Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-февралы №97
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү, ошондой эле дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
- дене тарбия жана спорт мекемелеринин администрациялык - башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык.
- 2-пунктундагы "иштеген жылдары үчүн," деген сөздөр алып салынсын;
- 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
┌─┬─────────────────────────────────────────────┬─────────────────────┐
│6│Бухгалтер │ 6000 │
└─┴─────────────────────────────────────────────┴─────────────────────┘
- 2-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
┌─┬─────────────────────────────────────────────┬─────────────────────┐
│5│Бухгалтер │ 4000 │
└─┴─────────────────────────────────────────────┴─────────────────────┘
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 5-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
5-тиркеме
┌─────────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│Иш стажы │Үстөктүн өлчөмү (процент менен) │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│Бештен он жылга чейин │10% │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│Ондон он беш жылга чейин │20% │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│Он беш жылдан ашык │30% │
└─────────────────────────────────┴───────────────────────────────────┘
Эскертүү: иштеген жылдарына үстөк төлөө үчүн иш стажы эмгек стажды аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Эмгек стажын аныктоо боюнча комиссиянын курамы спорттук мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет. Бул учурда үстөктү аныктоо үчүн дене тарбия жана спорт системасынын тармактарындагы иш стажы эсептелет.