Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы №46
"Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 66-3-берененин экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камак салууга алып келет.".
2. 564-берененин 1-пункту "майда бейбаштык" деген сөздөрдөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 565-берененин 3-бөлүгү "майда бейбаштык" деген сөздөрдөн кийин ", үй-бүлөлүк зомбулук" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук кепилдиктерин мындан ары бекемдөө, ошондой эле ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууда жана алдын алууда ыйгарым укуктарын бекемдөө максатында, Ички иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.
Бул мыйзам долбоору ички иштер органдарынын кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу жана алдын алуу боюнча милдеттерин кыйла сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүк берет жана жарандарга үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргонуу үчүн натыйжалуу иш-чараларды сунуштайт. Сунушталып жаткан инновациялар кошумча каржылоону жана жумуш жамаатын кеңейтүүнү талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын АЖжКга "Үй-бүлөлүк зомбулук" деген түшүнүктү киргизүүгө чейин, үй-бүлөлүк чөйрөдөгү укук бузуулар Кыргыз Республикасынын АЖжКнын "Майда бейбаштык" деген 364-беренеси менен жөнгө салынчу, анын санкциясында эсептешүү көрсөткүчтөрүндө үчтөн бешке чейинки административдик айып салуу же он беш суткага чейинки мөөнөткө административдик камакка алуу каралган. Азыркы учурда үй-бүлөлүк зомбулук АЖжКнын "Үй-бүлөлүк зомбулук" деген 66-3-беренеси менен жөнгө салынып, анда эсептик көрсөткүчтөрдө бештен онго чейинки айып салуу түрүндөгү жаза каралган. Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулук кылган адамдарга убактылуу коргоо ордерлерин берет жана коргоо соттук ордерлерин берүү үчүн материалдарды даярдайт.
2008-2009-жылы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзамдын ички иштер органдары тарабынан аткарылышы талдангандан кийин, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айып салуу, көпчүлүк учурларда, натыйжасыз административдик таасир этүү чарасы экендиги айкын болгон. Материалдык ресурстары чектелген үй-бүлөлөр үчүн, айып салуу чарасы үй-бүлөлүк бюджетке кошумча оордук келтирет: адатта, мындай үй-бүлөлөрдө зомбулуктун күнөөкөрү туруктуу эмгек акы албайт, ал эми үй-бүлөлүк бюджетти, негизинен, жабыр тарткан адамдардын бааракылары, жөлөкпулдары жана кирешелери түзөт, демек, жабыр тарткандар салынган айыпты төлөөгө аргасыз болушат. Соттук тажрыйбанын материалдарын талдоо иши айгинелегендей, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын АЖжКнын "Үй-бүлөлүк зомбулук" 66-3-беренеси боюнча, бардык соттук чечимдерде мүмкүн болушунча эң төмөн айып белгиленген, баса белгилей кетүүчү нерсе, талдоо жүрүп жаткан учурда салынган айыптардын жарымы алигиче төлөнө элек болгон. Колунда жок үй-бүлөлөрдөн айыпты төлөтүү өтө машакаттуу иш, ага сот аткаруучуларынан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлери да кийлигишүүгө мажбур болушат. Сунушталган мыйзам долбоорунда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айып гана эмес, административдик камакка алуу мүмкүнчүлүгү да каралган, бул кээ бир учурларда бир кыйла натыйжалуу чара болушу мүмкүн. Административдик камакка алуу, материалдык абалына карабастан, бардык үй-бүлөлөр үчүн натыйжалуу чара болуп, үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрү үчүн дагы, башка адамдар үчүн дагы жаңы административдик укук бузуулардын жасалбашы жөнүндө жакшы эскертүү болот.
Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча чакырууларга барган милициянын ишин талдоонун натыйжасында, 10 үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрүнүн ичинен 9 ичкилик ичип жана баңги затка мас болуп чыр салышкандыгы айкын болгон. Адатта, зомбулуктун күнөөкөрлөрүнүн албууттангандыгы эң жогорку чегине жетет, ошондуктан аларга мындан дагы оор кылмыштарды жасаганга, анын ичинде киши өлтүргөнгө жол бербөө үчүн, зомбулуктун күнөөкөрүн үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн бөлүп, окчун кармаш керек. Бирок, бүгүнкү күнү милиция органдарынын коомго коркунуч келтирген ушундай адамдарды убактылуу кармоо үчүн ыйгарым укуктары жок, андыктан, милициянын үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу жана алдын алуу боюнча иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кескин мүнөздө төмөндөтөт. Сунушталган мыйзам долбоору ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук кылган адамдарды убактылуу кармоо жана аларды үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн бөлүп коюу үчүн укуктук мүмкүнчүлүк берет.
Жогоруда айтылгандын негизинде, "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун кабыл алынышы максатка ылайыктуу болот деп эсептейбиз, бул жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук кепилдиктерин жогорулатууга, милициянын үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча иш-милдеттеринин аткарылышынын сапатын жакшыртууга, жарандардын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча милицияга көбүрөөк кайрылууга, коргоо ордерлеринин статусун жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин кирешелүүлүгүн үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрүнүн эмгегинин эсебинен жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик-укук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, ушул мыйзам долбоорун жалпы талкууга алуу үчүн, 21.04.2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланган. Талкуунун жүрүшүндө эч кандай эскертүүлөр жана сунуштар келип түшкөн эмес.
Министр | З.Рысалиев |
┌─┬─────────────────────────────────┬─────────────────────────────────┐
│№│ Колдонуудагы редакция │ Сунуш кылынуучу толуктоолор │
│ │ │ менен редакциясы │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│1│66-3-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулук│66-3-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулук│
│ │ │ │
│ │Үй-бүлөдөгү зомбулук - үй-бүлөнүн│Үй-бүлөдөгү зомбулук - үй-бүлөнүн│
│ │бир мүчөсүнүн башка мүчөсүнө │бир мүчөсүнүн башка мүчөсүнө │
│ │(кара күч, психикалык, │(кара күч, психикалык, │
│ │сексуалдык) ар кандай атайылап │сексуалдык) ар кандай атайылап │
│ │жасаган каршы аракеттери, эгерде │жасаган каршы аракеттери, эгерде │
│ │мындай аракеттер үй-бүлө │мындай аракеттер үй-бүлө │
│ │мүчөсүнүн конституциялык жана │мүчөсүнүн конституциялык жана │
│ │башка укуктары менен │башка укуктары менен │
│ │эркиндиктерин кысымга алса, │эркиндиктерин кысымга алса, │
│ │саламаттыгына жеңил зыян │саламаттыгына жеңил зыян │
│ │келтирсе, дене боюн же психикасын│келтирсе, дене боюн же психикасын│
│ │жабыркатса, жаш курагына жана │жабыркатса, жаш курагына жана │
│ │жынысына карабастан үй-бүлө │жынысына карабастан үй-бүлө │
│ │мүчөсүнүн дене бой жана │мүчөсүнүн дене бой жана │
│ │психикалык жагынан өнүгүшүнө зыян│психикалык жагынан өнүгүшүнө зыян│
│ │келтирсе, жана бул аракеттер үчүн│келтирсе, жана бул аракеттер үчүн│
│ │жазык жоопкерчилиги каралган │жазык жоопкерчилиги каралган │
│ │квалифицирленүүчү белгилер │квалифицирленүүчү белгилер │
│ │болбосо, │болбосо, │
│ │- эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен │- бештен онго чейинки эсептешүү │
│ │онго чейинки өлчөмүндө │көрсөткүчтөрүндөгү │
│ │администрациялык айып салууга │администрациялык айып салууга же │
│ │алып келет. │беш суткага чейинки │
│ │ │администрациялык арест салуу │
│ │ │менен катар убактылуу коргоо │
│ │ │ордерин берүүгө алып келет. │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│2│564-статья. Администрациялык │564-статья. Администрациялык │
│ │ кармоону жүзөгө │ кармоону жүзөгө │
│ │ ашырууга укук │ ашырууга укук │
│ │ берилген органдар │ берилген органдар │
│ │ │ │
│ │Администрациялык укук бузган │Администрациялык укук бузган │
│ │адамды администрациялык кармоо │адамды администрациялык кармоо │
│ │Кыргыз Республикасынын мыйзамдары│Кыргыз Республикасынын мыйзамдары│
│ │тарабынан андайга ыйгарым укук │тарабынан андайга ыйгарым укук │
│ │берилген органдар (кызмат │берилген органдар (кызмат │
│ │адамдары), айтканда: │адамдары), атап айтканда: │
│ │1) майда бейбаштык жасалганда, │1) майда бейбаштык, үй-бүлөдө │
│ │чогулуштарды, митингдерди, көчө │зомбулук жасалганда, │
│ │жүрүштөрүн жана демонстрацияларды│чогулуштарды, митингдерди, көчө │
│ │уюштуруунун жана өткөрүүнүн, │жүрүштөрүн жана демонстрацияларды│
│ │ишине тыюу салынган бирикмелерди │уюштуруунун жана өткөрүүнүн, │
│ │түзүүнүн тартиби бузулганда, ага │ишине тыюу салынган бирикмелерди │
│ │активдүү катышканда, өзгөчө абал │түзүүнүн тартиби бузулганда, ага │
│ │шарттарында белгиленген талаптар │активдүү катышканда, өзгөчө абал │
│ │бузулганда, милициянын │шарттарында белгиленген талаптар │
│ │кызматкерлеринин, коомдук │бузулганда, милициянын │
│ │тартипти камсыз кылуу жана │кызматкерлеринин, коомдук │
│ │кылмыштуулукка капшы күрөшүү │тартипти камсыз кылуу жана │
│ │боюнча кызматтык милдеттерин же │кылмыштуулукка каршы күрөшүү │
│ │коомдук парзын аткарып жүргөн │боюнча кызматтык милдеттерин же │
│ │адамдардын мыйзамдуу буйругуна │коомдук парзын аткарып жүргөн │
│ │жана талаптарына кыянаттык менен │адамдардын мыйзамдуу буйругуна │
│ │баш ийбегенде, товарларды жана │жана талаптарына кыянаттык менен │
│ │башка буюмдарды мыйзамсыз │баш ийбегенде, товарларды жана │
│ │сатканда, спирт ичимдиктерин │башка буюмдарды мыйзамсыз │
│ │коомдук орундарда ичкенде же │сатканда, спирт ичимдиктерин │
│ │адамдык ар-намысты жана коомдук │коомдук орундарда ичкенде же │
│ │адеп-аклакты мазактаган мас │адамдык ар-намысты жана коомдук │
│ │абалда коомдук орундарда │адеп-аклакты мазактаган мас │
│ │көрүнгөндө, жол кыймылынын │абалда коомдук орундарда │
│ │эрежелерин, аңчылык эрежелерин │көрүнгөндө, жол кыймылынын │
│ │бузганда ички иштер органдары; │эрежелерин, аңчылык эрежелерин │
│ │2) салык мыйзамдары бузулганда - │бузганда ички иштер органдары; │
│ │салык кызматынын же финансы │2) салык мыйзамдары бузулганда - │
│ │полициясынын кызмат адамдары; │салык кызматынын же финансы │
│ │3) бажы органдарынын ишине шек │полициясынын кызмат адамдары; │
│ │келтирген администрациялык укук │3) бажы органдарынын ишине шек │
│ │бузууларга жол берилгенде - бажы │келтирген администрациялык укук │
│ │органынын кызмат адамдары; │бузууларга жол берилгенде - бажы │
│ │4) балык коргоо, токой чарба жана│органынын кызмат адамдары; │
│ │аңчылык инспекциясынын кызмат │4) балык коргоо, токой чарба жана│
│ │адамдары; │аңчылык инспекциясынын кызмат │
│ │5) корголуучу объекттерге, башка │адамдары; │
│ │мамлекеттик же коомдук мүлккө кол│5) корголуучу объекттерге, башка │
│ │салуу менен байланышкан укук │мамлекеттик же коомдук мүлккө кол│
│ │бузуулар жасалганда - │салуу менен байланышкан укук │
│ │аскерлештирилген күзөттүн кызмат │бузуулар жасалганда - │
│ │адамдары; │аскерлештирилген күзөттүн кызмат │
│ │6) техникалык каражаттар │адамдары; │
│ │(автомототранспорттон тышкары) │6) техникалык каражаттар │
│ │тарабынан жол кыймылынын │(автомототранспорттон тышкары) │
│ │эрежелери бузулганда - Башкы │тарабынан жол кыймылынын │
│ │мамлекеттик техникалык │эрежелери бузулганда - Башкы │
│ │инспекциянын кызмат адамдары; │мамлекеттик техникалык │
│ │7) Кыргыз Республикасынын │инспекциянын кызмат адамдары; │
│ │Куралдуу Күчтөрүнүн транспорт │7) Кыргыз Республикасынын │
│ │каражаттарын башкарган айдоочулар│Куралдуу Күчтөрүнүн транспорт │
│ │же башка адамдар тарабынан жол │каражаттарын башкарган айдоочулар│
│ │кыймылынын эрежелери бузулганда -│же башка адамдар тарабынан жол │
│ │аскердик автомобиль │кыймылынын эрежелери бузулганда -│
│ │инспекциясынын кызмат адамдары; │аскердик автомобиль │
│ │8) чек аралык режим же Кыргыз │инспекциясынын кызмат адамдары; │
│ │Республикасынын мамлекеттик чек │8) чек аралык режим же Кыргыз │
│ │арасы аркылуу өткөрүүчү │Республикасынын мамлекеттик чек │
│ │пункттардагы режим бузулганда - │арасы аркылуу өткөрүүчү │
│ │чек ара аскерлери; │пункттардагы режим бузулганда - │
│ │9) суу жана аба кемелеринин │чек ара аскерлери; │
│ │капитандары, - тарабынан гана │9) суу жана аба кемелеринин │
│ │жүргүзүлүшү мүмкүн. │капитандары, - тарабынан гана │
│ │ │жүргүзүлүшү мүмкүн. │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│3│565-статья. Администрациялык │565-статья. Администрациялык │
│ │ кармоонун мөөнөттөрү │ кармоонун мөөнөттөрү │
│ │ │ │
│ │Администрациялык укук бузган │Администрациялык укук бузган │
│ │адамды администрациялык кармоонун│адамды администрациялык кармоонун│
│ │мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш.│мөөнөтү үч сааттан ашпоого тийиш.│
│ │Адаттан сырткары учурларда │Адаттан сырткары учурларда │
│ │белгилүү бир жашаган жери жок │белгилүү бир жашаган жери жок │
│ │адамдарга карата өзгөчө │адамдарга карата өзгөчө │
│ │зарылдыкка байланыштуу соттун │зарылдыкка байланыштуу соттун │
│ │чечими боюнча кабыл алып │чечими боюнча кабыл алып │
│ │бөлүштүргүчтөрдө кармоо аркылуу │бөлүштүргүчтөрдө кармоо аркылуу │
│ │администрациялык кармоонун он беш│администрациялык кармоонун он беш│
│ │суткага чейинки, ал эми андай │суткага чейинки, ал эми андай │
│ │жайлар учурда убактылуу │жайлар учурда убактылуу │
│ │изолятордо кармоонун он суткага │изолятордо кармоонун он суткага │
│ │чейинки башка мөөнөттөрү │чейинки башка мөөнөттөрү │
│ │белгилениши мүмкүн. │белгилениши мүмкүн. │
│ │Чек ара режимин же Кыргыз │Чек ара режимин же Кыргыз │
│ │Республикасынын мамлекеттик чек │Республикасынын мамлекеттик чек │
│ │арасы аркылуу өткөрүү │арасы аркылуу өткөрүү │
│ │пункттарындагы режимди бузган │пункттарындагы режимди бузган │
│ │адамдар протокол түзүү үчүн үч │адамдар протокол түзүү үчүн үч │
│ │саатка чейинки мөөнөткө, ал эми │саатка чейинки мөөнөткө, ал эми │
│ │зарыл учурларда, эгерде укук │зарыл учурларда, эгерде укук │
│ │бузуучулардын өздөрүнүн инсанын │бузуучулардын өздөрүнүн инсанын │
│ │ырастоочу документтери жок болсо,│ырастоочу документтери жок болсо,│
│ │инсандын аныгына жетүү жана укук │инсандын аныгына жетүү жана укук │
│ │бузуунун жагдайларын тактоо үчүн │бузуунун жагдайларын тактоо үчүн │
│ │кармалган учурдан тартып бул │кармалган учурдан тартып бул │
│ │жөнүндө жыйырма төрт сааттын │жөнүндө жыйырма төрт сааттын │
│ │ичинде прокурорго кат түрүндө │ичинде прокурорго кат түрүндө │
│ │билдирүү менен үч саатка чейинки │билдирүү менен үч саатка чейинки │
│ │мөөнөткө кармалышы мүмкүн. │мөөнөткө кармалышы мүмкүн. │
│ │Майда бейбаштык, ишине тыюу │Майда бейбаштык, ҮЙ-БҮЛӨДӨ │
│ │салынган бирикмелерди түзүүнү │ЗОМБУЛУК ишине тыюу салынган │
│ │жана аларга активдүү катышуучу, │бирикмелерди түзүүнү жана аларга │
│ │өзгөчө абалдын шарттарында │активдүү катышуучу, өзгөчө │
│ │белгиленген талаптарды бузууну │абалдын шарттарында белгиленген │
│ │жасаган адамдар судья же ички │талаптарды бузууну жасаган │
│ │иштер органдарынын башчысы │адамдар судья же ички иштер │
│ │(башчысынын орун басары) │органдарынын башчысы (башчысынын │
│ │тарабынан иш каралганга чейин бул│орун басары) тарабынан иш │
│ │жөнүндө прокурорго кармалган │каралганга чейин бул жөнүндө │
│ │учурдан тартып 24 сааттын ичинде │прокурорго кармалган учурдан │
│ │кат түрүндө билдирүү менен 72 │тартып 24 сааттын ичинде кат │
│ │саатка чейин кармалышы мүмкүн. │түрүндө билдирүү менен 72 саатка │
│ │ │чейин кармалышы мүмкүн. │
└─┴─────────────────────────────────┴─────────────────────────────────┘
|
|