Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 24-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-майындагы № 230
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы № 460, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 650, 2012-жылдын 26-январындагы № 58 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилде экономиканын тармактарынын жана калктын электр энергиясына жана отун ресурстарына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу жана алдыдагы жылытуу мезгилинен өтүүгө республиканын министрликтерин, мамлекеттик комитеттерин, администрациялык ведомстволорун жана региондорун өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010/2011-жылдагы жылытуу мезгилинен өтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министринин отчёту маалымат катары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
3. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - План).
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» жана «Көмүр» мамлекеттик ишканалары, «Электрдик станциялар», «Кыргызстандын улуттук электр тармактары», «Кыргызгаз», «Кыргызнефтигаз», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомдору жана «Бишкекжылуулукэнергия» коммуналдык ишканасы:
- Пландын, ошондой эле ушул токтомдун 2-22-тиркемелеринде каралган тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылышсын;
- 2011-жылдын 1-июлуна чейин бюджетгик уюмдар үчүн отун жеткирүүчүнү аныктоо боюнча тендерлерди өткөрүшсүн, алар менен келишимдерди түзүшсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине беришсин, андан кийин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электрондук сайтында маалымат жайгаштырылсын;
- энергия үнөмдөөчү лампаларды пайдаланууга өтүүнү 2011-жылдын 1-ноябрына чейин камсыз кылышсын, мында ата мекендик өндүрүштөгү продукцияга артыкчылык берилсин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, объекттердин жылытуу мезгилинде иштөөгө даярдыгын текшерүүнүн жана изилдөөнүн актыларын түзүп, жылытуучу отканалардын жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынын даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды 2011-жылдын 15-октябрына чейин түзүшсүн;
- отчеттук айдан кийинки айдын 1ине карата бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты ушул айдын 20сынан кечиктирбей ай сайын берип турушсун.
5. Министрликтердин жана ведомстволордун, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун тендердик комиссиялары бюджеттик уюмдар жана Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн жергиликтүү көмүр жеткирүүгө тендер өткөрүүдө 2011/2012-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү максатындагы убактылуу чара катары бюджеттик уюмдарга тындырылбаган дебитордук карызы бар Кыргыз Республикасынын көмүр ишканаларын 2010/2011-жылдын өтүп кеткен жылытуу мезгили үчүн салыктар боюнча, бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карыздары болгонуна карабастан тендерлерге катышууга уруксат беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Атимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги республиканын ички рыногуна жеткирилүүчү кыргыз көмүрүнө болгон бааларды көмүр казуучу ишканалар берген эсептөөлөргө ылайык 2011-жылдын 1-июнуна чейин карап чыксын.
7. «Көмүр» мамлекеттик ишканасы:
- Бишкек шаарынын ЖЭБине, республиканын калкына көмүр сатуу үчүн отун базаларына жана пункттарга жергиликтүү көмүрдү жеткирүүнүн графигин өз убагында жана толук өлчөмдө аткарууну камсыз кылсын;
- «Электрдик станциялар» ачык акционердик коому жана бюджеттик уюмдар менен түзүлгөн келишимге ылайык жеткирилүүчү көмүрдүн тиешелүү сапатын жана аны мөөнөтүндө жеткирүүнү көмүр казуучу ишканалар менен бирдикте камсыз кылсын.
8. «Электрдик станциялар» ачык акционердик коомуна жана «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- жеткирилген кыргыз көмүрү үчүн акы төлөөнү жеткирүү күнүнөн баштап 30 күндөн кеч эмес мөөнөттө жүргүзүү;
- 2010/2011-жылы жеткирилген көмүр үчүн Кыргыз Республикасынын көмүр казган ишканаларына болгон карызды тындыруу боюнча чараларды 2011-жылдьш 1-августуна чейин көрүү.
9. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергия системасынын талаптагыдай иштөөсүн жана керектөөчүлөрдү жылуулук, электр энергиясы жана газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылсын.
10. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын жетекчилерине керектөөчүлөрдүн жылуулук, электр энергиясы жана газ үчүн болгон дебитордук карызынын көбөйүшү, ушул токтомдун 2-22-тиркемесинде каралган тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.
11. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, облустардын мамлекеттик администрацияларына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын 2010/2011-жылдагы жылытуу мезгилинде берилген электр, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн энергетика ишканаларына болгон карыздарын тындыруу;
- керектелген электр, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн бюджеттик уюмдарды ай сайын каржылоону толук өлчөмдө жүргүзүү;
- ири калктуу конуштарды жана алыскы райондордо айыл өкмөттөрү менен бирдикте отун базаларын жана калкка көмүр сатуу пункттарын түзүү.
12. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясы:
- жаңы конуштарда электр тармактарын жана жабдууларын курууну каржылоонун маселелерин иштеп чыгышсын жана чечишсин;
- Бишкек шаарынын жанындагы бардык жаңы конуштарды энергия менен жабдууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон эсептөөлөрдү «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» жана «Түндүк электр» ачык акционердик коомдору менен бирдикте жүргүзсүн.
13. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги оңдоо-калыбына келтирүү иштерин 2,5 млн (эки миллион беш жүз миң) сом өлчөмүндө жана Бишкек шаарынын ЖЭБине таш-көмүр жана кара-кече көмүрүн ташууну 3,0 млн (үч миллион) сом өлчөмүндө максаттуу каржылоо үчүн «Электрдик станциялар» ачык акционердик коомунун алыш-бериш эсебине жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөрдүн электр жана жылуулук энергиялары үчүн төлөмдөрүнүн эсебинен акча каражаттарын ай сайын которууну камсыз кылуу сунуш кылынсын.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- керектелген электр, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн карызды тындыруу максатында бюджеттик керектөөчүлөрдү каржылоону өз убагында жана толук өлчөмдө жүргүзсүн;
- бюджеттик уюмдар көмүрдү жана мазут отунун жеткирүү үчүн түзүлгөн жана талаптагыдай таризделген келишимдерди бергенден кийин алар берилген күндөн баштап 30 күндөн кеч эмес мөөнөттө 20 проценттик алдын ала төлөмдү өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин аткаруучу кеңешинин токтомуна ылайык калк үчүн жылуулук энергиясын берүү тарифи 2010-жылдын 1-апрелинен баштап өзгөргөндүгүнө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоо үчүн «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасына бөлүп берүүгө 333 (үч жүз отуз үч) миллион сом суммасындагы каражатты караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө» токтомуна ылайык мурда бөлүнүп берилген бюджеттик субсидиянын 92 (токсон эки) миллион сом өлчөмүндөгү калдыгын «Кыргызгаз» ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте кайтарып берсин.
15. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагы боюнча өткөн республиканын электр берүү линияларын жана газ өткөрүүчү магистралдык объекттерди пландуу жана авариялык оңдоонун зарылдыгы пайда болсо оңдоочу-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
16. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү жана аны өтүү мезгилинде «Электрдик станциялар», «Кыргызстандын улуттук электр тармактары», 'Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Бишкек жылуулук тармагы» «Кыргызнефтигаз», «Кыргызгаз» ачык акционердик коомдорунун, «Бишкекжылуулукэнергия» коммуналдык ишканасынын, «Көмүр» жана «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканаларынын ведомстволук ишканаларынын алыш-бериш эсептеринин жабылышына жол беришпесин.
17. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Пландын ушул токтомдун 2-22-тиркемелеринде каралган тапшырмалардын аткарылышын координацияласын жана мониторинг жүргүзсүн.
18. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-майындагы № 279 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2009/2010-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 127 «Кыргыз Республикасында электр энергиясын чектөөнү токтотуу жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 331 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жана абалы жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүңдө» токтому.
19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
20. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык маселелер боюнча мамиледе бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу, суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо, ошондой эле электр, газ жана жылуулук менен камсыздоодогу бузууларды алдын алуу үчүн түзүлгөн коллегиалдуу координациялык орган болуп эсептелет.
2. Штаб өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын ишине төрага, ал эми ал жок болгон учурда төраганын орун басары жетекчилик кылат.
2. Штабдын милдеттери жана функциялары
4. Штабдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелеринин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын, 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу.
5. Штаб өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- ай сайын өзүнүн жыйындарында Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшүн карайт;
- суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу, күзгү-кышкы шарттарда иштөөгө өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү, отун менен камсыз кылуу, электр, газ, жылуулук менен жабдуудагы бузуулардын алдын алуу жана (же) алардын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жана отун-энергетикалык ишканалардын ишин координациялайт;
- зарыл болгон учурда электр жана жылуулук энергиясын берүүгө чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- зарыл болгон учурда региондор боюнча электр, жылуулук энергиясын жана газды керектөөнүн лимитин белгилөө жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизет жана анын аткарылышын контролдойт;
- Токтогул ГЭСи каскадындагы суу-энергетикалык кырдаалга мониторинг жүргүзөт жана болжолдойт;
- суу-энергетикалык баланстын бузулушун болтурбоо боюнча чараларды көрөт;
- электр энергиясы менен иштөөчү отканаларды органикалык отунду пайдаланууга которуу жана отундун зарыл болгон запасы менен камсыздоо боюнча иштердин жүргүзүлүшүн контролдойт.
3. Штабдын укуктары
6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалыматын угууга жана Штабдын максаттарынын, милдеттеринин алкагында алардын ишине баа берүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден өз ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Штабдын чечимдерин аткарбагандыгы жана күзгү-кышкы шарттарда иштөөгө даярдык көрүү боюнча тапшырмаларды аткарууну үзгүлтүккө учуратканы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- республикадагы суу-энергетикалык жагдайдын маселелери жана экономиканын тармактарын жана калкты 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоонун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берүүгө;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча башка уюштуруучулук жана координациялык чараларды көрүүгө.
4. Штабдын ишин уюштуруу
7. Штабдын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Штабдын төрагасы болуп кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри эсептелет, ал Штабдын ишин жетектейт. Штабдын мүчөлөрү Штабдын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча негиздүү сунуштарды Штабдын талкуусуна киргизүүгө укуктуу.
8. Штабдын ишинин формасы болуп жыйын же селектордук кеңешме эсептелет, алар төраганын чечими боюнча, зарылдыгына жараша, айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Штабдын мүчөлөрү жыйындарга же селектордук кеңешмелерге жеке катышат. Штабдын мүчөсү Штабдын жыйынына жүйөсү жок катышпай койсо, ага белгиленген тартипте тартиптик жаза чарасы колдонулат.
9. Штабдын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, жыйын өттү деп эсептелет.
10. Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол жазылат, ага төрага кол коёт.
11. Штабдын чечими добуш берүү жолу менен, Штабдын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана аларды аткаруу үчүн жооптуу болгон адамдарга маалымдалат.
12. Штаб кабыл алган чечимдер зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана республиканын мамлекеттик органдарына кароого жиберилет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 токтому менен бекитилген |
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
1. | Облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында күзгү-кышкы мезгалге карата даярдык көрүү боюнча туруктуу иштөөчү штабдарды түзүү жана ай сайын алардын жыйналыштарында жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн кароо, өзгөчө төмөнкүлөргө көңүл буруу: - калкты жылуулук менен камсыз кылууга байланышкан ишканалардын жылуулук менен камсыз кылуучу отказандарын, ведомстволук жана өндүрүштүк отказандарын даярдоого; - социалдык объекттерди жылытуу мезгилине даярдоонун сапатына; - турак жай фондун жылытуу мезгилине даярдоонун сапатына; - социалдык объекттерди, калкты жылуулук менен камсыз кылуу жана жеңилдиктери бар жарандарга каражаттарды бөлүп берүүнү камсыз кылууга | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Облустук мамлекеттик администрациялар (мындан ары - облмамадминистрациялар), Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары, министрликтердин, ведомстволордун, отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын (мындан ары - ОЭК) өкүлдөрү менен бирдикте (макулдашуу боюнча) |
2. | Нарын жана Сыр-Дарыя дарыяларынын суу бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуута кол коюу максатында Казакстан Республикасынын, Тажикистан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Түркмөнстандын суу чарба жана суу-энергетикалык тармактарынын жетекчилери менен эксперттеринин кеңешмесин өткөрүү | 2011-жылдын 1-сентябрына чейин | Кыргаз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
3. | Облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча отун-энергетика балансынын аткарылышынын мониторингин жүргүзүү | Квартал сайын | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, облмамадминистрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор |
4. | Облустар жана бөлүштүрүүчү электр компаниялары боюнча пландуу керектөөнүн оңдоолорун жүргүзүү | Зарылдыгына жараша | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
5. | Бюджеттик уюмдардын электр энергиясын алар үчүн белгиленген лимиттен ашыкча керектөөсүнө жол бербөө боюнча туруктуу контролдоо жүргүзүү | Дайыма | Министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясы (мындан ары-МЭИ) |
6. | 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилдерге карата даярдыктын жүрүшүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүү | 2011-жылдын 1-июнуна чейин | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
7. | «КУЭС» ААКнын системалык операторуна бөлүштүрүүчү электр компаниялардын жана ири өнөр жай ишканаларынын электр энергиясын жана кубаттуулугун керектөөсүнүн суткалык графиктерин өз убагында берүүлөрүн камсыз кылуу | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, «Электр станциялары» ААКы жана»КУЭС»ААКьт, «Түндүк электр» ААКы, «Чыгыш электр» ААКы, «Ош электр» ААКы, «Жалал-Абад электр» ААКы (макулдашуу боюнча) |
8. | Бөлүштүрүүчү электр компаниялары керектелген электр энергиясы жана (же) аны жеткирүү боюнча кызматтар үчүн өз убагында төлөбөгөндө нормативдик-техникалык документтерге түзүлгөн контракттардын шарттарына бөлүштүрүүчү электр компанияларына электр энергиясын берүүгө чектөө киргизүү | Дайыма | «Электр станциялары» ААКы жана»КУЭС»ААКы, «Түндук электр» ААКы, «Чыгыш электр» ААКы, «Ош электр» ААКы, «Жалал-Абад электр» ААКы (макулдашуу боюнча) |
9. | Республиканын энергия системасын Борбор Азиялык Бирдиктүү энергетикалык системанын курамында параллел үзгүлтүксүз иштөөсүн жана борбор азиялык мамлекеттердин энергия системалары жана «Энергия» координациялык-диспетчердик борбору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, «КУЭС» ААКы, «Электр станциялары» ААКы (макулдашуу боюнча) |
10. | Материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын түзүү, энергия жабдуунун ишенимдүү иштешин жакшыртуу, капиталдык оңдоо боюнча иш-чараларды аткарууну камсыз кылуу | Графикке жараша | ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
11. | Электр менен жабдууга үзгүлтүккө жол бербөөчү электр кабылдагычтарды дизелдик (бензиндик) генераторлор же аккумулятордук батареялар менен өз алдынча иштөөчү электр жабдуу булактары менен жабдууну МЭИге талапка ылайык маалыматтарды берүү менен камсыз кылуу | 2011-жылдын 1-сентябрына чейин | Министрликтер, ведомстволор, облмамадминистрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), МЭИ |
12. | Электр казандарына уруксат берилген кубаттуулукту, алардын иштөө тартибин жана электр энергиясын керектөө лимитин көрсөтүү менен 2011-2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилде иштөөгө уруксат берилген электрдик отказандарынын, тиричилик керектөөчүлөрдүн электр отказандарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү | 2011-жылдын 1-августуна чейин | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, «Электр станциялары» ААКы жана»КУЭС»ААКы, «Түндүк электр» ААКы, «Чыгыш электр» ААКы, «Ош электр» ААКы, «Жалал-Абад электр» ААКы, МЭИ (макулдашуу боюнча) |
13. | Электр жана жылуулук энергиялары боюнча 2012-жылдан 2014-жылга чейинки орто-мөөнөттүк тарифтик саясатын иштеп чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылуу | 2011-жылдын 31-декабрына чейин | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент, Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги |
14. | Электр энергиясын керектөөнүн белгиленген режимин бузганда жана электр жылытуу жабдуусун өзү билемдик менен кошуп алганда үч фазалык кирмеси бар керектөөчүлөрдү өчүрүү жана техникалык шарттарды жоюуну жүргүзүү | Дайыма | «Электр станциялары» ААКы жана»КУЭС»ААКы, «Түндүк электр» ААКы, «Чыгыш электр» ААКы, «Ош электр» ААКы, «Жалал-Абад электр» ААКы, МЭИ (макулдашуу боюнча) |
15. | Үч фазалык кирмеси бар керектөөчүлөрдүн өзү билемдик менен электр жылуулук берүүчү түзүлүштөрдү орнотуп алуусуна жол бербөө үчүн дайыма көзөмөлдүк кылуу | Дайыма | МЭИ, «Электр станциялары» ААКы жана «КУЭС» ААКы, РЭК (макулдашуу боюнча) |
16. | Көмүр кендери иштетилген аймактарда жылуулук энергиясын иштеп чыгуу боюнча электр булактарын катуу отунду пайдаланууга которуу боюнча иштерди улантуу | Дайыма | Министрликтер, мамкомитеттер, административдик ведомстволор, облмамадминистрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» МИ, ''Бишкекжылуулукэнергия'' КИ |
17. | Өнөр жайдык, жылытуу жана ведомстволук отказандарды 2011-2012-жылдагы күзгү-кыш мезгилинде иштетүүгө даярдоо | 2011-жылдын 1-октябрына чейин | Министрликтер, ведомстволор, облмамадминистрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ''Кыргызтуракжайкоммунсоюз» МИ, «Бишкекжылуулукэнергия» КИ |
18. | Бюджеттик уюмдар керектеген электр, жылуулук жана газ үчүн төлөп берүүлөрдү толук өлчөмдө жана артыкчылыктуу тартипте жүргүзүү | Дайыма | Министрликтер, ведомстволор, облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү (макулдашуу боюнча) |
19. | Дебитордук карыздары бар керектөөчүлөргө электр, жылуулук жана газ берүүгө жол бербөө | Дайыма | ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
20. | Өткөн 2010-2011-жылдын жылуулук берүү сезонунда ташып жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүү менен камтылбаган калктуу конуштардын тургундары үчүн көмүрдү сатып өткөрүү боюнча отун базаларын жана пункттарды түзүүнү уюштуруу жана камсыз кылуу | 2011-жылдын 1-августунан тартып 2012-жылдын 1-мартына чейин | Облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү (макулдашуу боюнча), «Көмүр» МИ жана көмүр казып алуучу ишканалар (макулдашуу боюнча) |
21. | Калкка жана бюджеттик уюмдарга катуу отун сатуу боюнча отун базаларына жана пункттарына кыргыз көмүрүн ташып жеткирүүнү өз убагында координациялоо жана көзөмөлдөө; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине тиешелүү маалыматтарды берүү | Дайыма, 2011-жылдын 1-августунан тартып жума сайын | Министрликтер, ведомстволор, облмамадминистрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, «Көмүр» МИ (макулдашуу боюнча) жана көмүр казып алуучу ишканалар (макулдашуу боюнча) |
22. | Берилген эсептерге ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен бюджеттик уюмдарга продукция жеткирүүчү жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр үчүн отундун (көмүр, мазут) дүң баасын бекитүү | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
23. | Кыдырып учуу жана башка техникаларды колдонууга мүмкүн болбогон жерлерге жайгашкан электр берүүчү линиялардын аварияларын жоюуда жабдууларды жана адистерди жеткирүү үчүн авиациялык техника менен камсыз кылуу | Зарылдыгына жараша | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, «КУЭС» ААКы (макулдашуу боюнча) |
24. | «КУЭС», «Электр станциялары», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалал-Абад электр» ААКылары тарабынан табигый кырсыктардын натыйжасында (жер көчкү, сел, кар көчкү, тоо сууларынын ташкын ж.б.) кыйраган же зыянга учураган объекттерди калыбына келтирүү боюнча авариялык-калыбына келтирүүчү оңдоо жумуштарын иш жүзүндөгү чыгымдардын чектеринде өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу фондунан каржылоону камсыз кылуу | Зарылдыгына жараша | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
25. | Келишимдин шарттарына ылайык Өзбекстан Республикасынан келчү газ үчүн «Кыргызгаз» ААКсына алдын ала төлөмдөрдү жүргүзүүгө бюджеттик керектөөчүлөрдү өз убагында каржылоону камсыз кылуу | Ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, облмамадминистрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, министрликтер, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
26. | Алдыда турган күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өтүү боюнча отунду жана энергияны сарамжалдуу жана натыйжалуу колдонуу боюнча, ошондой эле энергияны сактоо жана отун даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү | Дайыма | Облмамадминистрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, министрликтер, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
27. | Бюджеттик уюмдарга энергияны үнөмдөөчү лампаларды сатууну жолго коюу боюнча маркетингдик жана уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, «МС ЭЛЗ» ААКы, «БМЗ» ААКы (макулдашуу боюнча) |
28. | Жабдуу жана продукцияларды даярдоо боюнча билдирмелерди ата мекендик ишканаларга жайгаштыруу | Дайыма | ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
|
|