Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №71
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы №181 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун бешинчи абзацы, 6-пунктунун 4-пунктчасы, 8-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 11-пунктунун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу депозиттерди коргоо Агенттигинин өзүн күтүүгө, анын чыгашалар бөлүгүн кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |