Загрузка документа…
| 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №132 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонду (мындан ары - Фонд) "Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык түзүлөт.
2. Фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - БКМК) материалдык-техникалык базасын чыңдоо, анын кызматкерлеринин жана кызматчыларынын (эркин жалданган курам) өз иштеринин натыйжаларына кызыкчылыктарын жогорулатуу жана аларга белгилүү социалдык кепилдиктерди жана коргоону камсыздоо максатында түзүлөт.
3. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы БКМКнын борбордоштурулган эсебине топтолот.
2. Фонддун булактары жана түзүү тартиби
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун, кылмыштуу коомдоштуктардын (кылмыштуу уюмдардын) жана куралдуу топтордун (бандалардын) иштерине бөгөт коюу менен байланышкан кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча соттук тартипте конфискацияланган акча каражаттарынын же башка мүлктүн 30 проценти өлчөмүндөгү чегерүүлөрдөн;
- эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин гранттарынан, донордук жардамдарынан;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүмдөрдөн.
5. Фондду түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
6. Кароосунда мүлктү жана акча каражаттарын конфискациялоо боюнча материалдар турган тийиштүү мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары каражат келип түшкөндөн кийин 10 күндүн ичинде ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн чегерүүлөрдү Фонддун атайын эсебине которушат.
3. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
7. Фонддун каражаттары төмөнкү максаттарга жумшалат жана пайдаланылат:
- БКМКнын төрагасы белгилеген тартипте БКМКнын кызматкерлерин иштеги жакшы көрсөткүчтөрү үчүн, майрам күндөрүнө карата колдоо көрсөтүүгө (сыйлоого);
- БКМКнын кызматкерлерине дарылануу жана башка максаттар үчүн, анын ичинде эмгек өргүүсүнө чыкканда, ошондой эле БКМКнын иштебеген пенсионерлерине жана кызматкерлери пенсияга чыкканда бир жолу берилүүчү материалдык жардам көрсөтүүгө;
- дарылоо-ден соолугун чыңдоо мекемелерине жолдомонун наркын жарым-жартылай компенсациялоого (анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү үчүн);
- БКМКнын кызматкерлери үчүн шаардын, райондун чектеринде коомдук транспортто жүрүүнүн жана тамактануунун наркын компенсациялоого;
- БКМКнын кызматкерлери үчүн кызматтык квартираларды жана үйлөрдү сатып алууга (курууга);
- БКМКнын кызматкерлерине кайтарып берүү негизинде процентсиз ссуда берүүгө;
- БКМКнын кызматкерлеринин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, ошондой эле камсыздандырууга;
- БКМКнын кызматкерлеринин кызматтык имараттарды жана турак жайды ижарага алуусун төлөөгө;
- БКМКнын кызматкерлеринин окуу жайларда окуусуна төлөөгө;
- командировкалык чыгымдардын ордун толтурууга, БКМКнын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында семинарларды, "тегерек столдорду", социалдык-маданий, спорттук-ден соолук чыңдоочу жана кайрымдуулук иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө;
- өкүлчүлүк чыгымдарга, расмий делегациялардын жолугушуусун уюштурууга жана чыгымдар сметасы боюнча бюджеттик акча каражаттары жок болгон же жетишпеген учурда башка иш-чараларга;
- келишимдик негизде ишке тартылган адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөп берүүгө;
- БКМКнын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө (курулуш, капиталдык ремонт, компьютердик жана оргтехника, байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын сатып алуу, техникалык каражаттарды ж.б. тейлөө жана ремонттоо).
8. Фонддун акча каражаттарын чыгымдоо боюнча финансылык операциялар чыгымдардын бекитилген сметасына жана кирешелердин иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр боюнча жүргүзүлөт.
9. Фонддун каражаттарын тескөөчү БКМКнын төрагасы болот.
10. Чыгымдар сметасы мыйзамда белгиленген тартипте учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча БКМКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
4. Эсепке алуу жана отчеттуулук тартиби
11. БКМКнын Финансы-чарбалык башкармалыгынын финансылык кызматы каражаттарды түзүүнүн (түшүүсүнүн), бөлүштүрүүнүн эсебин жүргүзөт жана Фонддун каражаттары боюнча отчет берет, белгиленген тартипте бекитилген сметалык арналыштарга ылайык каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоону ишке ашырат.
12. Финансылык жылдын акырына чейин пайдаланылбаган Фонддун каражаттарынын калдыгы баштапкы баланс катары кийинки финансылык жылга которулат.
13. Фонддун аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.