Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-жылдын 8-октябры № 454
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 94, 2008-жылдын 9-июлундагы N 369 2009-жылдын 27-июнундагы N 416, 2010-жылдын 13-октябрындагы N 242, 2011-жылдын 1-июнундагы N 277, 2012-жылдын 12-январындагы № 31, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871, 2015-жылдын 28-сентябры № 665, 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 617 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Калкты биринчи керектелүүчү азык-түлүк товарлар менен камсыздоо жана азык-түлүк рыногундагы абалды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү курамда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеши түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы N 277, 2012-жылдын 12-январындагы №31, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871, 2015-жылдын 28-сентябры № 665 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 617 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңешинин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, тамактануу бөлүгү боюнча - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеши жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеши жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) кеңеш берүүчү орган болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт жана өлкөнү азык-түлүк менен туруктуу, үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу жана республиканын калкынын туура тамактануусу жагындагы чараларды жакшыртуу боюнча оперативдүү мүнөздөгү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын жана башка ченемдик актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин максаттары жана милдеттери
3. Кеңеш тамак-аш азыктарына болгон физиологиялык керектөөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо, калктын туура тамактануусу жаатындагы комплекстүү чараларды ишке ашыруу, аткаруу бийлик органдары тарабынан координацияланган жана оперативдүү чечимдерди кабыл алуу аркылуу оорулардын алдын алуу жана калктын жашоосунун сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.
4. Кеңештин милдеттери:
а) азык-түлүк коопсуздугунун стратегиялык багыттары жана Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
б) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдоо:
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ишке ашыруу;
- азык-түлүк коопсуздугунун жана тамактануунун негизги багыттарын, жылдык программаларын жана узак мөөнөттүү божомолдорун иштеп чыгуу;
- азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыздоого багытталган финансылык жана салык саясатын өркүндөтүү;
- айыл чарба сырьесунун экспортун жана импортун жөнгө салууну, айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктү сатып өткөрүүнү кошо алганда, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү коргоонун натыйжалуу чараларын иштеп чыгуу;
- менчиктин бардык түрүндөгү субъекттердин товарларынын азык-түлүк рыногуна жеткиликтүүлүгү аркылуу бирдей атаандаштык чөйрөнү камсыздоо;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жетишилген деңгээлинин төмөндөшүнө жол бербөө;
- Кыргыз Республикасынын калкынын тамак-аш түзүмүндө микроэлементтердин жана витаминдердин жетишсиздигинен улам ден соолуктун бузулушунун алдын алуу жана дарылоо максатында иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- зарыл маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана аткарылган иш-чаралардын натыйжаларын колдонуу;
- калктын туура тамактануусу жагында комплекстүү чараларды аткаруу боюнча ар дайым мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу;
- азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чараларды ишке ашырууну камсыздоо;
в) тышкы жана ички азык-түлүк рынокторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды четтетүү боюнча алдын алуучу чараларды иштеп чыгуу жана көрүү;
г) төмөнкүлөрдү кароо жана алар боюнча сунуштар:
- азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары, мамлекеттик программалар жана башка документтер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда, айрыкча алыс жана бийик тоолуу райондордо азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселелер боюнча;
- рационалдуу эмес тамактануу менен байланышкан оорулардын жайылышынын деңгээлин азайтуу жана алдын алуу, кеңири түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана калктын сергек жашоосунун негизи катары туура тамактанууну пропагандалоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын активдүү пайдалануу менен күчөтүү;
- билим берүү жана медицина мекемелеринде тамактанууну уюштуруу системасын андан ары иретке келтирүү, балдардын уюштурулган жамааттарында тамактануу рационун жакшыртуу, республиканын аймагында өндүрүлгөн жана чет өлкөдөн келүүчү тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк сырьелорунун сапатын контролдоонун таасирдүү механизмдерин киргизүү максатында ченемдик укуктук базаны жакшыртуу;
- ата мекендик тамак-аш азыктарын, өзгөчө эң маанилүү микронутриенттер менен байытылган продукцияларды өндүрүүгө өбөлгө түзүү жолу менен калктын туура тамактанууга болгон керектөөсүн камсыздоочу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү, жергиликтүү сырьенун негизинде тамак-аш азыктарын даярдоо, калк арасында туура тамактануу принциптерин киргизүүгө өбөлгө түзүүчү чөйрөнү калыптандыруу;
- калктын туура тамактануу чөйрөсүндө колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап чыгуу жана жаңыларын иштеп чыгуу;
д) тендердик негизде айыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктөрдү ата мекендик өндүрүүчүлөргө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан финансылык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- тамак-аш продуктуларын, анын ичинде балдар жана диеталык азыктарын өндүрүү, ошондой эле айыл чарба жашылча-жемиш жана эт-сүт продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттерди кызыктыруу үчүн болгон экономикалык механизмдерди жакшыртуу;
е) туура тамактануу жагында кеңири түшүндүрүү иштерин уюштурууга жана сергек жашоо образынын маданиятын калыптандырууга, социалдык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, басма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолордун спектрин кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү.
3. Кенештин функциялары
5. Кеңештин негизги функциялары төмөнкүлөр:
- азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу чаралары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөргө тиешелүү сунуштарды даярдоо:
- Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртууга;
- өлкөнүн азык-түлүк рынокторунун иштешинин туруктуулугуна;
- өлкөнүн калкын азык-түлүк менен камсыздоо боюнча оперативдүү чараларды каржылоо үчүн мамлекеттик финансы каражаттарын пайдаланууга;
- өлкөнүн азык-түлүк рыногунун абалын баалоого, азык-түлүк рыногуна мониторинг жүргүзүүнүн регламентин белгилөөгө;
- ушул рыноктогу мамлекеттик интервенциялардын же мамлекеттик сатып алуулардын негизги параметрлерин аныктоону, ошондой эле азык-түлүк рынокторундагы абалды оперативдүү турукташтыруу үчүн жөнгө салуунун башка инструменттерин колдонууну кошо алганда азык-түлүк рыногунда мамлекеттин жөнгө салуучу кийлигишүүсүнүн көлөмүн жана инструменттерин аныктоого;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун камсыздоого экономикалык жардамды жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктарын аныктоого;
- тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу маселелерин координациялоого;
- Кеңеш тарабынан аныкталган өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо боюнча башка маселелерди кароого.
4. Кеңештин укуктары
6. Кеңеш өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерден Кеңештин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча маалыматтарды сурап алууга;
- өздөрүнүн жыйындарында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн маалыматтарын угууга;
- азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануунун сапатын жакшыртуу маселелери боюнча документтердин долбоорлорун даярдоо үчүн жооптуу ведомстволор аралык, жумушчу, эксперттик топтордун өкүлдөрүнүн отчетторун угууга;
- Кеңештин ишине, анын ичинде тамак-аш азыктарын фортификациялоо программаларын ишке ашырууга эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн аткаруу бийлик органдарынын, ишкердик субъекттердин жетекчилерин, илимий жана билим берүү мекемелеринин, коомдук бирикмелердин, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- Кеңештин кароосуна киргизилүүчү материалдарды өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистеринен жумушчу топторду түзүүгө;
- азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизүүгө.
5. Кеңештин курамы жана иш тартиби
7. Кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
8. Кеңештин ишин Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин төрагасы, ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.
9. Кеңештин жыйыны зарылчылыкка жараша өткөрүлөт жана ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда мыйзамдуу болуп саналат.
10. Кеңештин мүчөлөрү:
- анын жыйындарына алмаштыруу укугусуз катышат;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды Кеңештин кароосуна киргизүүгө укуктуу.
11. Кеңештин чечимдери жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең бөлүштүрүлүп калса, төрага добуш берген чечим кабыл алынат.
12. Кабыл алынган чечимдер Кеңештин жыйындарынын протоколдору түрүндө таризделет. Жыйындардын протоколдору жана Кеңештин иши жөнүндө башка маалыматтар Кеңештин жыйыны өткөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө Кеңештин мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар адамдарга жеткирилет.
13. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык жактан камсыздоону Кеңештин жумушчу органы ишке ашырат.
6. Кеңештин жыйындарын даярдоонун тартиби
14. Кеңештин кароосуна киргизилүүчү материалдарды даярдоо үчүн Кеңештин жумушчу органдары жана маселенин демилгечиси жооптуу болот.
15. Каралуучу маселенин демилгечиси негизги баяндаманы даярдайт жана бул маселе боюнча кошо баяндама жасоочулардын тизмесин, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин, Кеңештин жыйынына кошумча чакырылгандардын тизмесин жана чечимдин долбоорун берет.
16. Материалдар жыйын өткөнгө чейин кеминде жети күн мурда Кеңештин жумушчу органына берилет.