Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-февралы №101
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
3. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн Кыргыз Республикасы зарыл мамлекеттик ички жол жоболорду аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка маалымат берсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
Жогоруда аталган Макулдашуунун максаты Түркиянын Экспорттук-кредиттик банкынын (мындан ары - Түркиянын Эксимбанкы) 49,2 млн. АКШ долларын өлчөмүндөгү кредити боюнча Кыргыз Республикасынын негизги карызынын суммасын эсептеп чыгаруу жолу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын түйшүгүн жакшыртуу болуп саналат, анткени 2011-жылдын 30-ноябрына карай Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызы 2,8 млн. АКШ долларын түзөт. Бул эсептеп чыгаруу болгон мамлекеттик тышкы карызын 5 пайызга бир убакта кыскартууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 1993-жылдын 15-январындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Түркиянын Экспорттук-кредиттик банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ылайык товардык жана инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн каражат 73,2 млн. АКШ долларын түзгөндүгүн белгилеп (37,5 млн. АКШ доллары - долбоорлорду финансылоого, 1,8 млн. АКШ доллары - айыл чарба химикаттарын сатып алуу үчүн, 36,7 млн. АКШ доллары - товардык кредит). Иш жүзүндө 48,5 млн. АКШ доллары өздөштүрүлгөн. Бул кредит көп жолу кайра түзүлгөн. 1999-жылдан кийинки азыркы учурга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган кредит боюнча милдеттенмелерди төлөөнүн эсебинен Түркиянын Эксимбанкынын эсебине 28,5 млн. АКШ долларындагы суммада каражат которгон (пайыздар боюнча - 18,4 млн. АКШ доллары, негизги сумма боюнча - 10,1 млн. АКШ доллары). 2011-жылдын 30-ноябрына карай Түркиянын Эксимбанкынын кредити боюнча Кыргыз Республикасынын негизги карызынын суммасы 49,2 млн. АКШ долларын түзгөн.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана 2012-жылдын март айында бул кредитти тейлөө боюнча кийинки төлөм келип чыккандыгын, ал өлкөнүн бюджетинин жүгүн көбөйтө тургандыгын эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзам долбооруна колдоо көрсөтүү жана аны оперативдүү тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан тапшырылган жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Секретариаты тарабынан тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" токтому менен жактырылган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
2011-жылдын 30-ноябрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызы 2,8 млн. АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жана Түркиянын Экспорттук-кредиттик банкы (мындан ары "Түркиянын Эксимбанкы") ортосундагы 1993-жылдын 15-январындагы Кредиттик макулдашууга ылайык товардык жана инвестициялык долбоорлорду каржылоого каражаттар 73,2 млн. АКШ долларын түзгөн (37,5 млн. АКШ доллары - долбоорлорду каржылоого, 1,8 млн. АКШ доллары - айыл чарба химикаттарын алууга, 36,7 млн. АКШ доллары - товардык кредит). Фактылай 48,5 млн. АКШ доллары өздөштүрүлгөн. Бул кредит бир нече жолу реструктураланган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 1999-жылдан баштап азыркы убакытка чейин, көрсөтүлгөн кредит боюнча милдеттенмелерди тындырууга Түркиянын Эксимбанкынын эсебине 28,5 млн. АКШ доллары суммасында каражаттар которулган (пайыздар боюнча - 18,3 млн. АКШ доллары, негизги сумма боюнча 10,2 млн. АКШ доллары). 2011-жылдын 30-ноябрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын Түркия Эксимбанкы алдында негизги карызынын суммасы 49,2 млн. АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаевдин жана Түркия Республикасынын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган ортосунда 2011-жылдын апрелинде Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарында Кыргыз Республикасынын Түркия Эксимбанкы алдында карызын грантка кайра түзүү жөнүндө келишимдерине ылайык, түрк тарап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы ортосунда Карызды эсептен чыгаруу жөнүндө Макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) демилгелеген. Макулдашуунун бул долбоору Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 469-р буйругу менен жактырылган. Көрсөтүлгөн Макулдашуу ички мамлекеттик жол-жоболорду өткөрүүгө берилген чектелген убакытка ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик Комитеттери менен макулдашуудан өткөрүлгөн эмес (каттар тиркелет).
Мында, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамынын 67-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына Макулдашуунун ылайыктуулугу жөнүндө сунуштары менен кат жиберген, ал Макулдашууда эске алынган (каттар тиркелет).
2011-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин жана Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүлдүн катышуусу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Түркиянын Экспорттук-кредиттик банкынын кредити боюнча эсептен чыгарууга тийиштүү негизги карызы 49,2 млн. АКШ долларын түзөт. Жогоруда аталган карызды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын жүгүн байкалаарлык жеңилдете тургандыгын өзгөчө белгилөө зарыл.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамына ылайык Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, жана 2012-жылдын мартында бул кредитти тейлөө боюнча кийинки төлөм боло тургандыгын, ал өлкөнүн бюджетине жүк боло тургандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы ортосунда Карызды эсептеп чыгаруу жөнүндө Макулдашууну" ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун ыкчам тартипте кабыл алууну суранат.
Финансы министри |
А.Жапаров |