Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №73 токтому менен бекитилген |
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий изилдөө мекемелеринин кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн ай сайын проценттик үстөктөрдү (мындан ары - үстөктөр) белгилөөнүн жана төлөөнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Иштеген жылдары - бул - эмгек стажынын бир түрү. Ал белгилүү кесиптик ишти аткаруу боюнча убакыттын узак мезгилин камтыйт, бул учурда - илим жана илимий мекемелер системасында ал үстөктөрдү эсептөө үчүн негиз болот.
3. Үстөк эмгекке акы төлөө системасында дем берүүчү төлөө болуп эсептелет, квалификациялуу кызматкерлерди кетирбөө жана илим чөйрөсүндө кадрлардын алмашуусун азайтуу максатында белгиленет.
4. Үстөк орточо эмгек акыны эсептөөнүн бардык учурларында эске алынат.
5. Иштеген жылдары үчүн үстөк төмөнкү өлчөмдөрдө иш стажына жараша кызматтык маянага карата проценттик катышта белгиленет:
- 5тен 10 жылга чейин - 10 процент;
- 10дон 15 жылга чейин - 20 процент;
- 15 жылдан жогору - 30 процент.
6. Үстөктөрдү алууга укук берүүчү иштеген жылдарына төмөнкүлөр дагы киргизилет:
- Кыргыз Республикасынын илимий, жогорку жана жалпы билим берүүчү мекемелеринде иштеген мезгили;
- анык аскер кызматында болгон мезгили;
- баласы үч жашка чыкканга чейин баланы багуу боюнча эмгек акысы сакталбастан кошумча отпускада болуу мезгили;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкердин иш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталып, иште жок болгон учуру.
7. Үстөктөрдүн өлчөмүн өзгөртүү эгерде кызматкерде үстөктөрдү дайындоого же өзгөртүүгө укугу болгон мезгил жетсе, ал ишке чыккан күндөн тартып жүргүзүлөт:
- ар жылкы төлөнүүчү же кошумча отпускада болуу;
- убактылуу эмгекке жарамсыздык;
- эмгек акысы сакталбастан отпускада болуу.
8. Үстөк негизги иштеген жери боюнча үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн бардык түрлөрүн эске албастан кызматтык маянасына белгиленет.
9. Үстөк эмгек акысы менен бир мезгилде төлөнөт.
10. Үстөктөрдү төлөө үчүн иштеген жылдары эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат.
11. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: уюмдун жетекчиси, жетекчинин орун басары, кадрлар жана юридикалык кызматтардын өкүлдөрү жана уюмдун профсоюз комитетинин же уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү.
12. Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
13. Иштеген жылдарын аныктоо үчүн негиз болуп эмгек китепче эсептелет. Эмгек китепчеси жок болгон учурда жана эмгек китепчесинде керектүү жазуулар болбогон же иш мезгили жөнүндө так эмес жазуулар болгон учурда иштеген жылдарын ырастоо үчүн иштеген мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар, буйруктардан көчүрмөлөр, өздүк эсептери кабыл алынат.
14. Үстөктөрдү белгилөө жөнүндөгү комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
15. Комиссиянын чечиминен көчүрмө эки нускада даярдалат жана төмөнкүлөргө берилет: бухгалтерияга - үстөктү эсептөө үчүн жана кадрлар бөлүмүнө - кызматкердин өздүк делосуна көктөө үчүн.