Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-февралы №106
"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалышсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., №8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
153-статьяда:
- 2-пункттун "б" пунктчасындагы "жана оюн-зоок бизнесин жүргүзүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункттун үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- 160-берененин 1-пунктундагы "оюн-зоок жайларында" деген сөздөр алып салынсын;
-327-берененин 9-бөлүгүндөгү "оюн-зоок жайлары" деген сөздөр алып салынсын;
- 339-берененин 6-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "оюн-зоок ишин жүргүзүүчү ишкана жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 348-берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
349-берененин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 351-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "оюн автоматтары жана" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 694-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
3-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж, № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 33-берененин 4-бөлүгүнүн "д" пунктчасы алып салынсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын "Жарнак жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4,195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 16-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
5-берене.
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жылдын 8-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-беренесинин отуз бешинчи абзацындагы "казино (анын ичинде интернет-казино), оюн автоматтары, электрондук рулеткасы бар оюн-зоок жайлар" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн "д" пунктундагы "кумар оюндарындагы" деген сөздөр алып салынсын.
7-берене.
Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштерине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 1-ноябрындагы №191 Мыйзамынын 5-беренесин аткарууну көздөп ушул мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык 2012-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштерине тыюу салынат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзам актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жаралды, тактап көрсөткөндө:
- Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине;
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ишкердиктин жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (алалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
- "Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды аткарган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери жана милдеттенмелери жана мүлктөрү жөнүндө маалыматтарды жарыя кылуу жана декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына.
Ушул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама каршы келбейт.
Бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт.
Ушул Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган жобого жараша коомдук талкуудан өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык wеЬ-сайтына (www.gov.kg) жайгаштырылган.
Төрага | Ю.Тойчубеков |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Аракеттеги редакция │ Сунуш кылынган редакция │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын │
│ Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2008-жыл № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй │
│ өзгөртүүлөр киргизилсин: │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө │153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө │
│ бөлүгүндө колдонулуучу│ бөлүгүндө колдонулуучу│
│ терминдер жана │ терминдер жана │
│ аныктамалар │ аныктамалар │
│ │ │
│Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө │Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө │
│төмөнкүдөй терминдер жана │төмөнкүдөй терминдер жана │
│аныктамалар колдонулат: │аныктамалар колдонулат: │
│2) "Кайрымдуулук уюму" - │2) "Кайрымдуулук уюму" - │
│коммерциялык эмес уюм: │коммерциялык эмес уюм: │
│а) коммерциялык эмес уюмдар жана │а) коммерциялык эмес уюмдар жана │
│кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө │кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана │мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана │
│кайрымдуулук иш-аракетин жүзөгө │кайрымдуулук иш-аракетин жүзөгө │
│ашыруучу; │ашыруучу; │
│б) акциздик товарларды өндүрүү │б) акциздик товарларды өндүрүү │
│жана/же сатуу жана оюн-зоок │жана/же сатуу [жана оюн-зоок │
│бизнесин жүргүзүү боюнча │бизнесин жүргүзүү боюнча] │
│иш-аракетти жүргүзүү менен │иш-аракетти жүргүзүү менен │
│алектенбеген; │алектенбеген; │
│10) "Лотереялык ишмердик" - топтук│10) "Лотереялык ишмердик" - топтук│
│же массалык оюндарды уюштуруу │же массалык оюндарды уюштуруу │
│боюнча субъекттин иш-аракети, анын│боюнча субъекттин иш-аракети, анын│
│жүрүшүндө лотереяны уюштуруучу │жүрүшүндө лотереяны уюштуруучу │
│лотереяга катышуучулардын - │лотереяга катышуучулардын - │
│лотереялык билеттердин менчик │лотереялык билеттердин менчик │
│ээлеринин ортосунда Кыргыз │ээлеринин ортосунда Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарына │Республикасынын мыйзамдарына │
│ылайык ишке ашырылуучу лотереянын │ылайык ишке ашырылуучу лотереянын │
│байге фондунун утушун өткөрөт. │байге фондунун утушун өткөрөт. │
│Мында утуш лотереялык ишмердик │Мында утуш лотереялык ишмердик │
│субъектинин эркине жана │субъектинин эркине жана │
│иш-аракетине жараша болбойт. │иш-аракетине жараша болбойт. │
│Лотереялык ишмердикке ошондой эле │[Лотереялык ишмердикке ошондой эле│
│тотализаторду уюштуруу иштери │тотализаторду уюштуруу иштери │
│кирет. │кирет]. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│160-берене. Бул бөлүмдө │160-берене. Бул бөлүмдө │
│ колдонулуучу │ колдонулуучу │
│ түшүнүктөр жана │ түшүнүктөр жана │
│ терминдер │ терминдер │
│ │ │
│Бул бөлүмдүн максаттары үчүн │Бул бөлүмдүн максаттары үчүн │
│төмөнкүдөй түшүнүктөр жана │төмөнкүдөй түшүнүктөр жана │
│терминдер колдонулат: │терминдер колдонулат: │
│1) "Утуштар" - оюндарга, │1) "Утуштар" - оюндарга, │
│лотереяларга, утуштарга, оюн-зоок │лотереяларга, утуштарга, │
│жайларына, конкурстарга, │[оюн-зоок жайларына,] │
│мелдештерге, олимпиадаларга, │конкурстарга, мелдештерге, │
│фестивалдарга жана башка ушундай │олимпиадаларга, фестивалдарга жана│
│иш-чараларга катышуудан салык │башка ушундай иш-чараларга │
│төлөөчү ала турган натуралай жана │катышуудан салык төлөөчү ала │
│акчалай төлөмдөрдүн, байгелердин │турган натуралай жана акчалай │
│жана башка кирешелердин ар кандай │төлөмдөрдүн, байгелердин жана │
│түрлөрү. │башка кирешелердин ар кандай │
│ │түрлөрү. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│327-берене. Мүлк объектинин салык │327-берене. Мүлк объектинин салык │
│ салынуучу наркын │ салынуучу наркын │
│ аныктоо тартиби │ аныктоо тартиби │
│ │ │
│9. Ко тармактык (функциялык) │9. Ко тармактык (функциялык) │
│коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө│коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө│
│белгиленет: │белгиленет: │
│┌──────────────────────────┬─────┐│┌──────────────────────────┬─────┐│
││Тармактык таандыгы │Маа- │││Тармактык таандыгы │Маа- ││
││(объекттин функциялык │ниси │││(объекттин функциялык │ниси ││
││арналышы) │ │││арналышы) │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Мейманканалар,оюн-зоок │ 1,6 │││Мейманканалар,[оюн-зоок │ 1,6 ││
││жайлар,ломбарддар, │ │││жайлар,]ломбарддар, │ ││
││алмаштыруу пункттары │ │││алмаштыруу пункттары │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Май куюучу станциялар │ 1,4 │││Май куюучу станциялар │ 1,4 ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Чакан-базарлар, базарлар, │ 1,0 │││Чакан-базарлар, базарлар, │ 1,0 ││
││соода-рыноктук борборлор, │ │││соода-рыноктук борборлор, │ ││
││комплекстер │ │││комплекстер │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Коомдук тамактануу,соода, │ 0,8 │││Коомдук тамактануу,соода, │ 0,8 ││
││кызмат көрсөтүү │ │││кызмат көрсөтүү │ ││
││чөйрөлөрүндөгү ишканалар │ │││чөйрөлөрүндөгү ишканалар │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Темир жол вокзалдары жана │ 0,7 │││Темир жол вокзалдары жана │ 0,7 ││
││автовокзалдар, │ │││автовокзалдар, │ ││
││автостанциялар, темир жол │ │││автостанциялар, темир жол │ ││
││транспортунун жүк │ │││транспортунун жүк │ ││
││станциялары │ │││станциялары │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Администрациялык, офистик │ 0,6 │││Администрациялык, офистик │ 0,6 ││
││имараттар, бизнес-борбор- │ │││имараттар, бизнес-борбор- │ ││
││лор, банктар │ │││лор, банктар │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Транспорт ишканасы │ 0,5 │││Транспорт ишканасы │ 0,5 ││
││автосервис, байланыш жана │ │││автосервис, байланыш жана │ ││
││энергетика ишканалары │ │││энергетика ишканалары │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Коргонуу-спорт-техникалык │ 0,3 │││Коргонуу-спорт-техникалык │ 0,3 ││
││уюмдар │ │││уюмдар │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Айыл чарбалык өндүрүштүк │ 0,3 │││Айыл чарбалык өндүрүштүк │ 0,3 ││
││имараттар │ │││имараттар │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Санаторийлер, пансионат- │ 0,2 │││Санаторийлер, пансионат- │ 0,2 ││
││тар, эс алуу үйлөрү │ │││тар, эс алуу үйлөрү │ ││
│├──────────────────────────┼─────┤│├──────────────────────────┼─────┤│
││Өнөр жай, курулуш │ 0,2 │││Өнөр жай, курулуш │ 0,2 ││
││ишканалары │ │││ишканалары │ ││
│└──────────────────────────┴─────┘│└──────────────────────────┴─────┘│
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│339-берене. Калктуу конуштардын │339-берене. Калктуу конуштардын │
│ жерлерин жана айыл │ жерлерин жана айыл │
│ чарба багытында │ чарба багытында │
│ болбогон жерлерди │ болбогон жерлерди │
│ пайдалангандык үчүн │ пайдалангандык үчүн │
│ жер салмагынын │ жер салмагынын │
│ ставкалары │ ставкалары │
│ │ │
│6. Коммерциялык пайдалануунун │6. Коммерциялык пайдалануунун │
│уюмдарга жана жеке ишкерлерге │уюмдарга жана жеке ишкерлерге │
│менчик же пайдалануу укугунда, │менчик же пайдалануу укугунда, │
│жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү │жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү │
│үчүн пайдаланылчу бөлүгүндө │үчүн пайдаланылчу бөлүгүндө │
│таандык жер участоктору үчүн Кк │таандык жер участоктору үчүн Кк │
│коэффициенти төмөнкүдөй │коэффициенти төмөнкүдөй │
│максаттарга берилген жер │максаттарга берилген жер │
│участоктору үчүн төмөнкүдөй │участоктору үчүн төмөнкүдөй │
│өлчөмдө белгиленет. │өлчөмдө белгиленет. │
│7) оюн-зоок мекемелери жана │7) [оюн-зоок мекемелери жана] │
│дискотекалар - 7; │дискотекалар - 7; │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│348-берене. Милдеттүү патенттин │348-берене. Милдеттүү патенттин │
│ негизиндеги салыкты │ негизиндеги салыкты │
│ колдонуунун жалпы │ колдонуунун жалпы │
│ шарттары │ шарттары │
│ │ │
│1. Милдеттүү патенттин негизиндеги│1. Милдеттүү патенттин негизиндеги│
│салык (ушул главада мындан ары - │салык (ушул главада мындан ары - │
│салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө│салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө│
│болгон мамиледе милдеттүү негизде│болгон мамиледе милдеттүү негизде│
│төлөнөт: │төлөнөт: │
│1) муниципалдык мончолорду эске │1) муниципалдык мончолорду эске │
│албаганда сауна, мончо кызматы; │албаганда сауна, мончо кызматы; │
│2) бильярд кызматы; │2) бильярд кызматы; │
│3) ойномо автоматтарды берүү │[3) ойномо автоматтарды берүү │
│боюнча кызмат; │боюнча кызмат;] │
│4) казино кызматы; │[4) казино кызматы;] │
│5) акча алмаштыруу бюросунун │5) акча алмаштыруу бюросунун │
│кызматы; │кызматы; │
│6) дискотека кызматы; │6) дискотека кызматы; │
│7) сутка бою иштөөчү │7) сутка бою иштөөчү │
│автотуруктардын кызматы. │автотуруктардын кызматы. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│349-берене. Салык салуунун │349-берене. Салык салуунун │
│ объекти, салыктык база│ объекти, салыктык база│
│ жана салыктын ставкасы│ жана салыктын ставкасы│
│ │ │
│2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн │2. Салыктын суммасын эсептөө үчүн │
│төмөнкүдөй салыктык база жана │төмөнкүдөй салыктык база жана │
│салыктын ставкасы колдонулат: │салыктын ставкасы колдонулат: │
│┌──────────────┬────────┬────────┐│┌──────────────┬────────┬────────┐│
││Ишкердиктин │Салыктык│Салыктык│││Ишкердиктин │Салыктык│Салыктык││
││түрлөрү │база │мезгил- │││түрлөрү │база │мезгил- ││
││ │ │деги са-│││ │ │деги са-││
││ │ │лыктын │││ │ │лыктын ││
││ │ │ставкасы│││ │ │ставкасы││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││1) Сауналар- │1 сауна,│ │││1) Сауналар- │1 сауна,│ ││
││дын, мончолор-│мончо, │ │││дын, мончолор-│мончо, │ ││
││дун кызмат │жалпы │ │││дун кызмат │жалпы │ ││
││көрсөтүүлөрү │аянты: │ │││көрсөтүүлөрү │аянты: │ ││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││ │150 кв.м│30000 │││ │150 кв.м│30000 ││
││ │чейин │сом │││ │чейин │сом ││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││ │150 кв.м│50000 │││ │150 кв.м│50000 ││
││ │ашык │сом │││ │ашык │сом ││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││2) бильярд │1 стол │10000 │││2) бильярд │1 стол │10000 ││
││кызмат │ │сом │││кызмат │ │сом ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││3) ойномо │1 ойномо│10000 │││[3) ойномо │[1ойномо│[10000 ││
││автоматтарды │автомат │сом │││автоматтарды │автомат]│сом] ││
││берүү боюнча │ │ │││берүү боюнча │ │ ││
││кызмат көрсө- │ │ │││кызмат көрсө- │ │ ││
││түүлөрү │ │ │││түүлөрү] │ │ ││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││4) казино кыз-│1 оюн │300000 │││[4) казино │[1 оюн │[300000 ││
││мат көрсөтүү- │стол │сом │││кызмат │стол] │сом] ││
││лөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү] │ │ ││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││5) акча алмаш-│1 лицен-│20000 │││5) акча алмаш-│1 лицен-│20000 ││
││тыруу бюросун │зиялуу │сом │││тыруу бюросун │зиялуу │сом ││
││кызмат көрсө- │обьект │ │││кызмат көрсө- │обьект │ ││
││түүлөрү │ │ │││түүлөрү │ │ ││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││6) дискотека- │1 диско-│100000 │││6) дискотека- │1 диско-│100000 ││
││лардын жана │тека, │сом │││лардын жана │тека, │сом ││
││түнкү клубдар-│түнкү │ │││түнкү клубдар-│түнкү │ ││
││дын кызмат │клуб │ │││дын кызмат │клуб │ ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│├──────────────┼────────┼────────┤│├──────────────┼────────┼────────┤│
││7) сутка бою │1 ток- │100 │││7) сутка бою │1 ток- │100 ││
││автотуруктар- │тоочу │сом │││автотуруктар- │тоочу │сом ││
││дын кызмат │орун │ │││дын кызмат │орун │ ││
││көрсөтүүлөрү │ │ │││көрсөтүүлөрү │ │ ││
│└──────────────┴────────┴────────┘│└──────────────┴────────┴────────┘│
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│351-берене. Салыкты эсептөөнүн │351-берене. Салыкты эсептөөнүн │
│ тартиби │ тартиби │
│ │ │
│3. Калктуу конуштарда калктын │3. Калктуу конуштарда калктын │
│санына карабастан салыкты │санына карабастан салыкты │
│эсептөөдө төмөнкүдөй учурларда 1ге│эсептөөдө төмөнкүдөй учурларда 1ге│
│барабар болуучу коэффициент │барабар болуучу коэффициент │
│колдонулат: │колдонулат: │
│1) календарлык жылдын 1-июнунан │1) календарлык жылдын 1-июнунан │
│1-сентябрына чейин, тизмесин │1-сентябрына чейин, тизмесин │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү │
│аныктоочу курорттук зоналардын │аныктоочу курорттук зоналардын │
│аймагында ишке ашырылчу түрлөргө │аймагында ишке ашырылчу түрлөргө │
│карата; │карата; │
│2) ойномо автоматтарды жана │2) [ойномо автоматтарды жана] │
│бильярддарды берүүгө карата кызмат│бильярддарды берүүгө карата кызмат│
│көрсөтүү; │көрсөтүү; │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттен ажыратуунун, │
│ менчиктештирүүнүн жана ишкердиктин жалпы башталыштары жөнүндө" │
│ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын │
│ Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 22, │
│ 694-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│21-берене. Ишкердик эркиндиги │21-берене. Ишкердик эркиндиги │
│ │ │
│2. Жол берилбеген ишкердик │2. Жол берилбеген ишкердик │
│иштердин түрлөрү: │иштердин түрлөрү: │
│кумар оюндары үчүн арналган │[кумар оюндары үчүн арналган │
│оюн-зоок жайларын түзүү жана │оюн-зоок жайларын түзүү жана │
│кармоо; │кармоо;] │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына │ │
│ ("Эркин Тоо" гезитинин 2004-жылдын 24-августундагы № 71-72 сандары) │
│ төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│33-статья. Мамлекеттик кызматчынын│33-статья. Мамлекеттик кызматчынын│
│ жана анын жакын үй-бүлө│ жана анын жакын үй-бүлө│
│ мүчөлөрүнүн мүлкү жана│ мүчөлөрүнүн мүлкү жана│
│ кирешелери жөнүндө │ кирешелери жөнүндө │
│ маалыматтар │ маалыматтар │
│ │ │
│д) казино жана кумар оюндардан │[д) казино жана кумар оюндардан │
│алынган киреше (утуштар); │алынган киреше (утуштар);] │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына │
│ ("Эркин Тоо" гезитинин 1999-жылдын 6-январындагы № 1 саны) │
│ төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│16-статья. Товарлардын айрым │16-статья. Товарлардын айрым │
│ түрлөрүнүн жарнагынын │ түрлөрүнүн жарнагынын │
│ өзгөчөлүктөрү │ өзгөчөлүктөрү │
│ │ │
│6. Оюн-зоок тобокелчилигине жана │[6. Оюн-зоок тобокелчилигине жана │
│алардын уюштуруучуларынын, │алардын уюштуруучуларынын, │
│катышуучуларынын жана │катышуучуларынын жана │
│ортомчулардын, анын ичинде │ортомчулардын, анын ичинде │
│оюн-зоок жайларынын, │оюн-зоок жайларынын, │
│тотализаторлордун, букмекердик │тотализаторлордун, букмекердик │
│конторалардын өз ара мелдешине │конторалардын өз ара мелдешине │
│негизделген жарнакты (оюн-зоок │негизделген жарнакты (оюн-зоок │
│бизнесинин жарнагы) таратууга │бизнесинин жарнагы) таратууга │
│төмөндөгүлөрдө жол берилет: │төмөндөгүлөрдө жол берилет: │
│оюн-зоок бизнес уюмдарынын │оюн-зоок бизнес уюмдарынын │
│жайларында, ошондой эле аларга │жайларында, ошондой эле аларга │
│улай жайгашкан мейманканалардын, │улай жайгашкан мейманканалардын, │
│ресторандардын, эс алуу жана көңүл│ресторандардын, эс алуу жана көңүл│
│ачуу уюмдарынын жайларында; │ачуу уюмдарынын жайларында; │
│жарнак таратууга адистешкен │жарнак таратууга адистешкен │
│мезгилдүү басма сөздө, ошондой эле│мезгилдүү басма сөздө, ошондой эле│
│оюн-зоок бизнесинин кызматкерлери │оюн-зоок бизнесинин кызматкерлери │
│же оюнга жана түздөн-түз мелдешке │же оюнга жана түздөн-түз мелдешке │
│катышкан адамдарга арналган │катышкан адамдарга арналган │
│адистешкен мезгилдүү басма сөздө. │адистешкен мезгилдүү басма сөздө. │
│Оюн-зоок бизнесинин башка │Оюн-зоок бизнесинин башка │
│жарнагына жол берилбейт. │жарнагына жол берилбейт. │
│Оюн-зоок жайларынын жана │Оюн-зоок жайларынын жана │
│тотализаторлордун жайгашкан жерин │тотализаторлордун жайгашкан жерин │
│көрсөткүчтөр, анын ичинде │көрсөткүчтөр, анын ичинде │
│көрнөктөр Кыргыз Республикасынын │көрнөктөр Кыргыз Республикасынын │
│мыйзамдарына ылайык милдеттүү │мыйзамдарына ылайык милдеттүү │
│түрдө жалпыга маалымдалуучу │түрдө жалпыга маалымдалуучу │
│маалыматты гана камтый алат. │маалыматты гана камтый алат. │
│Оюн-зоок бизнесинин жарнагы │Оюн-зоок бизнесинин жарнагы │
│төмөндөгүлөрдү көздөбөшү керек: │төмөндөгүлөрдү көздөбөшү керек: │
│жарнакты керектөөчүлөрдө оюнга же │жарнакты керектөөчүлөрдө оюнга же │
│мелдешке катышуу коомдук же жекече│мелдешке катышуу коомдук же жекече│
│ийгиликке жетишүү үчүн маанилүү же│ийгиликке жетишүү үчүн маанилүү же│
│болбосо мүлктүк проблемаларды │болбосо мүлктүк проблемаларды │
│чечүүгө көмөк көрсөтөт деген көз │чечүүгө көмөк көрсөтөт деген көз │
│карашты туудурбашы; │карашты туудурбашы; │
│оюнга же мелдешке катышпаган │оюнга же мелдешке катышпаган │
│адамдарды жаманатты кылбашы; │адамдарды жаманатты кылбашы; │
│утушка кепилдик берилген же анын │утушка кепилдик берилген же анын │
│ыктымалдуулугу жогору деген көз │ыктымалдуулугу жогору деген көз │
│караш туудурбашы; │караш туудурбашы; │
│эгерде өзгөчө шарттары жана │эгерде өзгөчө шарттары жана │
│чектөөлөрү белгиленүү болсо, │чектөөлөрү белгиленүү болсо, │
│оюндарга жана мелдештерге │оюндарга жана мелдештерге │
│катышуунун же утуштарды берүүнүн │катышуунун же утуштарды берүүнүн │
│(төлөөнүн) өзгөчө шарттары жана │(төлөөнүн) өзгөчө шарттары жана │
│чектөөлөрү жашырылбашы; │чектөөлөрү жашырылбашы; │
│жашы жетпегендерге 35 жашка │жашы жетпегендерге 35 жашка │
│чейинки адамдардын образдарын │чейинки адамдардын образдарын │
│пайдалан деп түздөн-түз │пайдалан деп түздөн-түз │
│кайрылууга, ошондой эле жашы │кайрылууга, ошондой эле жашы │
│жетпегендер үчүн радио жана │жетпегендер үчүн радио жана │
│телеберүүлөрдө, басма сөздө кандай│телеберүүлөрдө, басма сөздө кандай│
│формада болбосун жайылтылбашы. │формада болбосун жайылтылбашы.] │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган │
│ кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү │
│ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" │
│ гезитинин 2006-жылдын 8-августундагы № 58 саны) │
│ төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│2-статья. Ушул Мыйзамда │2-статья. Ушул Мыйзамда │
│ колдонулган негизги │ колдонулган негизги │
│ терминдер жана │ терминдер жана │
│ түшүнүктөр │ түшүнүктөр │
│ │ │
│казино (анын ичинде интернет- │[казино (анын ичинде интернет- │
│казино), оюн автоматтары, │казино), оюн автоматтары, │
│электрондук рулеткасы, │электрондук рулеткасы,] │
│тотализатордун жабдуулары бар оюн-│тотализатордун жабдуулары [бар │
│зоок жайлары жана букмекердик │оюн-зоок жайлары] жана │
│кеңселер; │букмекердик кеңселер; │
├──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┤
│ "Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды │
│ аткарган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын │
│ кирешелери жана милдеттенмелери жана мүлктөрү жөнүндө │
│ маалыматтарды жарыя кылуу жана декларациялоо жөнүндө" │
│ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй │
│ өзгөртүүлөр киргизилсин: │
├──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┤
│4-статья. Декларацияда │4-статья. Декларацияда │
│ көрсөтүлүүгө тийиш │ көрсөтүлүүгө тийиш │
│ болгон кирешелер жана │ болгон кирешелер жана │
│ аларды алуунун булактары│ аларды алуунун булактары│
│ │ │
│1. Декларацияда ушул Мыйзамдын │1. Декларацияда ушул Мыйзамдын │
│3-статьясында аталган │3-статьясында аталган │
│маалыматтардан тышкары декларант │маалыматтардан тышкары декларант │
│жана анын жакын туугандары │жана анын жакын туугандары │
│тарабынан отчеттук мезгилде │тарабынан отчеттук мезгилде │
│алынган бардык кирешелер жөнүндө │алынган бардык кирешелер жөнүндө │
│маалыматтар, ошондой эле: │маалыматтар, ошондой эле: │
│д) мелдештерде, сынактарда алынган│д) мелдештерде, сынактарда алынган│
│байгелер, ошондой эле │байгелер, ошондой эле │
│лотереялардагы, кумар оюндарындагы│лотереялардагы, │
│утуштар; эгерде алар мыйзам менен │[кумар оюндарындагы] утуштар; │
│белгиленген жүз эсептик │эгерде алар мыйзам менен │
│көрсөткүчтөрдөн ашып кетсе, белек,│белгиленген жүз эсептик │
│материалдык жардам же мурас катары│көрсөткүчтөрдөн ашып кетсе, белек,│
│алынган акчалай каражаттар жана/же│материалдык жардам же мурас катары│
│башка мүлк; │алынган акчалай каражаттар жана/же│
│ │башка мүлк; │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|