Загрузка документа…
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-марты № 183
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 7-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти жөнүндө жободо:
аталышындагы жана бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "Мекеме" деген сөз менен алмаштырылсын;
9-пунктунун "а" пунктчасында:
- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- токой кадастры үчүн токой фондунун сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо, маалыматтар базасын түзүү, архивдештирүү;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |