Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №21
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" капчыгайында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5 жана 20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18 жана 33-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 261 "Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун "Жыргалаң" капчыгайында жайгашкан 136,0 га жерди Эки-Чат кениндеги пайдалуу казылмаларды иштетүү үчүн "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер Эки-Чат кенинде пайдалуу казылмаларды иштетүү үчүн "Минерал Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомуна ижара шартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик берген 2008-жылдын 23-октябрындагы № 2078 - МЕ лицензиясынын жарактуулук мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
"Минерал Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын жана алынбай калган пайданын суммаларын төлөөсүн;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Минерал Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы менен жер участокторуна ижара келишимин түзүүсүн;
регионду өнүктүрүү фондун түзүү менен Ак-Суу районун өнүктүрүү үчүн дүң кирешеден 1 процентти ай сайын которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен "Минерал Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомунун макулдашуу түзүүсүн;
пайдалуу казылмаларды казып алуу боюнча иштер аяктагандан кийин жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү.
5. "Минерал Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- берилген жер участкасында экологиялык жана техникалык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана пайдалануу бөлүгүндө эксперттик корутундулар менен белгиленген тартипте тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана колдонулуудагы нормалар жана эрежелерге ылайык макулдашуу жана экспертиза жүргүзүү;
- Ак-Суу районун өнүктүрүү фондуна дүң кирешеден 1 процентти ай сайын которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу түзүү.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |