Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №31
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тамак-аштын сапатын жакшыртуу жана микроэлементтердин жана витаминдердин тартыштыгы менен шартталган, Кыргыз Республикасынын калкынын ооруп калуу деңгээлин азайтуу боюнча чараларды көрүү жаатындагы иш-аракетти координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Азык-түлүк коопсуздугу кеңеши жөнүндө жободо:
- 1.1-пункту "жабдууну камсыз кылууга" деген сөздөрдөн кийин жана "тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча чараларга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.1. Кеңештин максаттары аткаруу бийлиги органдары тарабынан координацияланган жана оперативдүү чечимдерди кабыл алуу аркылуу тамак-аш азыктарына физиологиялык керектөөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын азык-түлүк менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу болуп саналат.";
- 2.2-пунктунда:
а) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"а) Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугунун стратегиялык багыттары жана азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;";
б) пунктчасы төмөнкү мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын калкынын тамак-аш түзүмүндө микроэлементтердин жана витаминдердин жетишсиздигине байланышкан ден соолуктун бузулушунун алдын алуу жана дарылоо максатында иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- зарыл маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана аткарылган иш-чаралардын натыйжаларын колдонуу;
- азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чараларды ишке ашырууну камсыз кылуу;";
3.1-пункт:
төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу;";
төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу маселелерин координациялоого;";
- 4.1-пунктта:
төртүнчү абзац "азык-түлүк коопсуздугунун маселелери боюнча документтердин долбоорлорун даярдоо" деген сөздөрдөн кийин "жана тамак-аштын сапатын жакшыртуу" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Кеңештин ишине, анын ичинде тамак-аш азыктарын фортификациялоо программаларын ишке ашырууга эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн аткаруу бийлик органдарынын, ишкердик субъекттеринин жетекчилерин, илимий жана билим берүү мекемелеринин, коомдук бирикмелердин, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |