Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №34
"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2009-ж., № 725, 14-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-бөлүктөгү 14-берененин:
экинчи абзацындагы "2012" деген сандар "2017" деген сандарга алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "2013" деген сандар "2018" деген сандарга алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "2014" деген сандар "2019" деген сандарга алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Ушул токтомдун жана мыйзамдын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык иштелип чыкты.
"Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жергиликтүү сотторго сот арачылар институтун киргизүү шарты каралып, кийинки тартипте көрсөтүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары жана Ош областы үчүн 2012-жылдын 1-январынан баштап;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл областтары үчүн 2013-жылдын 1-январынан баштап;
- Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын жана Талас областтары жана Аскердик соту үчүн - 2014-жылдын 1-январынан баштап киргизилген.
Бирок азыркы күндө, бир дагы жергиликтүү соттордун имараттары соттук отурумдарында сот арачылардын катышуусу менен жүргүзүүгө ылайыкташтырылган эмес.
Азыркы учурда сот системасы республикалык бюджеттен жетиштүү каржыланбагандыктан, ошондой эле материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жактары чечилбегендиктен, "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мүмкүн эмес, анткени бюджеттик ресурстар өтө эле чектелүү жана 2011-2013-жылдарга республикалык бюджетте чоң дефицит болгондуктан, 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджетте каралган чыгаша беренелери ачылган эмес:
3111-берене "Имарат жана курулуштар" - 4800,0 миң сом;
3112-берене "Автоунаа жана жабдуулар" - 2640,0 миң сом.
Каржылоо ачылбагандыктан, жаңы курулуштар үчүн жер бөлүнүп берүүнүн маселеси чечилбегендиктен, болгон имараттарды жасалмалап өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу жана убакыттын жетишпегендигинен, "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу убакытын узартуу зарылчылыгы келип чыгууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин деректири |
А.Таджибаев |
┌──┬───────┬─────────────────┬───────────────────┬────────────────────┐
│ │ │ Колдонулуп │Сунушталып жаткан │Жыйынтыктоочу акыркы│
│№ │Статья │ жаткан норма │ өзгөртүү │ вариант │
├──┼───────┼─────────────────┼───────────────────┼────────────────────┤
│1 │14 бер.│- Кыргыз │- Кыргыз │- Кыргыз │
│ │1 пун. │Республикасынын │Республикасынын │Республикасынын │
│ │2, 3, │Бишкек шаары │Бишкек шаары жана │Бишкек шаары жана Ош│
│ │4 абз- │жана Ош │Ош областтары үчүн │областтары үчүн │
│ │тары │областтары үчүн │2017-жылдын │2017-жылдын │
│ │ │2012-жылдын │1-январынан баштап;│1-январынан баштап; │
│ │ │1-январынан │ │ │
│ │ │баштап; │ │ │
│ │ │- Кыргыз │- Кыргыз │- Кыргыз │
│ │ │Республикасынын │Республикасынын │Республикасынын │
│ │ │Жалал-Абад, Чүй │Жалал-Абад, Чүй │Жалал-Абад, Чүй жана│
│ │ │жана Ысык-Көл │жана Ысык-Көл │Ысык-Көл областтары │
│ │ │областтары үчүн │областтары үчүн │үчүн 2018-жылдын │
│ │ │2013-жылдын │2018-жылдын │1-январынан баштап; │
│ │ │1-январынан │1-январынан баштап;│ │
│ │ │баштап; │ │ │
│ │ │- Кыргыз │- Кыргыз │- Кыргыз │
│ │ │Республикасынын │Республикасынын │Республикасынын │
│ │ │Баткен, Нарын │Баткен, Нарын жана │Баткен, Нарын жана │
│ │ │жана Талас │Талас областтары │Талас областтары │
│ │ │областтары жана │жана Аскердик соту │жана Аскердик соту │
│ │ │Аскердик соту │үчүн - 2019-жылдын │үчүн - 2019-жылдын │
│ │ │үчүн - │1-январынан баштап.│1-январынан баштап. │
│ │ │2014-жылдын │ │ │
│ │ │1-январынан │ │ │
│ │ │баштап. │ │ │
└──┴───────┴─────────────────┴───────────────────┴────────────────────┘
Деректир |
А.Таджибаев |