Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №56
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 10, 1111-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-беренесинин он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча долбоордун өзүн-өзү актоосунун чектик мөөнөтүн 10 жылдан ашык эмес белгилөө.".
2. 12-беренеде:
- үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан, орнотмонун ээси тарабынан өздүк муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергиясы ЭКБны пайдалануу боюнча ушул орнотмо кайсы электр энергетика компаниясынын тармагына кошулганына карабастан, ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмо жайгашкан администрациялык-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүрүүчү электр энергетикасы компаниясы тарабынан сатылып алынууга тийиш;";
- төмөнкү мазмундагы сегизинчи - он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф акыркы керектөөчүлөр үчүн максимум тарифти ушул берененин тогузунчу абзацында аныкталуучу тиешелүү коэффициентке көбөйтүү жолу менен белгиленет;
- өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБнын ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына максимум тарифке коэффнциенттер төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
суу энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,1ге барабар;
күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 6,0гө барабар;
биомассанын энергиясын пайдалануучу энергиясын пайдалануу үчүн коэффициент 2,75ке барабар;
шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,5ке барабар;
жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,35ке барабар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максимум тарифтин чоңдугу электр энергиясына тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;
- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгили аяктаганда ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтер электр энергияны иштеп чыгууга негиздүү сарптоолорду жана адилет пайданын элементин эске алуучу эсептөөлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир станция үчүн жекече белгиленет. ЭКБны пайдалануу менен өндүрүлүүчү электр энергиясына жаңыдан белгиленген тарифтер мыйзамда белгиленген тартипте жыл сайын индексацияланышы керек;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү электр энергетика компанияларынын кошумча сарптоолорун компенсациялоо электр энергетика компаниялары үчүн энергиянын салттуу булактарынан электр энергиясына тарифти белгилөөдө жана эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эске алынат;
- электр энергетика компаниясынын тармагына кошконго чейинки электр берүү линияларын куруу боюнча бардык сарптоолорду ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмонун ээси көтөрөт;
- бардык электр энергетика компаниялары ЭКБны пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн тармактарына белгиленген стандарттарга шайкеш келген шартта тармакка өздөрү иштеп чыккан электр энергияны берүү үчүн басмырлабаган жетүүнү камсыздоого тийиш;
- ЭКБны пайдалануучу орнотмону кошуу тармактарга кошуу боюнча сарптоолору эң аз болгон электр энергетика компанияларынын тармактарына карата жүргүзүлүшү керек;
- улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү электр энергетика компаниялары ЭКБны өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин электр энергиясын тоскоолдуксуз транзиттөөнү камсыз кылышат.".
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Калыбына келип туруучу энергияны өнүктүрүү жана пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо максатында 2008-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынган. Бул Мыйзам калыбына келип туруучу энергия булактарын (мындан ары КЭБ) өндүрүүчүлөр, сатуучулар, керектөөчүлөр жана мамлекеттер ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу механизмдери менен бирге укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана каржылык негиздерди орнотот.
Бирок КЭБ орнотмолорунун жана алар аркылуу өндүрүлгөн энергиянын кымбаттыгын эске ала турган болсок, алдыга коюлган максаттар менен Мыйзамда каралган экономикалык жөнгө салуу иш-чараларга жетүү кыйынчылыктарды жаратары бышык. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия булактары" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору демилгеленүүдө.
КЭБди өнүктүрүү үчүн экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору аркылуу төмөнкүлөр сунушталат:
Кыргыз Республикасынын КЭБди өнүктүрүү үчүн экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүү максатында киргизилип жаткан Мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр сунушталат:
- КЭБди пайдалануу боюнча долбоордун өзүн-өзү актоо чеги 10 жылдан көп эмес мөөнөт менен бекитилсин;
- бөлүштүрүүчү электр компаниялар КЭБди пайдалануу менен иштелип чыгып, ээлери тарабынан өздүк муктаждыктар үчүн керектелбеген бардык электр энергиясын сатып алууга милдеттендирилсин;
- КЭБ жабдууларында өндүрүлгөн электр энергиясынын жалгыз сатып алуучусу катары аталган жабдуу кошулган бөлүштүрүүчү электр компаниясы аныкталсын. Ал эми энергия түздөн-түз керектөөчүгө же кайсы бир бөлөк энергокомпанияга сатылып жаткан учурда, КЭБ жабдуусунда өндүрүлгөн электр энергиясынын жалгыз сатып алуучусу катары КЭБди пайдалануу боюнча жабдуу жайгаштырылган административдик-аймактык түзүлүштүн электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча рыногунда алдыңкы абалды ээлеген бөлүштүрүүчү электркомпания аныкталсын;
- бөлүштүрүүчү электр компаниялардын КЭБ жабдууларынан электр энергиясын сатып алуулары менен байланышкан кошумча чыгымдарын компенсациялоо, электр энергетикалык компаниялары үчүн салттуу энергия булактарынан сатылып алынуучу электр энергиясына болгон бааны киргизүү жана эсептөө учурунда, чыгымдарды теңдөө боюнча иштиктүү механизмдин жардамы менен жүзөгө ашырылсын;
- энергокомпаниялардын азыркы тармактарына КЭБ жабдууларын кошуу эрежеси жана кошуу үчүн болгон иштерди каржылоо булагын так аныктоо зарыл;
- КЭБди пайдалануучу электр энергиясын өндүрүүчүлөрдү стимулдаштыруу механизми, КЭБди пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына болгон баа түрүндө, керектөөчүлөр үчүн коюлган азыркы баанын максималдуусун КЭБдин ар бир түрү үчүн аныкталган коэффицентке көбөйтүү менен мыйзамдуу түрдө бекитилет. Бул баа КЭБдин негизинде электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн бекитилүүсү зарыл.
Мындай механизмдин орношу (кошумча төлөмдөр коэффиценти Мыйзамда бекитилгендиктен) потенциалдык инвестор үчүн ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылат.
Кандай болгон күндө да, бул кошумча төлөм көлөмү инвесторлор үчүн сигнал катары саясий мааниге ээ. Кошумча төлөм көлөмүн бар болгону экономикалык жактан өзүн актай турган (б.а. инвестицияларды 10 жылдан кечиктирбей кайрып алууга мүмкүн болгон) КЭБди пайдалануу боюнча долбоорлордун кайсы бир шарттуу айланасы чектеп келет.
Коомчулуктун талкуусуна коюу максатында "Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия булактары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин, ошондой эле Мыйзам чыгаруу органдарынын расмий сайтына жайгаштырылган. Жалпысынан алганда бул Мыйзам долбоору боюнча кандайдыр бир сын-пикирлер келип түшкөн жок. Кыргыз-француз "Калинин ГЭСи" ЖЧКсынан жана Кыргыз Республикасындагы кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү долбоору боюнча Дирекциясынан сунуштар келип түшкөн. Булар эске алынып, Мыйзам долбооруна киргизилген. Ошондой эле аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин астындагы Отун-энергетикалык комплексиндеги Ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин отурумунда каралган.
Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын 13 министрлигинин макулдашуусуна жиберилип, алардын 12си сын-пикир жана сунуштары жок макулдашкандыгын белгилей кетүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия булактары" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун Өкмөттүн андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
Министр | А.Шадиев |
┌─┬─────────────────────────────────┬─────────────────────────────────┐
│№│ Иштиктүү редакциясы │ Жаңы редакциясы │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│1│8-берене. ЭКБ тармагындагы │8-берене. ЭКБ тармагындагы │
│ │ мамлекеттик башкаруу │ мамлекеттик башкаруу │
│ │ │ │
│ │ЭКБ тармагындагы мамлекеттик │ЭКБ тармагындагы мамлекеттик │
│ │башкаруу Кыргаз Республикасынын │башкаруу Кыргыз Республикасынын │
│ │Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу │Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу │
│ │мамлекеттик органдар тарабынан │мамлекеттик органдар тарабынан │
│ │алардын функцияларына ылайык │алардын функцияларына ылайык │
│ │төмөнкү каражаттар аркылуу │төмөнкү каражаттар аркылуу ишке │
│ │ишке ашырылат. │ашырылат. │
│ │- тиешелүү ченемдик укуктук │- тиешелүү ченемдик укуктук │
│ │актыларды кабыл алуу; │актыларды кабыл алуу; │
│ │- каржылоонун ички жана тышкы │- каржылоонун ички жана тышкы │
│ │булактарын кароочу ЭКБ │булактарын кароочу ЭКБ │
│ │тармагындагы жалпы мамлекеттик │тармагындагы жалпы мамлекеттик │
│ │программаларды иштеп чыгуу, │программаларды иштеп чыгуу, │
│ │жүзөгө ашыруу жана аткаруу; │жүзөгө ашыруу жана аткаруу; │
│ │- ЭКБнын потенциалын пайдаланууну│- ЭКЕнын потенциалын пайдаланууну│
│ │эске алуу менен энергетикалык │эске алуу менен энергетикалык │
│ │тармакты реформалоо; │тармакты реформалоо; │
│ │- ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө │- ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө │
│ │жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө│жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө│
│ │түрткү берүүчү укуктук │түрткү берүүчү укуктук │
│ │механизмдерди, ошондой эле │механизмдерди, ошондой эле │
│ │ченемдик-укуктук документтерди │ченемдик-укуктук документтерди │
│ │иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; │иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; │
│ │- ЭКБ энергиясынын потенциалын │- ЭКБ энергиясынын потенциалын │
│ │жана пайдаланылышын баалоо; │жана пайдаланылышын баалоо; │
│ │- кайра жаралуучу энергия жана │- кайра жаралуучу энергия жана │
│ │отун тармагындагы ишмердүүлүктү │отун тармагындагы ишмердүүлүктү │
│ │жүзөгө ашыруучу энергетикалык │жүзөгө ашыруучу энергетикалык │
│ │кайра жаралуучу ресурстарды │кайра жаралуучу ресурстарды │
│ │баалоону жана субъекттердин │баалоону жана субъекттердин │
│ │реестрин жүргүзүүнү статистикалык│реестрин жүргүзүүнү статистикалык│
│ │эсепке алууну камсыздоо; │эсепке алууну камсыздоо; │
│ │- ЭКБны өнүктүрүү тармагындагы │- ЭКБны өнүктүрүү тармагындагы │
│ │окууну уюштуруу жана │окууну уюштуруу жана │
│ │илимий-техникалык прогресске │илимий-техникалык прогресске │
│ │көмөк көрсөтүү; │көмөк көрсөтүү; │
│ │- эл аралык илимий-техникалык │- эл аралык илимий-техникалык │
│ │кызматташтыкты, ЭКБны пайдалануу │кызматташтыкты, ЭКБны пайдалануу │
│ │жана өнүктүрүү боюнча эл аралык │жана өнүктүрүү боюнча эл аралык │
│ │программаларга катышууну │программаларга катышууну │
│ │камсыздоо; │камсыздоо; │
│ │- ЭКБны өздөштүрүү процессине │- ЭКБны өздөштүрүү процессине │
│ │коомдук жана илимий-техникалык │коомдук жана илимий-техникалык │
│ │уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү;│уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү;│
│ │- 8 жылга чейин ЭКБны пайдалануу │[- КЭБди пайдалануу боюнча │
│ │менен долбоорлордун өзүн-өзү │долбоордун өзүн-өзү актоо чек │
│ │актоосун камсыз кылуу, ЭКБны │мөөнөтүн бекитүү 10 жылдан көп │
│ │пайдалануунун эсебинен иштелип │эмес.] │
│ │чыгылган энергиянын тарифтерин │ │
│ │белгилөө. │ │
├─┼─────────────────────────────────┼─────────────────────────────────┤
│2│12-берене. ЭКБны пайдаланууга │12-берене. ЭКБны пайдаланууга │
│ │ өбөлгө түзүүнүн │ өбөлгө түзүүнүн │
│ │ экономикалык жана │ экономикалык жана │
│ │ уюштуруу-укуктук │ уюштуруу-укуктук │
│ │ механизмдери │ механизмдери │
│ │ │ │
│ │ЭКБны пайдалануу аркылуу │ЭКБны пайдалануу аркылуу │
│ │иштелип чыккан электр жана │иштелип чыккан электр жана │
│ │жылуулук энергиясын │жылуулук энергиясын │
│ │өндүрүүчүлөр жана ушул │өндүрүүчүлөр жана ушул │
│ │энергияны пайдалануучулар │энергияны пайдалануучулар │
│ │төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ: │төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ: │
│ │- ЭКБнын негизинде иштеген │- ЭКБнын негизинде иштеген │
│ │техникалык каражаттарды жана │техникалык каражаттарды жана │
│ │түзүлүштөрдү өндүргөн же кайра │түзүлүштөрдү өндүргөн же кайра │
│ │жабдыган жеке жана юридикалык │жабдыган жеке жана юридикалык │
│ │жактар үчүн жеңилдиктер берилет; │жактар үчүн жеңилдиктер берилет; │
│ │- ЭКБ боюнча иштелип чыккан │- ЭКБ үчүн жабдууларды, │
│ │энергияга жана энергокомпаниялар │түзүлүштөрдү жана комплекттөөчү │
│ │аркылуу сатып алууларга тарифтер │буюмдарды импорттоодо жана │
│ │энергетикалык компаниялардын, │экспорттоодо бажы алымдарынан │
│ │аларды сатып алуучулардын │бошотулат; │
│ │чыгымдарын компенсациялоону │[- КЭБди пайдалануу жолу аркылуу │
│ │эсепке алуу менен белгиленет жана│иштелип чыккан жана жабдуу ээси │
│ │компенсациянын өлчөмү │тарабынан өздүк муктаждыктар үчүн│
│ │энергетикалык компаниялар │колдонулбаган, ошондой эле │
│ │тарабынан энергияга карата │келишимдик негизде башка │
│ │белгиленген жалпы улуттук │керектөөчү тарабынан иштетилбеген│
│ │тарифке киргизилет; │бардык электр энергия, КЭБди │
│ │- ЭКБ үчүн жабдууларды, │пайдалануу боюнча бул жабдуу │
│ │түзүлүштөрдү жана комплекттөөчү │кайсы электр энергетикалык │
│ │буюмдарды импорттоодо жана │компания тармагына кошулганына │
│ │экспорттоодо бажы алымдарынан │карабастан, КЭБди пайдалануу │
│ │бошотулат; │боюнча жабдуу жайгашкан жердеги │
│ │- ЭКБ аркылуу иштетип чыгарылган │административдик-аймактык │
│ │энергияны энергетикалык │түзүлүштөгү ири электр энергиясын│
│ │компаниялар сөзсүз түрдө сатып │бөлүштүрүүчү компания тарабынан │
│ │алууга милдеттүү; │сатылып алынышы керек;] │
│ │- эгерде газ жана газ түрүндөгү │- эгерде газ жана газ түрүндөгү │
│ │кайра жаралуучу отун газ │кайра жаралуучу отун газ │
│ │түтүктөрдүн жана жылуулук │түтүктөрдүн жана жылуулук │
│ │тармактардын стандарттарына жана │тармактардын стандарттарына жана │
│ │талаптарына ылайык келсе, газ │талаптарына ылайык келсе, газ │
│ │түтүктөр жана жылуулук тармактар │түтүктөр жана жылуулук тармактар │
│ │менен иштеген уюмдар аларды │менен иштеген уюмдар аларды │
│ │өздөрүнүн системасына кошууга │өздөрүнүн системасына кошууга │
│ │тийиш; │тийиш; │
│ │- улуттук стандартка ылайык │- улуттук стандартка ылайык │
│ │келген суюк биологиялык отун │келген суюк биологиялык отун │
│ │уюмдардын отун сатуу системасына │уюмдардын отун сатуу системасына │
│ │киргизилиши керек. │киргизилиши керек; │
│ │ │[- долбоордун өзүн-өзү актоо │
│ │ │мезгилинде КЭБди пайдалануу менен│
│ │ │иштелип чыккан электр энергиясына│
│ │ │болгон баа керектөөчүлөр үчүн │
│ │ │максималдык бааны ушул берененин │
│ │ │тогузунчу абзацында аныкталган │
│ │ │коэффицентке карата көбөйтүү жолу│
│ │ │аркылуу бекитилет; │
│ │ │- өзүн-өзү актоо мезгилиндеги │
│ │ │КЭБдин ар бир түрү боюнча │
│ │ │максималдык баага карата болгон │
│ │ │коэффиценттер төмөнкү көлөмдө │
│ │ │бекитилет: │
│ │ │суу энергиясын пайдалануучу │
│ │ │жабдуулар үчүн коэффицент 2,1 ге │
│ │ │барабар; │
│ │ │күн энергиясын пайдалануучу │
│ │ │жабдуулар үчүн коэффицент 6,0 го │
│ │ │барабар; │
│ │ │биомасса энергиясын пайдалануучу │
│ │ │жабдуулар үчүн коэффицент 2,75 ге│
│ │ │барабар; │
│ │ │шамаал энергиясын пайдалануучу │
│ │ │жабдуулар үчүн коэффицент 2,5; │
│ │ │жер энергиясын пайдалануучу │
│ │ │жабдуулар үчүн коэффицент 3,35. │
│ │ │- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│ │ │тарабынан керектөөчүлөр үчүн │
│ │ │электр энергиясына карата │
│ │ │максималдык баалардын көлөмү │
│ │ │электр энергиясына карата баа │
│ │ │саясатына жараша өзгөрөт; │
│ │ │- долбоордун өзүн-өзү актоо │
│ │ │мезгили аяктаган соң КЭБди │
│ │ │пайдалануу менен иштелип чыккан │
│ │ │электр энергиясына болгон баалар │
│ │ │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│ │ │тарабынан электр энергиясын иштеп│
│ │ │чыгууга кеткен негиздүү │
│ │ │чыгымдарды жана акыйкат киреше │
│ │ │элементтерин эске алуучу эсепке │
│ │ │негизделүү менен ар бир станцияга│
│ │ │жекече киргизилет. КЭБди │
│ │ │пайдалануу менен өндүрүлгөн │
│ │ │электр энергиясына карата │
│ │ │киргизилген жаңы баалар │
│ │ │мыйзамдарда бекитилген эреже │
│ │ │боюнча жыл сайын │
│ │ │индекстештирилет; │
│ │ │- бөлүштүрүүчү электр │
│ │ │энергетикалык компаниялардын │
│ │ │КЭБди пайдалануу менен иштелип │
│ │ │чыккан электр энергиясын сатып │
│ │ │алууга кеткен кошумча чыгымдарын │
│ │ │компенсациялоо, Кыргыз │
│ │ │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│ │ │электр энергетикалык компаниялары│
│ │ │үчүн салттуу энергия булактарынан│
│ │ │сатылып алынуучу электр │
│ │ │энергиясына болгон бааны киргизүү│
│ │ │жана эсептөө учурунда эске │
│ │ │алынуусу керек; │
│ │ │- бардык электр энергиясын берүү │
│ │ │линияларын электр энергетикалык │
│ │ │компаниялардын тармактарына │
│ │ │кошууга чейинки курулушу боюнча │
│ │ │чыгымдарды КЭБди пайдалануу │
│ │ │боюнча орнотмонун ээси өз мойнуна│
│ │ │алат; │
│ │ │- бардык электр энергетикалык │
│ │ │компаниялар бекитилген │
│ │ │стандарттарга туура келген │
│ │ │учурларда КЭБди пайдалануучу │
│ │ │электр энергиясын өндүрүүчүлөр │
│ │ │тарабынан иштелип чыккан электр │
│ │ │энергиясынын тармактарга │
│ │ │тоскоолдуктарсыз киришине шарт │
│ │ │түзүүсү керек; │
│ │ │- КЭБди пайдалануучу жабдууларды │
│ │ │кошуу, кошуу үчүн болгон чыгымдар│
│ │ │эң аз өлчөмдөгү электр │
│ │ │компаниялардын тармактарында │
│ │ │жүргүзүлүүсү зарыл; │
│ │ │- улуттук электр тармактары жана │
│ │ │бөлүштүрүүчү электр │
│ │ │энергокомпаниялар менчигинин │
│ │ │түрүнө карабастан КЭБ │
│ │ │өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө │
│ │ │чейинки электр энергиясынын │
│ │ │тоскоолдуктарсыз ташылып өтүүсүн │
│ │ │камсыз кылат.] │
└─┴─────────────────────────────────┴─────────────────────────────────┘
\