Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну № 459
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө
Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин финансы жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүү аркылуу кадрлардын алмашуусун азайтуу жана кесиптик аппараттын туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул токтомдун 1-пункту менен жактырылган Ресурстук макулдашууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкү укуктар берилсин:
- тиешелүү жылга Министрликке республикалык бюджетте каралган финансылык каражаттарды өз алдынча пайдалануу;
- эмгек акы төлөөнүн пайдаланылбаган фондунун эсебинен түзүлгөн, үнөмдөлгөн акча каражаттарын өз алдынча тескөө, ошондой эле мыйзамга ылайык алынган атайын каражаттарды пайдалануу.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Министрликтин аскер кызматчыларын, кызматкерлерин жана тейлөөчү персоналын алардын ишин баалоонун негизинде сыйлоо тартибин жөнгө салуучу ведомстволук актыны бекитсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1. Негизги жоболор
1.1. Бул Ресурстук макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) анын Тараптары деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобонун негизинде аракеттенген өзгөчө кырдаалдар министри К.А.Боронов атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги) менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Финансы министрлиги жөнүндө жобонун негизинде аракеттенген финансы министри А.Ү.Жапаров атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги) ортосунда түзүлдү.
1.2. Бул Макулдашуунун негизги максаты болуп Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн милдеттерди жана иш-милдеттерди финансы жана адам ресурстарын бөлүштүрүүдө жана башкарууда анын жетекчилиги тарабынан оптималдуу чечимдерди кабыл алуу аркылуу ишке ашыруу боюнча мыкты натыйжаларга жетишүү саналат.
1.3. Бул Макулдашуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баардык үнөмдөлгөн финансы каражаттары толук боюнча анын тескөөсүндө калары белгиленет.
1.4. Бул Макулдашуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүүнү карабайт.
2. Макулдашуунун предмети
2.1. Бул Макулдашуунун предмети болуп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине финансы жана адам ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү эсептелет.
3. Финансы жана адам ресурстары
3.1 Финансы ресурстары болуп эмгек акы төлөө фондун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түшүүчү атайын каражаттарды кошкондо Өзгөчө кырдаалдар министрлигин каржылоого республикалык бюджетте каралган каражаттар эсептелет.
3.2. Адам ресурстары болуп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматчылары, мамлекеттик кызматкерлери жана кызматчылары эсептелет.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4.1. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкүлөргө укуктуу:
- сметалык арналыштарды кварталдар боюнча, республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде экономикалык классификациядагы сарптоолордун беренелери боюнча Финансы министрлигине белгиленген тартипте билдирүү менен өзгөртүүгө;
- иштөө процессинде үнөмдөлгөн финансы каражаттарын өз алдынча пайдаланууга, анын ичинде:
потенциалын жогорулатууну жана материалдык-техникалык базасын чыңдоону каржылоого;
атайын техникаларды сатып алууну жана кырсыктан-куткаруу каражаттары менен жабдуу жаатында алдынкы чет өлкөлүк ата мекендик технологияларды жана өндүрүштү ишке киргизүүнү каржылоого;
аскер кызматчыларын, кызматкерлерди жана кызматчыларды сыйлоого;
4.2. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ай сайын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына финансы каражаттарына болгон муктаждык жөнүндө өтүнмө берүүгө;
- бөлүнгөн финансы каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга, бухгалтердик жана финансы операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга так ылайыкта ишке ашырууга;
- финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлигине финансылык ресурстарынын белгиленген тартипте пайдаланылганы жөнүндө маалымат берүүгө.
4.3. Финансы министрлиги форс-мажордук жагдайлар болгон учурда өтүп жаткан жылга республикалык бюджетте бекитилген сарптоолорду кыскартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү менен тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн республикалык бюджетке кирешенин иш жүзүндө түшүүсүнө жараша каржылоо жүргүзүүгө укуктуу.
4.4. Финансы министрлиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бюджетти иштеп чыгууда, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоодо, макроэкономикалык кырдаалга негизденүү менен жана тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөлөрүн мүмкүнчүлүккө жараша эске алууга;
- тиешелүү айларга бекитилген каржылоо планына жараша, сметалык арналыштарга ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине республикалык бюджеттен каралган финансы каражаттарын өз убагында ай сайын толук көлөмдө бөлүүгө;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сунуштары боюнча сарптоолор сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.
5. Форс-мажордук жагдайлар
5.1. Форс-мажорлук жагдайлар болуп республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшүндө пайда болушу жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келиши мүмкүн болгон күтүлбөгөн жагдайлар эсептелет.
6. Корутунду жоболор
6.1. Тараптар бардык белгиленген иш-чараларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
6.2. Финансы каражаттарын натыйжалуу пайдаланууга жоопкерчиликти тараптар тартат.
6.3. Бул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана аны жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин бир тараптуу өзгөртүүгө же бузууга болбойт.
6.4. Бул Макулдашууга 2012-жылдын «____» _________ кол коюлду жана 2016-жылдын декабрына чейин жарактуу.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри _______________________ колу | Кыргыз Республикасынын каржы министри _________________________ колу |