Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 593 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №79
"Өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
I бөлүм
Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Бул мыйзамдын максаты катары төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдарды жүгүртүү учурундагы коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин өндүрүш арналышындагы жарылуучу материалдарды белгиленген жүгүртүү тартибин бузуудан коргоочу абалы;
өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдар (мындан ары - жарылуучу материалдар) - өндүрүштүк максатта жарылуучу материалдарды, анын ичинде демилгечи импульс (демилгелөө каражаттары) берүүчү материалдар кошулган ок-дарыларды пайдалануу үчүн арналган жалпы аталыштар, ошондой эле пиротехникалык каражаттар жана алардын негизинде жасалган материалдар (пиротехникалык материалдар);
жарылуучу зат - тышкы таасирлердин таасири алдында айрым шарттарда газ түрүндөгү азыктарды жана жылуулуктун өтө көп өлчөмүн бөлүп чыгаруучу тез, өзүнөн өзү жайылган химиялык айланууга (жарылуу) жөндөмдүү химиялык зат же мындай заттардын аралашмасы;
демилгечи каражат - жарылуучу затты күйгүзүүчү же детонациялоочу түзүлүш;
жарылуучу материалдарды жүгүртүү - ишкердүүлүк, анын ичинде жарылуучу материалдарды өндүрүү, сыноо, таңгактоо, өткөрүү, ташуу, сактоо, колдонууга даярдоо, колдонуу, эсебин алуу, жарылуучу заттарды сатып алуу жана жок кылуу, ошондой эле аларды алып коюу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана анын чегинен сыртка алып кетүү, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу алып өтүү да кирет;
жарылуучу заттарды өндүрүү - жарылуучу заттарды жана аларды камтыган буюмдарды даярдоо, ошондой эле жаңы жарылуучу заттарды жана аларды камтыган буюмдарды иштеп чыгууга байланышкан илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер;
жарылуучу материалдарды сыноо - жардыруу иштеринде жарылуучу материалдарды пайдалануу жана сактоо үчүн алардын жарамдуулугун жана/же сапатын аныктоо;
жарылуучу материалдарды өткөрүү - менчик ээсин, колдонуучуну же көргөзүлгөн материалдарды таркатуучуну өзгөртүүгө байланышкан иштерди ишке ашыруу;
жарылуучу заттарды таңгактоо - жарылуучу заттарды бузулуудан жана булгануудан сактоо үчүн арналган каражат же каражаттар жыйындысы, аларды айлана чөйрөгө киргизбөө, ошондой эле сактоо, ташуу, пайдалануу жана аларды эсептөө мүмкүнчүлүгүн жөнгө салууну камсыз кылган шарттар;
жарылуучу заттарды ташуу - жарылуучу материалдардын ордун которуу (бир юридикалык жактын аймагында жүргүзүлгөн цех аралык жана технологиялык ташуулардан башкасы) анын ичинде ташуунун шарттарына ылайык талаптагы токтоолор, алардын ордун которгонго чейинки, которгондогу жана кийинки ташуулардын шарттарына ылайык талаптагы жарылуучу материалдар контейнерлер жана транспорттук каражаттарда дайыма турган убакыт;
жарылуучу материалдарды сактоо - жарылуучу заттарды атайын даярдалган орундарга, курулуштарга жана объектилерге жайгаштыруу;
жарылуучу заттарды колдонууга даярдоо - жарылуучу заттарды таңгактап, аларды пайдаланууга даярдоо, анын ичинде заряддык-транспорттук каражатка жүктөөгө даярдоо, демилгечи каражаттарды жана пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга жарактуу абалга алып келүү;
жарылуучу материалдарды колдонуу - жардыруу иштерин жана көргөзүлгөн материалдардын түз багыттамасы боюнча башка аракеттерди аткаруу, ошондой эле аларды өткөрүүгө даярдоо;
жардыруу иштери - жардырууларды даярдоо жана өндүрүүгө, ошондой эле алардын коркунучтуу натыйжаларын жок кылууга байланышкан технологиялык иштердин жыйындысы;
жарылуучу материалдарды жок кылуу - жарылуучу материалдарды (жаруу, күйгүзүү, сууда эритүү) зыянсыздандыруу;
маркерленген белгилер - аларды идентификациялоо жана эсептөө максаттарында жарылуучу заттарды камтыган материалдардагы же/жана алардын таңгактарындагы шарттуу жазуулар, белгилер, символдор, же/жана жарылуучу материалдарга жазылган атайын маалымат алып жүрүүчүлөр;
жарылуучу заттарды жоготуу - жарылуучу материалдарды жоготуу, ыргытуу, уурдоо учурларынын жалпы аталышы;
жарылуучу материалдардын жүгүртүүнүн субъектиси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жардыруу материалдарын жүгүртүү жаатында ишкердүүлүктүн тиешелүү түрүн жүргүзүүгө укук берилген юридикалык жак.
2-берене. Жөнгө салуу предмети жана иштөө тармагы
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жарылуучу материалдарды төмөнкү максаттарда жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктайт:
а) тынчтык максатта жардыруу кубатын пайдаланууну камсыз кылуу;
б) жарылуучу материалдар менен иштеп жаткан кызматкердин коопсуздугун камсыз кылуу, калкты, ошондой эле мүлктү жана адамды курчаган айлана чөйрөнү коргоо;
в) коомдук коопсуздукка кылмыштуу коркунуч келтиргендердин алдын алуу;
г) чарба ишмердүүлүгүнүн субъектилерин жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарынын милдеттерин жана укуктарын чектөө;
д) жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчилик белгилөө.
2. Мыйзамдын иш-аракети төмөнкүлөргө колдонулат:
а) өндүрүш арналышындагы бардык жарылуучу материалдарга;
б) жарылуучу материалдарды айлантууга катышып жаткан уюштуруучу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактарга, жана жеке жактарга;
в) жарылуучу материалдарын жүгүртүүгө байланыштуу өз ишмердүүлүгүнүн ыйгарым укугунун чегинде иш алып барып жаткан аткаруу бийлигинин органдарына, ошондой эле аларды мамлекеттик көзөмөлдөөгө.
3. Бул Мыйзамды колдонуу согуштук багыттагы жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө, ошондой эле куралдарга, ок-дарыларды жүгүртүүгө колдонулбайт.
3-берене. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүнү нормативдик жөнгө салуу
Жарылуучу материалдарды жүгүртүүнү нормативдик жөнгө салуу ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана башка нормативдик укуктук актылары, ошондой эле ушул ишмердүүлүк жаатындагы техникалык регламенттер аркылуу ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, жарылуучу материалдарды жүгүртүүнү жөнгө салган эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
4-берене. Жарылуучу материалдар менен болгон ишмердүүлүктөрдүн түрлөрү
Жарылуучу материалдар менен болгон ишмердүүлүктүн түрлөрү илимий, техникалык жана чарба маселелерин чечүү үчүн жарылуунун кубатын колдонуу менен өндүрүш иштеринин технологиялык процесстери аркылуу аныкталат.
Ишмердүүлүктүн көргөзүлгөн түрлөрүн ишке ашыруу жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатынын техникалык регламенти аркылуу жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарандык пиротехникалык каражаттарды жүгүртүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5-берене. Жарылуучу материалдардын реестри
1. Жарылуучу материалдардын реестри (мындан ары - реестр) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштө колдонуу үчүн уруксат берилген жарылуучу заттар туурасында маалыматты камтыйт.
2. Реестрди өнөр жай коопсуздугу жаатында ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
II бөлүм
Жарылуучу материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу
6-берене. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүдө мамлекеттик көзөмөл органдары
1. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүдө мамлекеттик көзөмөлдөөнү төмөнкүлөр ишке ашырат:
- ички иштер жаатында нормативдик-укуктук жөнгө салуу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана иштеп чыгуу боюнча кызматтарды аткаруучу аткаруу бийлигинин органы (мындан ары - ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу орган);
- өнөр жай коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдөө боюнча функцияларды аткарган аткаруу бийлигинин органдары (мындан ары - өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган);
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органы (мындан ары - улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу орган);
- ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы аткаруу бийлигинин органы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык жарылуучу материалдарды жүгүртүүдө мамлекеттик көзөмөл жүргүзүп жаткан аткаруу бийлигинин органдары.
2. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көргөзүлгөн органдар төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
а) ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу орган:
- пайдаланылып жаткан имаратты (курулушту) жана кампа объектилерин физикалык жана техникалык коргоо боюнча режимдик-күзөт иш чараларына, белгиленген тартипке ылайык аларга куралдуу күзөт уюштурулушуна көзөмөл жүргүзөт;
- жарылуучу материалдарды импорттоого (алып кирүүгө) уруксат берет;
- жарылуучу материалдарды өткөрүүгө лицензия берет;
- кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берет;
- жеке жактарга соттолбогондугун, же аны жоюуну аныктаган документтерди;
- жарылуучу материалдарды өткөрүү боюнча белгиленген талаптарды бузууларды ачуу максатында жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектилерине пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле юридикалык жактар колдонуп жаткан имаратка (курулушка) жана кампа объектилерине физикалык жана техникалык коргоо боюнча режимдик-күзөт чараларына, белгиленген талапка ылайык куралдуу күзөт уюштурууга, жарылуучу материалды жүгүртүүгө байланыштуу иштерге жеке жактарга берүүгө.
- жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектилеринен өздөрүнүн көзөмөл иштерин аткаруу үчүн керек болгон документтерди, же алардын көчүрмөсүн, жазуу же оозеки маалыматты талап кылууга укуктуу;
б) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган:
- жарылуучу материалдарды жүгүртүү жүргүзүлүп жаткан объектилерде өндүрүштүк коопсуздукка мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашырат;
- өндүрүш арналышындагы жарылуучу материалдарды өндүрүү, колдонуу жана жок кылууну лицензиялайт;
- жарылуучу материалдарды жүгүртүүнүн белгиленген тартибин бузууларды аныктоо жана алдын алуу үчүн, жарылуучу материалдарды колдонуу, эсебин алуу, сактоо, сатып алуу боюнча белгиленген талаптарды бузууларды аныктоо максатында жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектисине пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү ишке ашырат;
- конкреттүү объектилерде жардыруу иштерин жүргүзүүгө уруксат берет;
- жарылуучу материалдарды сактоого уруксат берет;
- жарылуучу материалдарды сатып алууга күбөлүк берет;
- өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдарды өндүрүү, колдонуу жана сактоо боюнча долбоордук документтерге өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзөт;
- жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө байланышкан жумуштарга жеке жактарды киргизүү мүмкүндүгүн аныктаган документтерди берет, узартат, токтотот же жоет.
- жардыруу материалдарын жүгүртүү субъектилеринен өзүнүн көзөмөл иштерин аткаруу үчүн керек болгон документтерди же алардын көчүрмөсүн, жазуу же оозеки маалыматтарды талап кылууга укуктуу;
- жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектилерине ведомство аралык текшерүүлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
в) жеке ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган:
- жарылуучу материалдарды экспорттоону (алып чыгууну) лицензия берет;
г) улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу орган:
- жарылуучу материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана алдын алуу максатында, ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектисине пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөргө катышат;
- жардыруу материалдарын жүгүртүү субъектилеринен, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарынан улуттук коопсуздукту камсыздоого керектүү болгон документтерди же алардын көчүрмөсүн же башка маалыматтарды белгиленген тартипте алууга укуктуу.
3. Ушул берененин экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уруксат документтеринин берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
4. Өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдарды жүгүртүү жогорку даражадагы коркунуч болуп эсептелет, аны көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7-берене. Жарылуучу материалдардын ылайыктуулугун баалоо
1. Жарылуучу материалдардын ылайыктуулугун баалоо ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган маселелерди аткаруу максатында ишке ашырылат жана сертификат берүү формасында жүргүзүлөт.
2. Жарылуучу материалдардын ылайыктуулугун баалоо милдеттүү болуп эсептелет жана техникалык регламент белгилеген тартипте аккредиттөөдөн өткөн уюмдар аткарат.
Бардык өнөр жай арналышындагы жарылуучу материалдардын ылайыктуулугу бааланууга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген жарылуучу материалдардын сертификаттарын таануу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
8-берене. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө байланышкан жоопкерчилик коркунучун камсыздандыруу
Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө байланышкан ишмердүүлүктү ишке ашырган юридикалык жактын жоопкерчилиги, башка жактардын мүлкүнө, ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтиргендиги үчүн милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандырылышы керек.
9-берене. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө белгиленген чектөөлөр жана тыюулар
1. Жарылуучу материалдарды жүгүртүү белгиленген тартипте берилген уруксаттын жана (же) лицензиянын негизинде гана болот.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) жеке ишкерлер жана жеке жактар тарабынан жарылуучу материалдарды жүгүртүү;
б) ушул мыйзамга ылайык жүгүртүүгө уруксат берилбеген жана реестрге киргизилбеген жарылуучу материалдарды колдонуу жана сатуу;
в) юридикалык жактар тарабынан табылып алынган, же аларга берилген, алардын менчиги болуп саналбаган жарылуучу материалдарды сактоо жана колдонуу, буга өнөр жай коопсуздугу жаатында ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылып, келишим боюнча жооптуу сактоого берүү, ошондой эле мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан белгиленген тартипте жарылуучу материалдарды убактылуу алып койгон учурда жооптуу сактоого берүү учурлар кирбейт;
г) жарылуучу материалдарды өндүрүү, сактоо, өткөрүү жана колдонуу, эгерде жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектисинин жарылуучу материалдарды сактоо жайы, жарылуучу материалдарды ташуу үчүн транспорттук каражаттары, коопсуздукту, сактоону, эсебин алууну камсыздоого жана жарылуучу материалдар жайгашкан жайды кайтарууну уюштурууга жооптуу кызматтык адамы, ошондой эле жарылуучу материалдар менен иштөөгө уруксаты бар жана тиешелүү квалификациясы бар персоналдары жок болсо;
д) жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн жарылуучу материалдарды колдонуу:
- техникалык регламенттин талаптарына жана жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы башка нормативдик-укуктук актылардын талабына туура келбеген;
- белгиленген тартипте өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жардыруу иштерин жүргүзүүгө жана жардыруу материалдарын колдонууга (сыноого) уруксаттар алынбаса;
е) жарылуучу материалдарды төмөнкү жайларда сактоо:
- аларды жайгаштыруу үчүн каралбаган; куралдуу кайтаруусу жок;
- өткөрүүчү жана объектинин ичиндеги режимдин кайтаруу тартибин бузуу менен;
ж) жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун бардык түрлөрүндөгү жүктөр жана кол жүгү аркылуу жарылуучу материалдарды ташуу, ошондой эле жарылуучу материалдарды почта байланышы аркылуу салуу;
з) мамлекеттик каттоо жана отчеттуулук формасында ушул максат үчүн багытталган, алардын кыймылын чагылдырбастан жарылуучу материалдарды жүгүртүү.
3. Жеке жактарга, ошондой эле юридикалык жактардын кызматкерлерине жана жумушчуларына табылган жарылуучу материалдарды сактоого тыюу салынат. Мындай заттарды, предметтерди алардын жайгашкан жерин табуу туурасында жактар дароо укук коргоо органдарына милдеттүү түрдө билдириши керек.
10-берене. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө байланышкан иштерге жеке жактарды киргизүү
1. Жарылуучу материалдар менен иштөөгө түздөн түз кирүү мүмкүндүгү жардыруу материалдарын жүгүртүү субъектисинин жетекчисинин буйругу менен жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришине уруксат берген алдын ала алынган документтин негизинде ишке ашырылат.
2. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документ эки жылдан ашык эмес мөөнөткө өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилет. Берүү, узартуу, токтото туруу жана документти жок кылуу, кирүүгө уруксатты аныктаган, ошондой эле ишке ашыруу үчүн кирүүгө уруксат алуу зарыл болгон жарылуучу материалдарга байланышкан жумуштардын тизмеси, жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламент аркылуу жөнгө салынат.
3. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документти алуу үчүн юридикалык жак өнөр жай коопсуздугу жаатынын ыйгарым укуктуу органына арыз, анын квалификациясын аныктаган документ, анкета, өздүгүн тастыктаган документ, жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө байланышкан ишти аткаруу үчүн медициналык жактан каршылыгы жок экендигин тастыктаган аткаруу бийлигинин саламаттыкты сактоо тармагы тарабынан берилген документ жана ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген анын соттолбогондугу же аны жойгондугу туурасында документти көрсөтүшү керек.
4. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документти берүүгө баш тартууга негиз болуп туура эмес, толук эмес жана бурмаланган маалыматтарды берүү болуп саналат.
5. Кирүү мүмкүндүгүн аныктоочу документ алууга талапкер жеке жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документти тариздөө (тариздөөдөн баш тартуу) мүмкүндүгү туурасындагы маалымат алууга;
- жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документти тариздөөдөн баш тарууга каршы белгиленген тартипте доо-арыз берүү.
6. Кирүү мүмкүндүгүн аныктоочу документ алууга талапкер жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документти тариздөө туурасында чечим кабыл алууга керектүү толук жана туура маалыматты берүү;
- ушул берененин төртүнчү бөлүгүнө ылайык, жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документти тариздөөгө болбой турган жагдайлар тууралуу юридикалык жактын жетекчисине маалымат берүү.
7. Жарылуучу материалдар менен иштөөгө төмөнкү жеке жактар киргизилбейт:
- жашы жыйырма жашка жете электер;
- жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатында белгиленген теникалык регламент боюнча белгиленген тартипте аттестациядан өтпөгөндөр жана ылайыктуу квалификациясы жоктор;
- атайын жасаган кылмыш иши үчүн соттолгондор же сот мөөнөтү аяктай электер;
- жарылуучу материалдар менен ишти ишке ашырууга каршы көрсөткүчү жок деген медициналык корутундуну бербегендер;
- коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка залакасын тийгизген административдик тартип бузууларды бир жылдын ичинде кайра кайталагандар;
- туруктуу жашаган жерлери жоктор.
8. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документ төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
- көрсөтүлгөн кирүүдөн өз ыктыяры менен баш тартуу;
- жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламентте белгиленген тартипте аттестациядан өз убагында өтпөгөндүгү;
- жарылуучу материалдар менен иштөөгө болбой тургандыгы жөнүндө медициналык корутунду болгон жагдайлар жаралганда;
- мындай чечим сот органдары аркылуу чыгарылган убакта;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда.
9. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документти жокко чыгарган же токтоткон учурда, жарылуучу материалдарды жүгүртүүнүн субъектисинин жетекчиси жарылуучу материалдарга байланышкан иштерден бул жакты четтете турушу керек.
10. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө арналган жумуштарга жеке жактардын киришин аныктаган документтин наркы бланк продукциясын даярдоого жана аны тариздөөгө кеткен чыгымдарга жараша белгиленет.
11-берене. Жарылуучу материалдарды жүгүртүү учурунда аларды жоготуу
1. Жүгүртүү учурунда жарылуучу материалдарды жоготуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте техникалык изилдөөгө алынат. Мындай учурлардын ар бири туурасында жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектисинин жетекчиси өнөр жай коопсуздугу жана ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында маалымдап турушу керек.
2. Жарылуучу материалдарды жүгүртүү учурунда жоготуу учурларын техникалык изилдөө боюнча атайын комиссия түзүү боюнча чечим жана бул комиссиялардын жетекчилерин дайындоону өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарылуучу материалдарды жүгүртүү учурунда жоготуу учурларын техникалык изилдөө боюнча атайын комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алууга жана мындай комиссиялардын төрагасын шайлоого укуктуу.
3. Техникалык изилдөө боюнча атайын комиссия изилдөөгө эксперттерди жана адистерди тарта алат.
Жарылуучу материалдарды жоготуунун себебин аныктаган техникалык изилдөө кеткен финансы чыгымдарын бул жоготууга жооптуу жарылуучу материалдардын жүгүртүү субъектиси тарабынан камсыздалат.
4. Техникалык изилдөөнүн материалдарында жасалган иштерде кылмыштык укук бузуулар же кылмыштар болгон деп табылса, тиешелүү жактарды жоопкерчиликке тартуу маселесин чечүү үчүн техникалык изилдөөнүн материалдары укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
5. Жарылуучу материал жоголгон учурлар мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун формасында эсепке алынышы керек.
III бөлүм
Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө байланышкан ишмердүүлүктүн укуктук жоболору
12-берене. Жарылуучу материалдарды өндүрүү жана сыноо
1. Жарылуучу материалдар өндүрүшчүлөр тарабынан өздөрүнүн керектөөсүнө жараша тиешелүү өлчөмдө, өндүрүштүн жана керектөөнүн каралган балансынын чегинде башка юридикаык жактарга сатуу үчүн, ошондой эле башка мамлекеттерге жеткирүү үчүн даярдалышы мүмкүн.
2. Жарылуучу каражаттардан ар бир өзүнчө колдонулган материалдын өз номери, ошондой эле таңгагы жана маркировкасы болууга тийиш.
Жардыруу каражаттарын маркерлөө аларды берүү учурунда техникалык регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Жарылуучу материалдарды өндүрүүнүн жана сыноонун тартиби жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламенттер менен аныкталат.
13-берене. Жарылуучу материалдарды өткөрүү
1. Жарылуучу материалдарды өткөрүүнү ишке ашырып жаткан юридикалык тараптар төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) жарылуучу материалдарды сатууга лицензиянын, сатылып жаткан жарылуучу материалдарга сертификаттын болушу;
б) жарылуучу материалдарды мындай жарылуучу материалдарды сатып алууга өнөр жай коопсуздугу жаатынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген уруксатты көргөзгөндөн кийин гана сатуу;
в) сатылган жана сатылып алынган жарылуучу заттардын эсебин жүргүзүү, ошондой эле эсеп документациясын 10 жыл аралыгында сактоо;
г) сатылган жарылуучу материалдар жана сатып алуучулар туурасында ички иштер жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында билдирүүнү үч жумушчу күндүн ичинде жиберүү;
д) жардыруу материалдарынын сакталышын, коопсуздугун жана ташуудагы сакталышын техникалык регламентке ылайык камсыз кылуу.
2. Жарылуучу материалдардын ар бир партиясы эксплуатациялык документтери жана ага ылайык сертификат менен сатылышы керек.
14-берене. Жарылуучу материалдарды сатып алуу
1. Жарылуучу материалдарды сатып алууга төмөнкү юридикалык жактар укуктуу:
а) жарылуучу материалдарды өндүрүү, сыноо, сактоо, колдонуу, ташуу жана сатуу менен алектенген жардыруу материалдарын жүгүртүү субъектилери;
б) жарылуучу материалдарды илимий-изилдөө, окуу жана көргөзүү максатында колдонушкан атайын илимий жана окуу мекемелери, эгер бул алардын уставында каралган болсо;
в) спорттук, маданий жана мергенчилик уюмдары (пиротехникалык курамдар, ок дарылар жана алардын мазмуну, ошондой эле тиешелүү демилге каражаттары).
2. Жарылуучу каражаттарды сатып алууга уруксат ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан, жарылуучу заттарды жүгүртүү субъектисине конкреттүү өлчөмгө (массага) алты айдан ашык эмес мөөнөткө берилет.
3. Жарылуучу материалдарды сатып алуу тартиби жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламенттер менен белгиленет.
15-берене. Жарылуучу материалдарды ташуу
1. Жарылуучу материалдарды ташуу ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.
2. Кооптуу жүктөрдү (жарылуучу материалдарды) ташуу төмөнкү учурларда берилет:
а) жарылуучу материалдарды ташуу учурунда жарылуучу материалдардын конкреттүү санына (массасына) алты айдан ашык эмес мөөнөт менен (юридикалык жактын бир аймагында жүргүзүлүп жаткан цех аралык жана техникалык ташуулардан башкасы), жарылуучу материалдарды кампадан аларды колдонуучу жерге чейин үзгүлтүксүз ташууда;
б) жүк ташуучу тарабынан арыз берилген учурда ташуу жүргүзүп жаткан учурда ташылып жаткан жардыруучу материалдардын конкреттүү санына (массасына) бир жолкусу үчүн, бирок, ушул берененин экинчи бөлүгүнүн "а" пунктчасында көргөзүлбөгөн башка ташууларды жүргүзгөн учурда бир айдан ашык эмес мезгилде.
3. Шашылыш учурларда жарылуучу материалдарды кырсык болгон авариялык-кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан жерге жеткирүү ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарга милдеттүү билдирүү менен, көргөзүлгөн уруксатты албастан жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Жарылуучу материалдарды ташуунун каттамы милдеттүү түрдө ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган тартипте жүргүзүлөт.
5. Бул беренеде көргөзүлгөн уруксатты алуу, кайра тариздөө же жокко чыгаруу тартиби, ошондой эле жарылуучу материалдардын сакталышын камсыз кылууну жана ташуу учурунда куралдуу кайтарууну камсыз кылуу талаптары жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламенттер менен белгиленет.
16-берене. Жарылуучу материалдарды сактоо
1. Жарылуучу материалдарды сактоо өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген атайын уруксаты бар юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
2. Жарылуучу материалдар чоочун адамдардын киришине жол бербеген, сактоонун коопсуздугун жана бек сакталышын камсыз кылган шарттарда сакталышы керек.
3. Жарылуучу материалдардын өздүк кампалары жок болгон учурда жарылуучу материалдарды сактоого жооптуу башка жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектилерине келишим боюнча сактаса болот, алар өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып, материалдык жоопкерчилик туурасында милдеттүү түрдө келишим түзүү шарты менен, белгиленген тартипте сактоо үчүн атайын уруксат алышат.
4. Жарылуучу материалдардын кампалары (жер алдындагылардан башка) ок атуучу куралдар менен куралданган күзөтчүлөр тарабынан кайтарылышы керек. Күзөттүн түрү (ведомстволук же келишим боюнча) ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылып, жарылуучу материалдардын менчик ээси тарабынан аныкталат.
5. Сактоонун шарттары жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламенттер менен белгиленет.
17-берене. Жарылуучу материалдарды колдонуу
1. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүнүн субъекттери аларды өндүрүштө, сыноо, таңгактоо, сатуу, ташуу, жарылуучу материалдарды колдонууга даярдоо, аларды эсептөө жана сатып алуу, киргизүү, чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып өтүүдө көргөзүлгөн максаттарда гана колдонуусун камсыз кылууга милдеттүү.
2. Жарылуучу материалдарды колдонуу тартиби жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламент менен белгиленет.
3. Эгер жарылуучу заттардын жоголушуна, аварияга, кызматкерлердин же калктын ууланышына, жаракат алууга, өзгөчө кырдаалды түзүүгө алып келсе, жарылуучу материалдарды колдонууга тыюу салынат.
18-берене. Жарылуучу материалдарга маркерленген белгилерди коюу
Жарылуучу каражатты камтыган материалдарда, ошондой эле жарылуучу материалдардын таңгактарына маркерленген белги коюу тартиби жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламент менен белгиленет.
19-берене. Жарылуучу материалдардын эсебин алуу
1. Жарылуучу материалдарды өндүрүү, сактоо, сатуу, колдонуу жана жоюу менен иш алып барып жаткан юридикалык жактардын жарылуучу материалдарынын эсебин алуу жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы техникалык регламент менен белгиленет.
2. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүчү субъектилер алардын эсебин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүшү керек жана эсеп документтерин он жылдын аралыгында сакташы керек.
20-берене. Жарылуучу материалдарды жок кылуу
Жарылуучу материалдарды жок кылууну өнөр жай коопсуздугу жаатынын ыйгарым укуктуу органдарынын лицензиясын алган юридикалык жактар ишке ашыра алышат.
Жарылуучу материалдарды жок кылуу учурунда ушул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптарына ылайык аларды эсепке алуу камсыз кылынышы керек.
21-берене. Жарылуучу материалдардын импорту жана экспорту
Жарылуучу материалдардын импорту жана экспорту Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын лицензиясынын негизинде юридикалык жактар аркылуу ишке ашырылат.
22-берене. Жарылуучу материалдардын транзити
Жарылуучу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу алып өтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
Ошол эле учурда, жарылуучу материалдарды ташуу бардык учурларда транспорттун тиешелүү түрүнө карата колдонулуучу тартиптерге ылайык гана аткарылат.
IV бөлүм
Жарылуучу материалдарды жүгүртүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
23-берене. Кызматтагы адамдардын жана жарандардын жоопкерчилиги
Аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдарынын, жарылуучу материалдарды жүгүртүү субъектилеринин, алардын кызмат адамдарынын жана жумушчуларынын, ошондой эле жарандардын Кыргыз Республикасынын жарылуучу материалдарды жүгүртүү боюнча мыйзамдарын бузуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик жана кылмыш жоопкерчилигин тартууга алып келет.
24-берене. Жарылуучу материалдарды алып коюу
1. Жарылуучу материалдар төмөнкү учурларда алып коюлат:
- ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген тиешелүү лицензиянын жана уруксаттын жоктугу;
- көргөзүлгөн лицензиялардын жана уруксаттардын белгиленген тартипте жокко чыгарылышы;
- жарылуучу материалдарды өндүрүүдө, сактоодо, сатууда жана колдонууда белгиленген тартиптерди бир нече жолу (жылына эки же андан ашык) бузууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттук акыркы чечим кабыл алынганга чейин;
- юридикалык жакты жойгондо;
- жарылуучу материалдарды колго же мыйзамсыз жасаган учурларда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
2. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүдө белгиленген тартипте бузуулар табылган учурда, же жарылуучу материалдарды сактоого же коопсуздугун сактоого тоскоолдук кылынган шарттарда, табылган бузулууларды жойгонго чейин, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу органы менен биргелешип убактылуу алып коюуну ишке ашырууга укуктуу.
3. Жарылуучу материалдарды алып коюунун, анын ичинде убактылуу алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Техникалык жактан колдонууга жарактуу алып коюлган жарылуучу материалдар өндүрүш арналышындагы жарылуучу материалдарды сатууга лицензиясы бар юридикалык жактар аркылуу сатылат. Бул алып коюудан түшкөн киреше Кыргыз Республикасынын бюджетине киргизилүүгө тийиш.
25-берене. Талаштарды чечүү тартиби
1. Жарылуучу материалдарды жүгүртүүгө байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын чечимине жана иштерине каршы сотко доо-арыз берилиши мүмкүн.
Арыз берүү ыйгарым укуктуу органдардын иштерин жана чечимдерин аткарууну токтотпойт.
2. Ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто чечилет.
V бөлүм
Корутунду жоболор
26-берене. Өтмө жоболор
Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жарылуучу материалдар жаатындагы лицензиялар жана уруксаттар колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок 2012-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонулат.
27-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч айдан кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-майындагы № 88 "Өнөр жайда колдонулуучу жарылуучу материалдар жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 26-майы, № 38) күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары - Долбоор) ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомство аралык комиссиянын чечимин (Протокол № 12, 2-сентябрь 2009-ж.) ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары Министрлигинин алдындагы өнөр жайдагы коопсуздукка көзөмөл жана тоо көзөмөлү боюнча Мамлекеттик инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлиги менен бирдикте иштелип чыккан.
"Өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча чечим "Өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдар жөнүндөгү" Мыйзамды "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндөгү", "Ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуунун ченемдик-укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндөгү", "Ишкердиктин субъектилерин текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү", Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келтирүү максатында келип чыккан жана зарыл болгон талаптарды чагылдыруу үчүн мыйзамдын бардык беренелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле жаңы беренелерди кошуу талап кылынды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын территориясында өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдарды айлантууда келип чыккан мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негизин жана принциптерин аныктайт жана тынчтык максаттарында жардыруунун энергиясын пайдалануу учурунда коопсуздукту камсыз кылууга, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, менчигин коргоого жана өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдарды айлантуудагы коомдук коопсуздукка кылмыштуу кол салуулардын алдын алууга багытталган.
Долбоор жарылгыч материалдарды айлантуу үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү бөлүгү боюнча Ички иштер министрлиги, Өнөр жайлык коопсуздук көзөмөлү жана тоо көзөмөлдүгү боюнча Мамлекеттик инспекциясы жана экономикалык жөнгө салуу Министрлиги ортосундагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөөнү караган. Ыйгарым укуктуу органдардын лицензиялары жана уруксаттары регулятивдик таасирди анализдөөнүн негизинде мурдатан негизделген ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомство аралык комиссиянын макулдашылган чечимдерине ылайык белгиленген. Долбоор менен көрсөтүлгөн комиссия тарабынан мурда кубатталган уруксат берүүчү документтин бир түрү, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлиги тарабынан берилүүчү жарылгыч материалдарды сактоого болгон уруксат кыскартылган. Көрсөтүлгөн уруксат жарылгыч материалдарды сактоого бериле турган күбөлүктүн ордуна Мамтоотехкөзөмөл тарабынан берилет. Мындан тышкары, Долбоорго мурда спецификалык товарларга жаткандыктан "Лицензиялоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренеси жана "Кыргыз Республикасындагы спецификалык товарларды экспорттоо жана импорттоону лицензиялоо боюнча лицензиар жана эксперттик уюмдарды бекитүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-октябрь 1998-жылдагы №709 токтому менен жөнгө салынып, "Лицензиялоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине киргизилбеген, кошумча уруксат документтери киргизилди.
Долбоор менен жеке жактардын жарылгыч материалдарды айлантууга уруксатты белгилеген, сатып алуунун, сатуунун, ташуунун, сактоонун, колдонуунун, жок кылуунун жана алып койуунун тартибин, ошондой эле жарылгыч материалдарды айлантууга байланышкан чектөөлөр боюнча жоболор аныкталган.
Бул Долбоор 2010-жылдын август айында коомдук угуулардан өтүп, жарылгыч материалдарды айлантуучу субъекттер менен талкууланып, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары Министрлигинин http://www.gео.gоv.kg/index.рhр/ru/legislation/projects/683-projects)
жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары Министрлигинин алдындагы өнөр жайдагы коопсуздукка көзөмөл жана тоо көзөмөлү боюнча Мамлекеттик инспекциянын расмий сайтында (http://www.ggtn.kg/ru/main4/draft-асts/250-аdmin) 2010-жылдын июлунан тартып жарыяланган.
Долбоорду ишке киргизүү жарылгыч материалдарды айлантуучу субъекттердин социалдык, экономикалык, укуктук жана башка жагдайлардын таасири тийбейт, анткени азыркы учурда сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунун талаптарынын негиздери камтылган "Өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштеп жатат.
Бул Мыйзамды кабыл алуу аракеттеги ченемдик укуктук актыларга тиешелүү тактоолорду киргизүүнү талап кылат, атап айтканда, төмөнкү документтерге:
- "Лицензиялоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "ички иштер органдарынын көзөмөлдүк-уруксат берүү иштерин аткаруусу жөнүндөгү Нускаманы жана ички иштер органдарынын кызматтык жана жарандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын айлантууга көзөмөлдүгү боюнча иштери жана курал-ремонт устаканаларын ачуунун тартиби жөнүндөгү Нускаманы бекитүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15-февраль 2011-жылдагы №47 токтомуна;
- "жарылгыч материалдарды айлантууга байланышкан ишмердик үчүн жактарга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндөгү, жарылгыч материалдарды жана жардыруу иштеринин приборлорун алып койуунун тартиби жөнүндөгү, жарылгыч материалдарды айлантуудан келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү жоболорду бекитүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-сентябрь 2006-жылдагы № 688 токтомуна;
- "аткаруу бийлигинин органдары жана алардын структуралык бөлүмдөрү тарабынан бериле турган уруксат берүүчү документтердин Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-февраль 2004-жылдагы №103 токтомуна.
Мындан тышкары, Мыйзамды кабыл алуу төмөнкүлөрдү иштеп чыгууну талап кылат:
- "Кыргыз Республикасына өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдарды ташып келүүнүн жана Кыргыз Республикасынан ташып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын территориясынын ичиндеги транзитинин Тартибин бекитүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын токтомун;
- "Жарылгыч заттардын жана аларды камтыган буюмдардын, алардын өндүрүү, колдонуу, сактоо, ташуу, сатуу жана жок кылуу процесстеринин коопсуздугу жөнүндөгү" техникалык регламентти.
Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары Министрлиги "Өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаңы редакциясын кароо жана макулдашуу үчүн киргизет.
Министр |
З.Эсенаманов |
|
|