Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-январы №64
"Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастары жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастары жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене. Ушул Мыйзамдын чөйрөсүндөгү иш-аракеттер
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында материалдык эмес маданий мурастарынын сактоо жана колдоо жаатындагы укуктук талаптарын жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамды колдонууда төмөнкүдөй маанидеги түшүнүктөр кирет.
1. Материалдык эмес маданий мурастардын объектилери (мындан ары материалдык эмес мурастар) - бул үрп-адаттар, көргөзүүнүн жана билдирүүнүн формалары, билим жана тажрыйба, ошондой эле жаматтар, топтор тарабынан маданий мурастар катары кабыл алынып, муундан муунга өтүп, биринен-бирине өтүүчүлүктү калыптандырган, дайыма жамааттар жана топтор тарабынан улантып келген, алар тарабынан таанылган жекече авторлукка ээ жана ээ эмес алар менен байланышкан аспаптар, буюмзаттар, артефактар жана маданий мейкиндиктер, ошону менен катар маданий өзгөчөлүккө ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын элинин маданиятынын ар түрдүүлүгүн күбөлөндүргөн, тарыхый жана маданий маанилүүлүккө ээ болгон, Кыргыз Республикасынын Улуттук тизимине кирген материалдык эмес маданий мурастары.
2. Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген улуттук тизими (мындан ары - Улуттук тизим) материалдык эмес маданий мурастардын объектилеринин маалымат банкын өз кучагына алат жана анын биримдүүлүгү жана салыштырмалуулугу калыптандыруунун жалпы принцибинин, тизимди жүргүзүүнүн методдорунун жана формаларынын эсебинен камсыз кылынат.
- "Эпос" - адабияттын түрү, өткөн мезгилдеги окуяларды болжолдогон баяндама (окуяны бизге жеткирген манасчылар). Эпос мейкиндик-мезгил аралыгында каныккан окуяларды чагылдырган сюжеттерден жана жанрлардан турат. Эпикалык жанрлар: көлөмдүү -эпопея, роман, эпикалык поэма (поэма - эпопея); орточо көлөмдөгү - повесть; кенже аңгемелер, новелла, очерк.
- "Айтыш өнөрү" - манасчылардын өнөрү;
- "Оозеки салттар" - манасчы жана акындардын айтыш өнөрү аркылуу жеткирилген эпикалык чыгармалар, фольклор (макал-лакаптар, санаттар, жомоктор, табышмактар, мифтер жана легендалар) түрүндөгү оозеки эл чыгармачылыгы;
- "Маданий мейкиндик" - элдин сакталып калган материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын камтыган социалдык-географиялык аймак;
- "Көрсөтүү формалары" - маданий баалуулуктарынын базасы катары эл чыгармачылыгынын (кийизден, чийден, жыгачтан, териден ж.б. жасалган) үлгүлөрү эсептелет;
- "чагылдыруунун формалары" - кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарынын объектилерин чагылдырган - тили, элдик ырлары, обондору (күүлөрү);
- "Салттар" - адамдардын мейкиндик-мезгилдик өткөрүп берүүнүн негизинде сакталган жана жаралган жамааттык тажрыйбасынын формасы болгон мазмуну терең этномаданий комплекс.
Салттар адамзат турмушунун негизги учурлары: төрөлгөндөн сөөк коюу циклине чейин байланышкандыктан басымдуу мүнөзгө ээ;
- "Каадалар" - ритуалдык касиеттерге ээ болгон, адамдардын диний жана турмуштук көз караштарын жөнгө салган руханий жана жашоо турмушунун бир бөлүгү.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын маданий мурас объектилерин табуу, сактоо жана пайдалануу боюнча маселелерди жөнгө салуучу органы (мындан ары - Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган).
3-берене. Материалдык эмес маданий мурастардын негизги түрлөрү жана аларды коргоо
Материалдык эмес маданий мурастарынын объектилеринин негизги түрлөрү жана алардын сакталышы:
1. Кыргыз Республикасындагы материалдык эмес маданий мурастарынын объектилеринин түрлөрү болуп: эпостор, оозеки салттар жана көрсөтүү формалары, буга материалдык эмес маданий мурастын алып жүрүүчүсү катары тил дагы кирет, айтуу искусствосу, үрп-адаттар, салттар, элдик майрамдар, Кыргызстандын элинин маданий баалуулуктары болуп эсептелген жана салттуу кол өнөрчүлүк менен байланышкан билим жана тажрыйба.
2. Материалдык эмес маданий мурастардын объектилери Кыргыз Республикасынын элин руханий жана маданий жактан өнүктүрүү үчүн, ошондой эле илимий, окуу, тарбиялоо, туристтик жана экскурсиялык максаттарда колдонулат.
3. Материалдык эмес мурастарды сактоо заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы, руханий мурастардын кадыр-баркын көтөрүп, жаш муундарга өткөрүп берүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү, инвентарлоо жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастардын түрдүү формалары жөнүндө маалымат базасын түзүү менен камсыз кылынат.
4. Улуттук тизимге кирген материалдык эмес маданий мурастардын объектилерин коргоо ишке тартылган мамлекеттик мекемелеринин жыл сайын бекитилген республикалык бюджеттеринин чегинде, өз ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4-берене. Улуттук тизим
1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы материалдык эмес маданий мурастардын объектилерин Улуттук тизимге кириши боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастардын объектилеринин Улуттук тизимин бекитет, аларды сактоого, пайдаланууга жана мындан ары өнүктүрүүгө чара көрөт.
3. Материалдык эмес маданий мурастардын объектилери Улуттук тизимге кирген убакыттан баштап Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сөзсүз түрдө коргоого жана сактоого жатат.
5-берене. Материалдык эмес маданий мурастарды коргоодо жана пайдаланууда ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- материалдык эмес маданий мурастардын объектилеринин абалына контролдук (мониторинг) жүргүзөт;
- материалдык эмес маданий мурастардын объектилерин сактоо жана өнүктүрүү боюнча шарт түзөт жана чара көрөт;
- материалдык эмес маданий мурастардын объектилерин кайрадан жаратуу, сактоо, изилдеп үйрөнүү, пайдалануу жана жайылтууга багытталган республикалык максаттуу программаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүн сунуш кылат;
- материалдык эмес маданий мурастардын объектилерин таап чыгуу, сактоо жана пайдалануу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
- материалдык эмес маданий мурастардын объектилери жөнүндөгү коомчулуктун, анын ичинде жаштардын маалымат алуусу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасы 2006-жылы материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндөгү Эл аралык Конвенцияны ратификациялаган жана бул документ материалдык эмес мурастарды коргоонун укуктук негизинин эл аралык биринчи инструменти болуп калган.
Конвенция ага кирген мамлекеттерди оозеки материалдык эмес мурастарды коргоо, изилдөө жана жайылтуу иштерин камсыз кылууда мыйзамдык чараларды көрүүнү милдеттендирет, ошондой эле ЮНЕСКОнун Репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн материалдык эмес маданий мурастарынын объектилерин Улуттук тизимин көрсөтүү.
ЮНЕСКОнун Репрезентативдик тизмеси жалпы адамзаттын кенчи болгон, материалдык эмес маданий уникалдуу кереметтерин өзүнө камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий тизими өлкөнүн аймагындагы кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарынын объектилерин эсепке алуу, кайтаруу, изилдөө жана даңазалоо максатында түзүлөт.
Кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгынын керемети болуп көчмөндөрдүн цивилизациясынын поэтикалык-аткаруучулук маданиятын камтышы эпос айтуучулар, акын-импровизаторлор эсептелет. Алардын мындай өнөрлөрүнүн негизинде кыргыз эли көркөм-поэтикалык формада өздөрүнүн тарыхы жана жашоосу жөнүндөгү маалыматтарды "Манас" эпосунун үчилтигинде жана кенже эпостордо чагылдырган (Кожожаш, Курманбек, Эр-Төштүк, Олжобай менен Кишимжан, ж.б.). Кыргыз эли кошокторду, жомокторду, мифтерди, айтыш өнөрүн алып жүрүүчүлөрдөн болуп саналат.
Белгилеп кетсек, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бар болгону менен, ал көбүнчө материалдык маданий мурастар тармагын тескейт. Ал эми, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар Комитети материалдык эмес маданий мурастары боюнча атайын мыйзам болгонун талап кылат жана колдойт. Ушул мыйзам аркылуу материалдык эмес маданий мурастар тармагындагы иш-чаралар мыйзам чегинде иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат.
Бул мыйзам долбоору боюнча мамлекет Кыргыз Республикасынын элдеринин оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоо, изилдеп үйрөнүү жана жайылтуу иштерин колдойт.
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри |
Н.Шакиев |