Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №73
Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө
Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоого байланыштуу, илим чөйрөсүндө иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө жана төлөө тартибин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү төлөөгө чыгымдарды каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөк белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |