Загрузка документа…
|
|
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №134 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Мүлктүк мамилелер башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Мүлктүк мамилелер башкармалыгы (мындан ары Башкармалык) жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Башкармалыктын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, функцияларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) башка бөлүмчөлөрү менен өз ара мамилелерин жана өз ара аракетин аныктайт.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Фонддун чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалык өз ишин Фонддун директорунун, Башкармалыкты тейлөөчү Фонддун директорунун орун басарынын жалпы жетекчилигинде, ошондой эле Башкармалыктын начальнигинин түздөн түз жетекчилигинде ишке ашырат.
4. Башкармалык мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча Фонддун берген функцияларын ишке ашыруучу Фонддун ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
5. Башкармалык өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот. Башкармалыктын толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Мүлктүк мамилелер башкармалыгы";
расмий тилде: "Управление имущественных отношений Фонда по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики".
Башкармалыктын штампы, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланкы, Казыналык системасында алыш-бериш эсеби жана башка эсептери болот.
6. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле Фонддун түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана аймактык органдары менен өз ара аракетте жүргүзөт.
7. Башкармалык өзүнө бекитип берилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
2. Башкармалыктын максаты
8. Башкармалыктын максаты мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугун камсыздоо болуп эсептелет.
3. Башкармалыктын милдети
9. Башкармалыктын милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын жана мамлекеттик мүлктү, анын ичинде белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке айландырылган мүлктү башкарууну жана тескөөнү ишке ашыруу;
- мамлекеттештирилген объекттерди мамлекеттин менчигине кабыл алуу боюнча практикалык чараларды ишке ашыруу.
4. Башкармалыктын функциялары
Тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүүгө жана оперативдүү башкарууга, ижарага, пайдаланууга, кийин сатып алуу менен ижарага белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү Фонддун тапшырмасы боюнча ишенимдүү башкарууга жана күрөөгө белгиленген тартипте берүүнү ишке ашыруу;
- мамлекеттештирилген мүлктү мамлекеттин менчигине кабыл алуу боюнча практикалык чараларды белгиленген тартипте ишке ашыруу;
- менчиктештирүүдөн, дивиденддерден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн жана Фонддун алыш-бериш эсебине башка түшүүлөрдөн каражаттарды белгиленген тартипте алуу жана которуу.
Жөнгө салуу функциялары:
- белгиленген тартипте мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана автотранспорт каражаттарын сатып алып жана сатууга макулдук берүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча практикалык чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлккө баалоо жүргүзүү;
- Фонддун тапшырмасы боюнча Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын алкагында фондулук рыноктордо акциялардын мамлекеттик пакеттерин жүгүртүү боюнча иштерге катышуу;
- Фонддун тапшырмасы боюнча акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордо акционердин жана мамлекеттик үлүштүн катышуусу бар чарбалык коомдордо жана башка чарбакер субъекттерде катышуучунун ыйгарым укуктарын мамлекеттин атынан ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүү жана координациялоо.
Колдоо функциялары:
- Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо;
- менчиктештирүү процессине ишкерлерди тартуу жолу менен чакан жана орто ишкерлердин ишине көмөктөшүү.
5. Башкармалыктын укугу
10. Башкармалыкка өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырышы үчүн төмөнкү ыйгарым укуктар берилген:
- Фонддун тапшырмасы боюнча мамлекеттин атынан чарбалык коомдордун уюштуруучусу катары чыгууга, акционердин жана катышуучунун ыйгарым укугун мамлекеттин үлүшү бар чарбакер субъекттерде ишке ашырууга, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга жана күрөөгө белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү ишке ашырууга;
- мамлекет акциялардын пакетине ээ болгон акционердик коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Фонддун тапшырмасы боюнча мамлекеттик ишканаларды белгиленген тартипте чарбалык коомдорго кайра өзгөртүп түзүүнү ишке ашырууга;
- мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, ижарага, пайдаланууга жана кийин сатып алуу менен ижарага белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө;
- белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге бекитип берүүгө;
- Фонддун тапшырмасы боюнча белгиленген тартипте мамлекеттин менчигинде турган объекттерди менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү маселелери боюнча консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык, коргоочу жана башка, анын ичинде чет өлкөлүк түзүмдөрдү тартууга;
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканаларынан, уюмдарынан жана мекемелеринен Башкармалыктын компетенциясына кирүүчү маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды суроого жана алууга;
- Фонддун тапшырмасы боюнча мамлекеттик мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү белгиленген тартипте сатып алууну ишке ашырууга;
- Башкармалыктын ишине байланышкан маселелерди чечүү үчүн башкармалыктын кызматкерлерин белгиленген тартипте командировкага жиберүүгө;
- берилген ыйгарым укуктарынын чегинде өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, милдеттерге ээ болууга, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- мамлекеттин үлүштүк катышуусу менен мамлекеттик ишканаларды, мекемелерди жана чарбалык субъекттерди тейлеген жетекчилерин угууга жана анын жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- белгиленген тартипте үчүнчү жактар менен келишим түзүүгө;
- Фонддун макулдугу боюнча белгиленген тартипте мамлекеттик имараттарга жана жайларга мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Фонддун тапшырмасы боюнча белгиленген тартипте акциялары же башка мүлктөрү мамлекеттештирилген юридикалык жактарга белгиленген тартипте тышкы башкаруу дайындоого жана тышкы башкаруу жүргүзүү мөөнөтүн аныктоого;
- мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык субъекттердин (мамлекеттик ишканалар, акционердик жана башка коомдор) финансылык-экономикалык ишине талдоо жүргүзүүгө;
- транспорт каражаттарын сатып алууга макулдук берүүгө.
6. Башкармалыктын иштерин уюштуруу
11. Башкармалыкты начальник башкарат. Начальник Фонддун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка менен дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Начальниктин бир орун басары болот, аны кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Фонддун директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
13. Башкармалыкты начальник, ал жок кезде - начальниктин орун басары жетектейт.
14. Башкармалыктын кызматкерлерин жумушка алуу жана кызматтан бошотуу Фонд тарабынан мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
15. Башкармалыктын кызматкерлеринин чектик саны, түзүмү жана штаттык расписаниеси Фонддун директору тарабынан бекитилет.
16. Башкармалыктын начальнигинин ыйгарым укуктары:
- Башкармалыктын ишин жетектейт;
- үчүнчү жактар менен мамилелерде Башкармалыктын атынан чыгат;
- Башкармалыктын компетенциясынын чегинде буйруктарды, ошондой эле Башкармалыктын уюштуруучулук жана башка документтерин чыгарат жана колун коет;
- Башкармалыктын атынан ишеним каттарды берет;
- мамлекеттик менчик объекттерин баалоо боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө, мамлекеттик менчик объекттеринин бааланган наркын бекитүү тууралуу, конкурстарды, аукциондорду өткөрүү жана Башкармалыктын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө буйруктарды чыгарат;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жөнүндө келишимдерди макулдашат;
- үчүнчү жактар менен келишимдерге кол коет;
- Башкармалыктын кызматкерлеринин эмгек акысын уюштуруу жана сыйлоо, жеке маяналарын жана үстөктөрүн белгилөө жөнүндө сунуштарды киргизет;
- белгиленген тартипте Башкармалыктын мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- Башкармалыктын финансылык документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ.
17. Башкармалыктын орун басары Башкармалыктын ишин координациялоону камсыз кылат, Башкармалыктын начальниги жок учурда анын функционалдык милдетин аткарат.
18. Башкармалыкта 5 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегия өз жыйындарында Башкармалыктын иштериндеги маанилүү маселелерди карайт.
Коллегиянын курамына кызматы боюнча Башкармалыктын начальниги (коллегиянын төрагасы), начальниктин орун басары, бөлүм башчылар жана сектор башчылар кирет. Коллегиянын жеке курамын Фонддун директору бекитет.
19. Башкармалыктын коллегиясы өз жыйындарында Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин чегинде маселелерди карайт.
Башкармалыктын коллегиясы:
- мамлекеттик менчик объекттерин менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча аукцион жана конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктарын бекитет;
- мамлекеттин үлүштүк катышуусу менен мамлекеттик ишканаларды, мекемелерди жана чарбалык субъекттерди тейлеген жетекчилерди угат;
- Башкарманын төрагасынын же (жана) анын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча башка маселелерди карайт.
20. Коллегия өз чечимдерин жыйындарда кабыл алат. Коллегиянын төрагасы коллегиянын ишин жетектейт жана жыйындарын башкарат, ал эми ал жок учурда бул функцияларды Башкармалыктын начальнигинин орун басары аткарат.
Коллегиянын жыйыны, эгерде ага мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелет. Коллегиянын жыйындарында маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу коллегиялуу ишке ашырылат. Чечим коллегияга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрага добуш берген чечим кабыл алынат. Коллегиянын жыйыны зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана протокол менен таризделет. Коллегиянын чечими жыйын өткөрбөстөн сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы да мүмкүн.
7. Финансы жана чарбалык иштер
21. Башкармалыктын финансы-чарбалык иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
22. Башкармалыктын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар түзөт, алар Башкармалыктын өз алдынча балансында чагылдырылат.
23. Башкармалык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо чарбалык иштерди жүргүзүүгө укуктуу эмес.
24. Башкармалыкты кармоого чыгымдар республиканын бюджеттин каражаттарынан жана Фонд которгон атайын каражаттардын эсебинен, бекитилген чыгымдар сметасына ылайык каржыланат.
25. Башкармалыктын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Корутунду жоболор
26. Башкармалыкты өзгөртүп түзүү жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.