Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №58
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2011/2012-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгышы жөнүндө
Республиканын отун-энергетика комплексинин ишканаларынын ишенимдүү иштешин жана 2011/2012-жылдын жылытуу мезгилинде максимум күч келүүнү көтөрүүгө даярдыктарын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2011/2012-жылдын жылытуу мезгилинен чыгышы жөнүндө маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары энергия системасынын жабдууларына күч келүүнү болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук энергия системасындагы таңкы жана кечки максимум күч келүүчү учурларда электр энергиясын керектөөнүн режимин сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
3. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Ош жана Бишкек шаарларынын мэриялары жаңы турак жай конуштарын электр менен камсыздоо маселесин чечүү боюнча иштиктүү чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын алдындагы Кара-Балта электр менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин ТЭЦин кийинки жылытуу мезгилинде Кыргызстандын көмүрүнө которуу жөнүндө маселени карасын;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен отун-энергетика комплексиндеги компаниялардын директорлор кеңештеринин төрагалары кол койгон макулдашуулардын шарттарын аткаруунун жыйынтыгын чыгарсын жана натыйжасы боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги, "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бирдикте 2012-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын ТЭЦинин ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында шаардын өнүгүүсүн жана айлана-чөйрөнү коргоону эске алуу менен реконструкциялоо боюнча уюштуруу иштеринин комплексин иштеп чыксын.
5. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте "Ак-Ордо" подстанциясын курууга жер участок бөлүү маселесин аны каржылоо булагын аныктоо менен 2012-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөттө чечсин.
6. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасына табигый газды үзгүлтүксүз берүү сунушталсын.
7. "Электр станциялары ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Көмүр" мамлекеттик ишканасы менен 20000 тонна жергиликтүү көмүр берүү жөнүндө кошумча макулдашуу түзүү сунушталсын.
8. Бишкек шаарынын мэриясына керектелген табигый газ үчүн "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна бересени төлөөгө Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасына керектүү өлчөмдөгү акча каражатты белгиленген мөөнөттө бөлүү сунушталсын.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Көмүр" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте элге сатылчу көмүрдүн баасы кымбатташын болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү сунушталсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелери боюнча, республикалык бюджет:" бөлүмүнүн "көмүр (миң т) деген позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
┌───┬──────────────┬─────┬─┬─┬─┬────┬───┬─────┬─────┬─────┬─────┬─┬─┬─┐
│3.2│КР ССМ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │мекемелери │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча, │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │республикалык │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │бюджет: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ ├──────────────┼─────┼─┼─┼─┼────┼───┼─────┼─────┼─────┼─────┼─┼─┼─┤
│ ├──────────────┼─────┼─┼─┼─┼────┼───┼─────┼─────┼─────┼─────┼─┼─┼─┤
│ │- көмүр (миң │0,932│ │ │ │0,05│0,2│0,2 │0,2 │0,182│0,1 │ │ │ │
│ │т) │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└───┴──────────────┴─────┴─┴─┴─┴────┴───┴─────┴─────┴─────┴─────┴─┴─┴─┘
"Билим берүү мекемелери боюнча, жергиликтүү бюджет:" бөлүмүнүн "көмүр (миң т) деген позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
┌───┬──────────────┬─────┬─┬─┬─┬────┬───┬─────┬─────┬─────┬─────┬─┬─┬─┐
│3.4│Билим берүү │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │мекемелери │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча, │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │жергиликтүү │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │бюджет: │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ ├──────────────┼─────┼─┼─┼─┼────┼───┼─────┼─────┼─────┼─────┼─┼─┼─┤
│ ├──────────────┼─────┼─┼─┼─┼────┼───┼─────┼─────┼─────┼─────┼─┼─┼─┤
│ │- көмүр (миң │5,703│ │ │ │0,02│0,8│1,698│1,977│0,95 │0,258│ │ │ │
│ │т) │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└───┴──────────────┴─────┴─┴─┴─┴────┴───┴─────┴─────┴─────┴─────┴─┴─┴─┘
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдык сектор жана инфраструктура бөлүмүнө тапшырылсын.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |