга натыйжалуу кирүүнү камсыздайт, аларды алуунун жана пайдалануунун тартиби менен шартын аныктайт;
5) уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттин абалы жөнүндө электрондук маалымат базасын иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн бирдиктүү шартты аныктайт;
6) ыйгарым укуктуу органды тиешелүү материалдык-техникалык жабдуу менен камсыздайт, өздүк курамдын жана анын үй-бүлөсүн коргоонун тутумдуу чараларын, ошондой эле коррупцияга каршы иш-аракеттин комплекстүү чараларын иштеп чыгат жана жайылтат.
2. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн түзүмүнө уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүн түзөт, ушул чөйрөгө кирген процесстерге талдоо жана божомолдоо (прогноздоо) жүргүзөт.
3. Уюшкан кылмыштуу түзүлүштүн ишмердигин табууну жана ага бөгөт коюуну ыйгарым укуктуу органдын уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүгү жүзөгө ашырат.
8-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракетти маалыматтык камсыздоо
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды чогултуу, сактоо, жалпылоо, талдоо жана пайдалануу максатында ыйгарым укуктуу жана финансылык чалгындоо органдары тиешелүү каттоо жүргүзөт.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракетти тиешелүү деңгээлде камсыздоого багытталган маалыматтык материалдарды жайылтууда көмөк көрсөтөт.
9-берене. Уюшкан кылмыштуулукту пайда кылган себептери менен шарттарын табуу жана жоюу
1. Уюшкан кылмыштуулукка жөндөмдүү болгон себептери менен шарттарын табуу бул чөйрөдөгү маалыматтарга тутумдуу талдоо жүргүзүү, илимий жалпылоо жана ой жүгүртүү аркылуу укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Уюшкан кылмыштуулукка жөндөмдүү болгон себептери менен шарттарын табуучу укук коргоо органы табылган себептер менен шарттарды жоюу үчүн бул маалыматтарды мамлекеттик органдарга же коомдук бирикмелерге жеткирет.
3. Уюшкан кылмыштуулукка жөндөмдүү болгон себептери менен шарттарын жоюу кылмыштуулукка каршы иш-аракеттин жалпы мамлекеттик программасынын алкагында саясий, укуктук, социалдык жана экономикалык мүнөздөгү комплекстүү чаралар аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Уюшкан кылмыштуулукка жөндөмдүү болгон себептери менен шарттарын жоюу жарандык коомдун түздөн-түз катышуусунда ишке ашырылат.
10-берене. Уюшулган кылмыштуу түзүлүштөрдүн түзүлүшүнө бөгөт коюу
1. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган чараларды пайдалануу менен уюшулган кылмыштуу түзүлүштөргө жаштарды жана башка адамдарды тартууга жол бербөө боюнча алдын ала чараларды ишке ашырат.
Бул ишмердиктин негизги формасы болуп ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашыруучу таасир этүүнүн алдын ала чаралары эсептелет.
2. Уюшкан кылмыштуулукка тиешелүү же криминалдык макамга ээ болгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан административдик кууп чыгууга дуушар болот.
3. Ыйгарым укуктуу орган уюшулган кылмыштуулукка тиешелүү же криминалдык макамга ээ болгон чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата тиешелүү органдарга алардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салуу тууралуу сунуш берет.
11-берене. Криминалдык идеологияны жайылтууга бөгөт коюу
1. Кыргыз Республикасында криминалдык идеологияны үгүттөөгө, ошондой эле криминалдык идеологияны үгүттөө максатын көздөгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, криминалдык иерархиядагы адамдын ролун же макамын жарыялоого тыюу салынат.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары, мамлекеттик органдар, билим берүү жана маданият мекемелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык криминалдык идеологияга каршы күрөшүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракетке жардам көрсөтүшөт.
12-берене. Алдын-ала таасир этүү чаралары
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы алдын ала таасир этүү чаралары (мындан ары - алдын-ала таасир этүү чаралары) мыйзамдуулуктун принциптерин сактоо, жеке укуктарды жана эркиндиктерди, гумандуулукту коргоо, ошондой эле ынандыруу менен мажбурлоонун айкалышкан принциптерин сактоо менен колдонулат.
2. Ушул Мыйзамдын 10-беренесинде каралган төмөнкүдөй таасир этүүнүн алдын-ала көрүлүүчү чаралардын негизинде колдонулушу мүмкүн:
1) расмий эскертүү;
2) ички иштер органдарынын ыкчам алдын-ала каттоосуна коюу;
3) сот милдеттерин жүктөө;
4) Кыргыз Республикасынын иш-аракеттеги мыйзамдарына ылайык каржылык жана мүлктүк абалды текшерүүчү ыйгарым укуктуу органга демилге берүү.
13-берене. Юридикалык жана жеке жактарга алдын-ала таасир эгүү чараларын колдонуу үчүн негиздер
Алдын алуу чаралары жеке жана юридикалык жактарга, ар кандай уюмдарга белгиленген мыйзамдык тартипте алынган маалыматтар төмөнкү адамдарга тиешелүү болуп калган учурларда колдонулат:
1) уюшкан кылмыштуу түзүлүштөрдүн же алардын катышуучулары менен байланышы бар болгон;
2) уюшкан кылмыштуу түзүлүштөрдүн ишмердигине каржылык жана ар кандай көмөк көрсөткөн;
3) уюшкан кылмыштуу түзүлүштөрдүн криминалдык идеологиясын колдогон;
4) уюшулган кылмыштуу ишмердиктин натыйжаларынан жана кызматтарынан пайдаланган, же уюшулган кылмыштуу түзүлүштөрдүн субъектилерине жана алардын кылмыштуу ишмердигинен көз каранды болгон, жашы жетпеген балдардан башка;
5) уюшкан кылмыштуу түзүлүштөрдүн курамына адамдарды тартуу менен алектенген жана криминалдык иерархиянын түзүмүн чындоого көмөк көрсөткөн.
14-берене. Расмий эскертүү берүүнүн тартиби жана натыйжасы
1. Ушул Мыйзамдын 10-беренесинде көрсөтүлгөндөрдүн эсебинде уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракет жүргүзгөн органдын жетекчиси тиешелүү адамга расмий эскертүү берүүгө кызмат адамына тапшырма берүүгө укуктуу.
2. Расмий эскертүү ыкчам - алдын ала каттоого коюуга толук маалымат жетишсиз болгон учурда, бирок маалымат боюнча уюшкан кылмыштуу түзүмдөрдүн лидерлери жана мүчөлөрү менен катыштыгы бар адамга карата жарыяланат.
3. Тиешелүү адамдарга карата расмий эскертүү боюнча чечим органдын жетекчиси бекиткен токтомго киргизүү жолу менен таризделет.
4. Расмий эскертүү тиешелүү адамдарга кол коюу, аткаруу жана таанышуу менен кулактандырылат.
5. Расмий эскертүүнүн талабын адамдар сактабаган учурда, ыйгарым укуктуу орган ал адамдарга алдын-алуунун таасир этүүнүн ар кандай чараларын колдонуу чечимин кабыл алат.
15-берене. Ыкчам - алдын-ала каттоосуна коюу
1. Расмий эскертүү берилген адам коомго дагы эле коркунуч туудуруп жаткан болсо, соттук актынын негизинде алдын ала-ыкчам каттоосуна коюлат.
2. Ыкчам - алдын-ала каттоого коюу ушул Мыйзамда каралган тартипте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда белгиленген формага ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Уюшкан кылмыштуу түзүлүштүн лидерлери жана анын мүчөлөрү ушул Мыйзамда каралган тартипте аларды уюшулган кылмыштуулукка тиешелүү адамдар тууралуу маалымат тутумуна киргизүү менен ыкчам алдын-алуу каттоосуна коюлат.
4. Ыкчам-алдын алуу каттоосуна коюу тууралуу чечими сот тарабынан кабыл алынат.
5. Ыкчам - алдын-ала каттоосуна коюлган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте сот органдарына даттануусу мүмкүн.
16-берене. Ыкчам - алдын-ала каттоосуна коюла турган субъектилер
Уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар адам катары ыкчам-алдын ала каттоонун тизмесине кире турган субъектилер аларды каттоого койгон учурдан тартып, он сегиз жашка толгон уюшулган кылмыштуу түзүлүштүн лидерлери жана алардын мүчөлөрү, ошондой эле криминалдык статуска ээ болгон жана сот аркылуу милдеттеме берилген адам болуп саналат.
17-берене. Ыкчам - алдын-ала каттоого коюунун негиздери
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы органдары же мамлекеттик башка органдардын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүнө тиешеси бар органдарында материалдар менен тастыкталган маалыматтар, кабарлар жана ошону менен бирге ал адамдын уюшулган кылмыштуулук уюмдарга тиешеси бар маалыматтар жана мыйзамсыз иш аракеттерге жигердүү катышуусу же анын кылмыштуу уюмдун жетекчиси экендиги ыкчам алдын ала каттоосуна коюунун негизи болуп саналат.
Ыкчам-иликтөө ишмердик өндүрүш укугу бөлүнгөн ар кандай мамлекеттик органдардан алынган ыкчам - алдын-ала каттоого коюлуучу адамдар тууралуу маалыматтар борбордоштурулган каттоого коюу үчүн белгиленген тартипте ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тутумуна берилет.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдары мамлекеттик башка ыкчам-иликтөө ишине тиешеси бар органдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ара иш алып барышат.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалымат кабарлардын булактары Кыргыз Республикасынын ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө иштеп жаткан мыйзамдын, ошондой эле жабык сот отурумунда угулган жана соттук протоколго катталган жарандардын оозеки көрсөтмөлөрүнүн бардык каражаттары болуп эсептелет.
18-берене. Ыкчам-алдын ала каттоого коюунун мөөнөтү
1. Ыкчам-алдын ала каттоого коюунун мөөнөтү адамды ыкчам-алдын ала каттоого коюу жөнүндө соттук акт чыккандан баштап алты айдан үч жылдык мөөнөттү түзөт.
Сот белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ыкчам- алдын ала каттоого коюлган адам каттоодон чыгарылат.
2. Эгер ыкчам-алдын ала каттоодон чыгарылгандан кийин ал адам кылмыштуу түзүлүштөрдүн катышуучусу болуп кала берсе, анда ал кайрадан каттоого тургузулат.
3. Эгер ыкчам-алдын ала каттоого коюлган адам административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылса, берилген мөөнөт административдик жазаны же кылмыш жазасын өтөп бүткөндөн кийин, кайрадан жаңыртып саналат.
19-берене. Ыкчам-алдын ала каттоого турган адамды көзөмөлдөө
1. Ыкчам-алдын ала каттоого турган адамды көзөмөлдөөчү органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын төмөнкүлөргө укугу бар:
1) белгиленген мыйзамдын тартибинде ыкчам-иликтөө чараларын ишке ашырууга;
2) адамдын келүүсүн талап кылууга жана текшерилип жаткан жагдай боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга;
3) алынган кирешелер боюнча маалыматты берүүнү талап кылууга;
4) иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык юридикалык жактардын, анын уюштуруу-укуктук жана менчик түрүнө карабастан, жетекчилерине жеке көзөмөлдөө астында турган адам жөнүндө маалымат берүү талабы менен кайрылууга;
5) жеке адамдан жашаган жерин өзгөрткөндүгү же ишмердиктин мүнөзү жөнүндө органга маалымдоону талап кылууга.
2. Адам органдын көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу кызмат адамынын мыйзамдуу көрсөтмөлөрүн жана талаптарын аткарууга милдеттүү.
Мыйзамдуу көрсөтмөлөрдү жана талаптарды аткарбагандыгы үчүн ыкчам - алдын-ала каттоодо турган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талабына ылайык жоопкерчиликти тартат.
3. Адамды көзөмөлдөөчү органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик жашыруун сырды жана мамлекеттик жашыруун сырга кирбеген башка жашыруун сырларды түзгөн маалыматтын сактыгын камсыз кылууга милдеттүү.
Мамлекеттик жашыруун сырды жана мамлекеттик жашыруун сырга кирбеген башка жашыруун сырды түзгөн маалыматты жарыялагандыгы үчүн уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча органдын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
20-берене. Ыкчам-алдын ала каттоодон чыгаруу үчүн негиздер
1. Адамды ыкчам-алдын ала каттоодон чыгаруу соттук актынын негизинде жүзөгө ашырылат:
1) коюлган мөөнөттөн эрте, эгер алдын ала таасир этүү чаралар аркылуу каттоого тургузуу максатына жеткендиги жөнүндө алынган маалымат анык болсо;
2) коюлган мөөнөттүн аякташы жана аны узартууга негиз болбосо;
3) эгер соттун чечими менен каттоого тургузуу мыйзамсыз деп аныкталса;
4) каттоого тургузулган адамдын өлүмүнө байланыштуу.
2. Ыкчам алдын-ала каттоодон чыгаруу боюнча чечимди каттоодо турган адамга билдирүү каты аркылуу маалымдалат.
21-берене. Сот менен жүктөлгөн милдеттерди дайындоонун тартиби
1. Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш жүргүзгөн органдын жетекчиси уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүгүнүн кызмат адамына сот менен жүктөлгөн милдеттер жөнүндө далилдүү сунуштама даярдоого ыйгарым укук берет.
2. Адамга сот актысы менен жүктөлгөн милдеттерди дайындоо боюнча сунуштамада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) далилдүү сунуштама түзгөн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы;
2) сот менен жүктөлгөн милдеттер дайындалып жаткан адамдын аты, фамилиясы, атасынын аты, жашаган жери, иштеген кызматы, кирешенин негизги булактары, үй-бүлөлүк абалы;
3) сот менен жүктөлгөн милдеттерди колдонуу зарылчылыгын негиздеген далилдер;
4) дайындоо үчүн сунушталган тапшырылган милдеттердин түрү, узактыгы жана шарттары;
5) адамдын коом үчүн коркунуч келтире алышы жөнүндө күбөлөгөн өтүнүчкө тиркеле турган материалдар.
3. Сот менен жүктөлгөн милдеттерди дайындоо жөнүндө негиздүү сунуштама, сот менен жүктөлгөн милдеттер дайындала турган адам жана органдын ыйгарым укуктугу кызмат адамынын катышуусу менен жергиликтүү сотто каралат.
4. Сот менен жүктөлгөн милдеттерди адамга дайындоо жөнүндө келип түшкөн сунуш 24 сааттын ичинде сот тарабынан каралат.
Сот, материалдар менен таанышып, түшүнүктөрүн уккандан кийин жеке адамга сот менен жүктөлгөн милдеттерди дайындоо же аны дайындоодон негиздүү баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Сот менен жүктөлгөн милдеттерди дайындоо жөнүндө соттун чечими кабыл алгандан баштап күчүнө кирет.
5. Сот менен жүктөлгөн милдеттерди дайындоо жөнүндө сунуштаманы кароодо катышуучу адамдар сотко түшүндүрмө берүүгө укуктуу. Сот органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы менен дайындалган баардык материалдар менен жарыялабастан таанышууга укуктуу.
Дайындалган материалдар боюнча маалыматты жарыялагандар Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жоопко тартылат.
6. Сот актысы менен жүктөлгөн милдеттер бир айдан алты айга чейинки мөөнөт ичинде дайындалат жана органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомунун негизинде бир жылга чейин узартылышы мүмкүн.
7. Сот менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу адам жана органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сот актысы боюнча мыйзамда аныкталган тартипте даттанууга укуктуу.
8. Сот актысы боюнча даттануу анын ишке ашуусуна тоскоолдук болбойт.
22-берене. Сот менен жүктөлгөн милдеттердин түрлөрү
1. Сот менен жүктөлгөн милдеттерин дайындоо жөнүндө сунуштаманы алгандан кийин жана органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан дайындалган баардык материалдар менен таанышып чыккандан кийин, сот төмөнкү бир же бир нече милдеттерди дайындашы мүмкүн:
1) органдын көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамына маалымдабай туруп, туруктуу жашаган жерин алмаштырбоо;
2) айкын эсептелген адамдар менен түздөн-түз, башка адамдар аркылуу, техникалык жана башка каражаттардын жардамы менен байланыш түзбөөгө;
3) ага белгиленген суткада жашаган жеринен эч кайда кетпөөгө;
4) сунуштамада көрсөтүлгөн жайларга барбоого;
5) автоунаа каражаттарын айдабоого;
6) көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамына беш жүз эсеп көрсөткүчтөрүнөн ашкан келишимдер жөнүндө маалымдап туруу;
7) мыйзамдуу түрдө алынган ок атуучу куралды ички иштер органдарына белгиленген тартипте убактылуу сактоого өткөрүп берүү, башка куралдарды алууга жана сактоого тыюу салуу.
2. Жүктөлгөн милдеттерди дайындоодо сот анын мөөнөтүнүн узактыгын белгилейт.
23-берене. Сот менен жүктөлгөн милдеттерди аткарууну көзөмөлдөө
Сот менен жүктөлгөн милдеттерди аткарууну көзөмөлдөө ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
24-берене. Сот менен жүктөлгөн милдеттерди аткарбоонун натыйжасы
Сот менен жүктөлгөн милдеттердин аткаруусун бузган ыкча - алдын-ала каттоодо турган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
25-берене. Каржы жана мүлктүк абалын текшерүүнү жүзөгө ашырууга тиешеси бар адамдар
Каржы жана мүлктүк абалын текшерүүнү жүзөгө ашырууга тиешеси бар адамдарга төмөнкүлөр кирет:
1) ыкчам-алдын-ала каттоодо тургандар;
2) ушул Мыйзамга ылайык сот менен аныкталган милдеттер жүктөлгөн адамдар.
26-берене. Каржылык жана мүлктүк абалды текшерүүнүн тартиби жана негиздери
1. Уюшкан кылмыштуулукка тиешелүү адамдар жөнүндө маалымат тутумуна адамды киргизүү жөнүндө соттун актысы күчүнө киргенден кийин ыкчам алдын-ала каттоодо турган мөөнөтү убагында катталган адамдын каржылык жана мүлктүк абалы текшерилет.
2. Катталган адамдын аныкталган кылмыштуу байланыштары, мүлктү, кирешени ээлөө шарттары, алган мүлктөрүнүн жана кирешелеринин мыйзамдуулугун тастыктаган документтер текшерүүгө алынат.
3. Уюшкан кылмыштуулукка тиешелүү адамдар жөнүндө маалымат тутумуна кирген адамдын каржы жана мүлктүк абалын текшерүү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси соттун чечимине ылайык кабыл алат.
4. Ыкчам алдын-ала каттоодо турган адамдын каржы жана мүлктүк абалын текшерүү соттук актынын негизинде жүргүзүлүп, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ыкчам алдын-ала каттоодо турган адамдын каржы жана мүлктүк абалын текшерүү жүктөлгөн кызмат адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) текшерүү жүргүзүүгө тиешелүү адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
3) текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгын жана максаттуулугун күбөлөгөн маалымат;
4) канча убакыт ичинде текшерүүнү жүргүзүү зарыл.
5. Текшерүүнү ушул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын кызмат адамы башка тиешелүү мамлекеттик органдардан чакырылган адистер менен бирдикте жүргүзөт.
27-берене. Каржы жапа мүлктүк абалын текшерүүнүн натыйжалары
1. Уюшкан кылмыштуулук түзүмдөрдүн пайдасына алынган мүлктөр менен кирешелер жөнүндөгү келишимдер коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген келишим деп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп эсептелинет.
2. Укук коргоо органдарында алдын-апа каттоодо турган адамдардын таасири менен жасалган жана ошондой эле сот менен жараксыз деп аныкталган бүтүмдөргө жана келишимдерге Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамындагы талаптар колдонулат.
28-берене. Ыйгарым укуктуу органдын функциялары
1. Ыйгарым укуктуу орган ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырат жана уюшулган кылмыштуу түзүлүштөргө, алардын уюштуруучуларына, жетекчилерине, башка катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган алдын алуу боюнча чара көрүүчү, ошондой эле алардын кылмыштуулук ишмердүүлүгүн аныктап чыгуу, алдын алуу, бөгөт коюу, чындыкка чыгаруу жана бетин ачуу боюнча тергөө органы болуп саналат.
2. Ыйгарым укуктуу орган колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча маселелерди чечүү үчүн керек болгон маалыматты расмий сураныч кат аркылуу жеке жана юридикалык жактардан, анын уюштуруу-укуктук жана менчик түрүнө карабастан, айкын адамдар, ишканалар же мекемелер боюнча алууга укуктуу.
3. Банктык жана коммерциялык жашыруун сырларды камтыган документтерди жана маалым-каттарды алуу соттук актылардын гана негизинде жүргүзүлөт.
29-берене. Ыйгарым укуктуу органды маалыматтык, каржы жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо
1. Уюшкан кылмыштуулук жөнүндө жана жеке адамдардын ага катыштыгы бардыгын күбөлөндүргөн фактылар тууралуу маалыматтарды чогултуу жана сактоо максатында ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында борбордук маалымат банкы түзүлөт.
2. Ички иштер органынын маалымат кызматы Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жана чет өлкөлүк жана эл-аралык уюмдардын кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматтарынын маалымат кызматы менен кызматташат жана уюшкан кылмыштуу түзүмдөрдүн лидерлери жана анын мүчөлөрү жөнүндө зарыл маалыматтарды алмашат.
3. Ыйгарым укуктуу органды каржы жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо республикалык бюджеттин эсебиндеги каражаттан ишке ашырылат.
4. Органды каржы жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржы булактарынын эсебинен жүргүзүлүшү да мүмкүн.
30-берене. Юридикалык жана жеке жактардын каржы-экономикалык аракеттерин, мүлк жана каржы абалын алдын-ала текшерүү
1. Юридикалык жана жеке жактардын уюшулган кылмыштуу түзүмгө же коррупцияга катыштыгы тууралуу жетиштүү маалыматтар болгондо, кылмыш иши козголгонго чейин соттун актысынын негизинде алдын ала текшерүү жүргүзүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу орган зарыл учурда алдын ала текшерүүгө мамлекеттик органдын жана юридикалык жактардын, анын уюштуруу-укуктук жана менчик түрүнө карабастан, адистерин тартууга укуктуу.
3. Ыйгарым укуктуу орган соттун чечиминин негизинде имаратты (турак-жайдан башкасын) андагы документтерди, акча жана материалдык каражаттары менен мөөр басууга жана көзөмөлгө алууга, ошондой эле тийиштүү протокол түзүү менен буюмду жана документти алууга укуктуу.
4. Юридикалык жак кылмыш ишмердүүлүгүнөн алынган каражаттарына иштегендиги жөнүндө маалымат алынганда, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамы менен каралаган тартипте чарбачылык субъектинин ишмердигин каттоодон алуу же кыскартуу, ошондой эле келишимдер менен бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө сотко доо көрсөтүү үчүн компетенттүү мамлекеттик органдарга өтүнүч киргизет.
31-берене. Юридикалык жана жеке жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын сактоо
1. Мамлекеттик органдын кызмат адамын жана материалдык-техникалык каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алардын компетенциясына каралбаган, кылмыштуулук менен күрөшүүгө байланышы жок тапшырманы аткарууга тыюу салынат.
2. Кылмыш жасаганга же башка мыйзам бузууга байланышпаган орган тарабынан алынган маалыматтар юридикалык жана жеке жактардын мыйзамдуу кызыкчылыгына жана укугуна зыян келтирүүгө колдонууга жана жарыя кылганга болбойт. Ушундай маалыматтарды камтыган документтер жана материалдар алынган убактан тартып бир жылдан ашпаган убакта жок кылынат.
32-берене. Мамлекеттик органдын ошондон эле юридикалык жактардын, алардын уюштуруу-укуктук жана менчик түрүнө карабастан, жетекчилеринин ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги
Мамлекеттик органдын, ошондой эле юридикалык жактардын, алардын уюштуруу-укуктук жана менчик түрүнө карабастан, жетекчилери ушул Мыйзамды өз компетенциясынын чегинде аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жоопко тартылат.
33-берене. Уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракетте мамлекеттик органдардын өз ара иш алып баруусу
1. Мамлекеттик органдар жана анын кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ошондой эле жарандар ыйгарым укуктуу органдарга уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары, ошондой эле белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүчү ченемдик укуктук актыларында жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2«пунктунда эсептелген органдар өздөрүнүн компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдарга уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү талаптарды аткарууда көмөк көрсөтөт.
34-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө эл аралык кызматташтык
Уюшкан кылмыштуулуктун бетин ачуу, бөгөт коюу, алдын алуу, аныктоо боюнча маселелер менен иштөөчү чет мамлекеттин тиешелүү органдары менен уюшулган кылмыштуулукка каршы аракеттенүүдө кызматташуу бекитилген мыйзам тартибинде күчкө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашат.
35-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине көзөмөл
Ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.
36-берене. Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракет чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөл
Уюшулган кылмыштуулукка каршы иш-аракет чөйрөсүндө мыйзамдардын так жана бирдей мүнөздө аткарылышына көзөмөлдү өзүнүн компетенциясынын чегинде прокуратура органы жүзөгө ашырат.
37-берене. Корутундулоочу жобо
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2011-жылдын 26-июлу № 60) күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|