Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-январы №37
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Т.Кочкоров, А.Т.Сулайманов жана Д.Ш.Исаева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-январындагы № 37 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Т.Кочкоров, А.Т.Сулайманов жана Д.Ш.Исаева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен МВФтин ортосундагы 2011-2014-жылдарга карата экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү программа колдонулуучу мөөнөттүн ичинде жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизбөөгө милдеттенген. Ошондой эле, 2011-жылдын бюджетин жана 2012-2013-жылдарга карата болжолду түзүү процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү фискалдык саясат стабилдүү, туруктуу жана баланстуу болот деп билдирген. Ага ылайык, сарптоолорду өз убагында жана толук каржылоо, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн бюджетти стабилдештирүү максатында, мамлекеттик бюджеттин финансылык мүмкүндүгү орчундуу чектелип турган шартта фискалдык саясат мыйзамдык базанын стабилдүүлүгүн жана баланстуулугун чыңдоого багытталууга тийиш.
Ар кандай салыктык преференсияларды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билдирген структуралык параметрлердин аткарылбай калышына алып келип, анын натыйжасында эл аралык финансылык донорлордун тынчсыздануусун жаратышы мүмкүн.
КНС салынчу жабдуу-берүүлөрдү сатыктан алынчу салыктан бошотууну белгилеген каралып жаткан бул мыйзам долбоору төмөнкүдөй натыйжаларга дуушарлантат:
- биринчиден, салык төлөөчүлөр 2010-жылдагы сатыктан алынчу салык боюнча беришкен сатыктык отчеттордун маалыматтарынын негизинде эсептелген 5164,2 млн. сомдун тегерегинде киреше мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө алынбай калат;
- экинчиден, жеңилдиктер КНС төлөөчү катары катталбаган салык төлөөчүлөр ишке ашыруучу жабдуу-берүүлөргө берилет.
Салык чөйрөсүндө мыйзам чыгаруу демилгесин баштаганда салыкты жеңилдетүү маселесин өлкөнүн бүткүл экономикасы менен байланыштырып караган комплекстүү мамиле керектигин белгилемекчибиз. Ставканы азайтаарда, кандайдыр бир салыкты жоердо же салыкты төлөөдөн бошотоордо адегенде бюджеттин алынбай калчу кирешесинин ордун толтуруучу альтернативдүү булактарды аныктоо зарыл. Андай болбосо, бюджеттик каражат абдан чектелүү шартта бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайтылышы экономикалык жана социалдык жактан кесепеттерге дуушарлантышы мүмкүн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылчу чыгымдарды караштырган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттен каржылоону пайда кылуучу нормативдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынышпайт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Мыйзамынын 19-беренесине ылайык:
- ишкердикти жөнгө салууга багытталган нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна жөнгө салуучу таасирдин анализи жасалууга тийиш;
- эгер иштеп чыгуучу жөнгө салуучу таасирдин анализинин негизинде даярдалган негиздеме бербесе, нормативдик укуктук актынын долбоору кайра жиберилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, ишкердик маселеси боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочу, гендерлик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка илимий экспертизага алынууга тийиш (нормативдик укуктук актынын долбоору жөнгө салууга багытталган укуктук мамилелерге жараша).
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылар ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Ушул айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КНС төлөөчүлөрдү сатуудан алынчу салыктан бошотуу бюджеттин алынбай калынчу киреше бөлүгүнүн ордун толтуруучу альтернативдүү булактар аныкталгандан кийин гана мүмкүн деп эсептейт.
|
|