Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 24-октябры № 747

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга негизги иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

 

Экономикалык саясатты улантуу, коомчулуктун кызыкчылыгына жооп берген өнүгүүнүн максаттарына жетишүү, экономикалык реформаларды өткөрүү үчүн туруктуу платформаны түзүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга негизги Иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз, алдынча башкаруу органдары, ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жалпылоо үчүн берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен, Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.

4. Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 494 токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев