КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-февралы №93
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундагы № 374 "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө" токтомун жокко чыгаруу тууралуу
Уникалдуу жаратылыш комплекстерин, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундагы № 374 "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө" токтому кабыл алынган күндөн баштап жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |