Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №93 токтому менен КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 13-июну №374

"Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө

Кен казуу тармагына инвестицияларды тартуу жана Чүй облусунун Кемин районунда геологиялык чалгындоо жана кен казуу иштерин өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркына тиешелүү жерлердин курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

- "Ак-Түз" участогу;

- "Окторкой" участогу;

- төмөнкү чектерден чыгыш тарапта жайгашкан жерлер:

чек аранын чыгыш участогу Иле Ала-Тоосунун кырында жайгашкан 4029 белгиси бар бийиктиктен башталат жана тоо кыркасы боюнча батыш багытта Басыжай суусунун башатына чейин барат жана андан ары анын нугу боюнча Чоң-Кемин суусуна куйганга чейин жетет. Андан ары Чоң-Кемин суусунун нугунун агымы боюнча жогору карай ага сол куймасы Койсуу суусуна куйганга чейин өтөт. Андан ары нук боюнча ушул суунун агымы менен жогору кетип анын сол куймасынын нугу боюнча Күңгөй Ала-Тоо кыркасынын кырында жайгашкан 4337 м белгиси бар бийиктигине чейин барат.

2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:

- "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын жерин эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин;

- "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын жаңы чек араларын сүрөттөп жазууну ушул токтомдун 1-пунктунда аталган, анын карамагынан бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен жүргүзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизишсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

И.Чудинов