Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну N 463
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
Аткаруучу бийлик органдарында жүргүзүлүп жаткан реформага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси";
- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
11-пунктунда:
сегизинчи абзацындагы "ведомствого караштуу" деген сөздөр алып салынсын;
расмий тилдеги текстинде "органов" деген сөз "органах" деген сөзгө алмаштырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 3-июлунда N 58 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ө.Бабанов |
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джаликов
|