Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы №110
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
1-берене.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 5, 749-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-беренесинин сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. 7-беренеси төмөнкү мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматкерлеринин штаттык саны жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
Бирок, Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамы менен аракетке киргизилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматкерлеринин штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө Жобону бекитүү Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарына кирбейт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституция жана мыйзамдар тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпайт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамынын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгууга киргизет.
Министри | К.Боронов |
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│Кыргыз Республикасынын мыйзамынын │Кыргыз Республикасынын мыйзамынын │
│ колдонуудагы редакциясы │ сунуш кылынган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз│"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз│
│Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз │Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз │
│Республикасынын Жогорку Кеңешинин │Республикасынын Жогорку Кеңешинин │
│ведомосттору, 2009-ж., № 5, │ведомосттору, 2009-ж., № 5, │
│749-б.) │749-б.) │
│ │ │
│5-берене. Кыргыз Республикасынын │5-берене. Кыргыз Республикасынын │
│ Президентинин Жарандык │ Президентинин Жарандык │
│ коргонуу жагындагы │ коргонуу жагындагы │
│ ыйгарым укуктары │ ыйгарым укуктары │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Президенти:│Кыргыз Республикасынын Президенти:│
│- Жарандык коргонуу жагындагы │- Жарандык коргонуу жагындагы │
│мамлекеттик саясаттын негизги │мамлекеттик саясаттын негизги │
│багыттарын аныктайт жана │багыттарын аныктайт жана │
│мамлекеттик бийлик органдарынын │мамлекеттик бийлик органдарынын │
│ишин координациялайт; │ишин координациялайт; │
│- Жарандык коргонуу маселелери │- Жарандык коргонуу маселелери │
│боюнча чечимдерди Кыргыз │боюнча чечимдерди Кыргыз │
│Республикасынын Коопсуздук │Республикасынын Коопсуздук │
│кеңешинин кароосуна коет жана │кеңешинин кароосуна коет жана │
│алардын сунуштарын эске алуу менен│алардын сунуштарын эске алуу менен│
│кабыл алат; │кабыл алат; │
│- Жарандык коргонуунун │- Жарандык коргонуунун │
│кечиктирилгис иш-чараларын │кечиктирилгис иш-чараларын │
│мамлекеттик каражаттардын эсебинен│мамлекеттик каражаттардын эсебинен│
│каржылоо маселелерин чечет; │каржылоо маселелерин чечет; │
│- өзгөчө кырдаалдардын │- өзгөчө кырдаалдардын │
│кесепеттерин жоюуда, зарылчылыкка │кесепеттерин жоюуда, зарылчылыкка │
│жараша Кыргыз Республикасынын │жараша Кыргыз Республикасынын │
│Куралдуу Күчтөрүн тартуу жөнүндө │Куралдуу Күчтөрүн тартуу жөнүндө │
│чечимди кабыл алат; │чечимди кабыл алат; │
│- Кыргыз Республикасынын Жарандык │- Кыргыз Республикасынын Жарандык │
│коргонуусунун согуш мезгилиндеги │коргонуусунун согуш мезгилиндеги │
│планын бекитет; │планын бекитет; │
│- Кыргыз Республикасынын Жарандык │- Кыргыз Республикасынын Жарандык │
│коргонуусунун согуш мезгилиндеги │коргонуусунун согуш мезгилиндеги │
│планын Кыргыз Республикасынын │планын Кыргыз Республикасынын │
│аймагында же анын айрым жерлеринде│аймагында же анын айрым жерлеринде│
│толук же жарым-жартылай өлчөмдө │толук же жарым-жартылай өлчөмдө │
│ишке киргизет; │ишке киргизет; │
│[- Жарандык коргонуунун аскерлери │- Кыргыз Республикасынын │
│жөнүндө жобону жана Жарандык │мыйзамдарына ылайык Жарандык │
│коргонуунун аскерлериндеги аскер │коргонуу тармагындагы башка │
│кызматчыларынын штаттык санын │ыйгарым укуктарды ишке ашырат. │
│бекитет;] │ │
│- Кыргыз Республикасынын │ │
│мыйзамдарына ылайык Жарандык │ │
│коргонуу тармагындагы башка │ │
│ыйгарым укуктарды ишке ашырат. │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-берене. Кыргыз Республикасынын │7-берене. Кыргыз Республикасынын │
│ Өкмөтүнүн Жарандык │ Өкмөтүнүн Жарандык │
│ коргонуу жагындагы │ коргонуу жагындагы │
│ ыйгарым укуктары │ ыйгарым укуктары │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: │Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: │
│- Жарандык коргонуу жагында │- Жарандык коргонуу жагында │
│мамлекеттик бирдиктүү саясаттын │мамлекеттик бирдиктүү саясаттын │
│жүргүзүлүшүн камсыз кылат; │жүргүзүлүшүн камсыз кылат; │
│- Конституциянын, Кыргыз │- Конституциянын, Кыргыз │
│Республикасынын мыйзамдарынын жана│Республикасынын мыйзамдарынын жана│
│актыларынын, Кыргыз │актыларынын, Кыргыз │
│Республикасынын Президентинин │Республикасынын Президентинин │
│жарлыктарынын негизинде жана │жарлыктарынын негизинде жана │
│аларды аткаруу максатында Жарандык│аларды аткаруу максатында Жарандык│
│коргонуу жагынан токтомдорун, │коргонуу жагынан токтомдорун, │
│тескемелерин, дагы башка ченемдик │тескемелерин, дагы башка ченемдик │
│укуктук актыларын кабыл алат; │укуктук актыларын кабыл алат; │
│- Жарандык коргонуу жагында │- Жарандык коргонуу жагында │
│илимий-изилдөөлөрдү иштеп чыгууну │илимий-изилдөөлөрдү иштеп чыгууну │
│жана жүргүзүүнү, атайын │жана жүргүзүүнү, атайын │
│программалардын аткарылышын │программалардын аткарылышын │
│уюштурат; │уюштурат; │
│- мамлекеттик органдардын жана │- мамлекеттик органдардын жана │
│жергиликтүү өз алдынча башкаруу │жергиликтүү өз алдынча башкаруу │
│органдарынын Жарандык коргонуу │органдарынын Жарандык коргонуу │
│жагындагы иш-милдеттерин, │жагындагы иш-милдеттерин, │
│функцияларын, иш тартибин, │функцияларын, иш тартибин, │
│укуктарын жана милдеттерин │укуктарын жана милдеттерин │
│аныктайт, Кыргыз Республикасынын │аныктайт, Кыргыз Республикасынын │
│министрликтери менен │министрликтери менен │
│ведомстволорунун базасында │ведомстволорунун базасында │
│Жарандык коргонуунун республикалык│Жарандык коргонуунун республикалык│
│кызматтарын түзүү жөнүндө чечим │кызматтарын түзүү жөнүндө чечим │
│кабыл алат; │кабыл алат; │
│- Жарандык коргонуунун │- Жарандык коргонуунун │
│муктаждыктары үчүн финансылык жана│муктаждыктары үчүн финансылык жана│
│материалдык мамлекеттик │материалдык мамлекеттик │
│резервдерди түзүүнү камсыз кылат, │резервдерди түзүүнү камсыз кылат, │
│ошондой эле аларды пайдалануунун │ошондой эле аларды пайдалануунун │
│тартибин аныктайт; │тартибин аныктайт; │
│- Жарандык коргонуунун │- Жарандык коргонуунун │
│иш-чараларын мамлекеттик │иш-чараларын мамлекеттик │
│каражаттардын эсебинен каржылоо │каражаттардын эсебинен каржылоо │
│маселелерин чечет; │маселелерин чечет; │
│- ири масштабдуу өзгөчө │- ири масштабдуу өзгөчө │
│кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга │кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга │
│жетекчилик кылуу жана алар чыккан │жетекчилик кылуу жана алар чыккан │
│учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү│учурда мамлекеттик жардам көрсөтүү│
│жөнүндө чечим кабыл алат; │жөнүндө чечим кабыл алат; │
│- мамлекеттик органдар менен │- мамлекеттик органдар менен │
│ыйгарым укуктуу мамлекеттик │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│органдардын ортосунда Жарандык │органдардын ортосунда Жарандык │
│коргонуу жагындагы маалымат жыйноо│коргонуу жагындагы маалымат жыйноо│
│жана алышуу тартибин аныктайт; │жана алышуу тартибин аныктайт; │
│- уюмдарды коркунучтуулугу күч │- уюмдарды коркунучтуулугу күч │
│объекттерге жана коргонуу жана │объекттерге жана коргонуу жана │
│экономикалык жактан маанилүү │экономикалык жактан маанилүү │
│объекттерге киргизүүнүн тартибин │объекттерге киргизүүнүн тартибин │
│аныктайт; │аныктайт; │
│- Жарандык коргонуунун │- Жарандык коргонуунун │
│кызматтарынын тизмесин аныктайт │кызматтарынын тизмесин аныктайт │
│жана алардын жоболорун бекитет; │жана алардын жоболорун бекитет; │
│- Жарандык коргонуунун кошуундарын│- Жарандык коргонуунун кошуундарын│
│түзүүнүн жана иш тартибин │түзүүнүн жана иш тартибин │
│аныктайт; │аныктайт; │
│- согуш мезгилине карата │- согуш мезгилине карата │
│аймактарды Жарандык коргонуу │аймактарды Жарандык коргонуу │
│боюнча топторго киргизүүнүн │боюнча топторго киргизүүнүн │
│тартибин аныктайт; │тартибин аныктайт; │
│- Жарандык коргонуунун коргоочу │- Жарандык коргонуунун коргоочу │
│курулмаларын жана башка │курулмаларын жана башка │
│объекттерин куруунун тартибин, │объекттерин куруунун тартибин, │
│ошондой эле Жарандык коргонуу │ошондой эле Жарандык коргонуу │
│максатында материалдык-техникалык,│максатында материалдык-техникалык,│
│азык-түлүктүк, медициналык жана │азык-түлүктүк, медициналык жана │
│башка каражаттардын запастарын │башка каражаттардын запастарын │
│түзүүнүн, сактоонун жана │түзүүнүн, сактоонун жана │
│пайдалануунун тартибин аныктайт; │пайдалануунун тартибин аныктайт; │
│- өзгөчө кырдаалдардын │- өзгөчө кырдаалдардын │
│классификациясын жана аларды │классификациясын жана аларды │
│баалоонун ченөлчөмдөрүн белгилейт;│баалоонун ченөлчөмдөрүн белгилейт;│
│- Жарандык коргонуунун тынчтык │- Жарандык коргонуунун тынчтык │
│мезгилдеги планын аныктайт жана │мезгилдеги планын аныктайт жана │
│Жарандык коргонуунун согуш учуруна│Жарандык коргонуунун согуш учуруна│
│ылайыкталган планын Кыргыз │ылайыкталган планын Кыргыз │
│Республикасынын Президентинин │Республикасынын Президентинин │
│бекитүүсүнө киргизет; │бекитүүсүнө киргизет; │
│- Кыргыз Республикасынын │[- Жарандык коргонуу аскерлеринин │
│мыйзамдарына ылайык жарандык │аскер кызматчыларынын штаттык │
│коргонуу жагынан башка ыйгарым │санын жана Жарандык коргонуу │
│укуктарды ишке ашырат. │аскерлери жөнүндө жобону бекитет;]│
│ │- Кыргыз Республикасынын │
│ │мыйзамдарына ылайык жарандык │
│ │коргонуу жагынан башка ыйгарым │
│ │укуктарды ишке ашырат. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|