Загрузка документа…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №135 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы (мындан ары - Маминспекция) мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы болуп эсептелет, ал санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзөт.
2. Маминспекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, башка нормативдик укуктук актыларын, жалпыга таанылган эл аралык укуктун принциптерин жана нормаларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Маминспекция юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик расмий тилдердеги аталышы, ошондой эле банктарда жана Казыналыктын системасында эсепке ээ болот.
4. Маминспекция өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги алдында жүргүзөт, аткаруу бийлигинин мамлекеттик башка органдары, саламаттык сактоо, ветеринария жана фитосанитария маселелерин тейлеген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак иштейт.
5. Маминспекция Кыргыз Республикасынын аймагын адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн жалпы болгон жугуштуу ооруларды чет мамлекеттерден алып кирүүдөн коргоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жерлерде контрол жүргүзүү жолу менен аткарат.
Маминспекция санитариялык, ветеринариялык-санитариялык жана фитосанитариялык эрежелердин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар тарабынан сакталышына контролдоо жана көзөмөлдөө жүргүзөт, буга саламаттык сактоо жана таза суу берүү объекттерин көзөмөлдөө функциялары кирбейт.
2. Мамлекеттик инспекциянын максаты
6. Калктын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, курчап турган чөйрөнү коргоо Маминспекциянын максаты болуп эсептелет.
3. Мамлекеттик инспекциянын милдеттери
7. Маминспекциянын милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- санитария, ветеринария, фитосанитария жана тамак-аш азыктардын, өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, табуу жана болтурбоо;
- санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык нормалардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган жерлерде адам, жаныбарлар үчүн жалпы ооруларды жана өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдерин алып кирүүнү, алып чыгууну жана жайылтууну болтурбоо.
4. Мамлекеттик инспекциянын функциялары
8. Маминспекция төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт.
1) Контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздуктун мамлекеттик саясатын ишке ашырат;
- тобокелдик критерийлери боюнча текшерүүлөрдүн системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Маминспекциянын көзөмөлүндө турган объекттердин санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык абалына мониторинг жүргүзөт;
- эл аралык соода өнөктөштөрдүн - мамлекеттердин санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык абалын изилдейт жана маалыматтардын негизинде коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды аныктайт;
- жалпы ууланууну, эпидемияларды, аварияларды, табигый кырсыктарды, бөөдө кырсыктарды, экологиялык кыйроолорду жана адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө коркунучтуу башка өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышат;
- жерде жүрүүчү жана абада жүрүүчү транспорттун, убактылуу сактоо кампаларынын, эл аралык почта мекемелеринин жана башка дезинфекциялык жана жуугуч комплекстердин санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык абалын көзөмөлдөйт жана контролдойт;
- пайдаланууга жана эркин соодага жарактуу болбогон азыктарды жыйноонун жана утилдештирүүнүн тартибине белгиленген талаптарга ылайык көзөмөл жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына ооруларды козгогучтарды жана зыяндуу организмдерди алып кирүүнү болтурбоону көзөмөлдөйт;
- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар (саламаттык сактоо мекемелерин жана таза суу берүү объекттерин кошпогондо) тарабынан техникалык регламенттердин жана нормативдик укуктук башка актылардын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик санитариялык, фитосанитариялык, ветеринариялык көзөмөл жүргүзөт;
- азык-түлүк, айыл чарбалык жана жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн алынган башка азыктарды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, ташууда, сактоодо, сатууда, жүгүртүүнүн өндүрүүчүдөн баштап акыркы керектөөчүгө чейинки бардык этаптарда санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык нормалардын жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйт;
- соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактанууну уюштуруу, тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндөгү өндүрүш, коомдук жайларда, имараттарда, курулмаларда жана транспорттордо санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык нормалардын сакталышын көзөмөл жүргүзөт;
- калктын ден-соолугун, жаныбарларды жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоого багытталган санитариялык, ветеринариялык-санитариялык, ветеринариялык-алдын алуу жана фитосанитариялык иш-чараларынын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- ветеринариялык, фитосанитариялык арналыштагы агрохимикаттардын, пестициддердин, химиялык жана биологиялык каражаттардын колдонулушуна, сакталышына жана алардын сатылышына көзөмөл жүргүзөт;
- ветеринариялык, фитосанитариялык жана санитариялык контролго алынуучу товарларды (жүктөрдү) экспорттоодо, импорттоодо жана транзит кылууда, убактылуу сактоо кампаларында (УСК) нормалардын жана регламенттердин сакталышын контролдойт жана көзөмөлдөйт;
- алкоголдуу жана спирттүү продукциянын сапатын жана коопсуздугун, этил спиртинин сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөйт жана контролдойт;
- санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатындагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт.
2) Жөнгө салуу функциясы:
- товарларды (жүктөрдү) экспорттоодо, импорттоодо, реэкспорттоодо жана эл аралык транзит кылууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмеге ылайык тиешелүү коштоочу документтерди берет;
- республиканын булганган зонасынан жаныбарларды, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарды алып чыгууну контролдойт;
- калктын санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык жактан коопсуздугу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары жана чарбакер субъекттери менен эриш-аркак иштейт;
- санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча республиканын жана башка мамлекеттердин илимий-изилдөө мекемелери менен эриш-аркак иштейт.
3) Кызмат көрсөтүү функциясы:
- акы төлөнүүчү кызматтарды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык көрсөтөт.
4) Колдоо функциясы:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасын кызыкчылыгын эл аралык уюмдарда жана чет мамлекеттерде билдирет;
- бөлүнгөн лимиттердин жана фонддордун чегинде, финансылык жана материалдык ресурстарды борбордоштуруп каржылайт жана аларды бөлүштүрөт, ошондой эле ведомстволук уюмдардын финансылык-чарбалык ишин контролдойт.
5. Мамлекеттик инспекциянын укуктары
9. Маминспекция төмөнкүлөргө укуктуу:
- тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк сырьесун өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, даярдоо, ишке ашыруу жана утилдештирүү боюнча ишканаларды менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөөгө жана контролдоого;
- санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык жагдай жөнүндө зарыл болгон маалыматты мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан алууга;
- табылган бузууларды жоюу боюнча санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык иш-чараларды өткөрүүнү ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана жарандардан талап кылууга;
- табылган бузуулар үчүн белгиленген тартипте администрациялык жаза берүүгө, бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө жана Мыйзамдарда каралган башка чараларды көрүүгө;
- белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга материалдарды укук коргоо органдарына белгиленген учурларда берүүгө;
- зарыл болгон учурда өзгөчө комиссияларды белгиленген тартипте түзүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды берүүгө;
- белгиленген тартипте лабораторияда изилдөө үчүн тамак-аш азыктарынан жана азык-түлүк сырьесунан сынамыктарды тандап алууга;
- Маминспекция контролдоочу материалдардын (жүктөрдүн, азыктардын жана товарлардын) номенклатурасына ылайык алып кирүүчү жана алып чыгуучу жүктөр жөнүндө маалыматтарды бажы кызматынын органдарынан, темир жол станцияларынан, автовокзалдардан (автобекеттерден), аэропорттордон, почтамптардан жана башка уюмдардан, мекемелерден сурап алууга;
- өтө коркунучтуу жана башка оорулардын пайда болуусунун жана жайылуусунун тобокелдиги пайда болгон учурда жеке жана юридикалык жактардын чарбалык ишин Мыйзамдарда белгиленген тартипте токтотуп турууга;
- табылган санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык бузууларды видео жана фотосүрөт менен ырастоо;
- кызмат контролдоочу жүктөрдү коштоочу документтери жок республиканын ичине ташып кирүүгө, республиканын аймагына алып кирүүгө, транзит кылууга жана республиканын чегинен тышкары ташып чыгууга Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларда тыюу салууга.
10. Маминспекциянын жетекчилеринде жана адистеринде кызматтык күбөлүк болот жана алар кызматтык милдеттерди аткарууда белгиленген үлгүдөгү формалык кийимди кийүүгө милдеттүү.
Маминспекциянын кызматкерлери төш белгиси бар формалык кийимди кийүүгө укуктуу.
6. Мамлекеттик инспекциянын ишин уюштуруу
11. Маминспекцияны директор - Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитариялык врачы жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директордун биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик ветеринариялык инспекторун Маминспекциянын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директордун орун басары - Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик фитосанитариялык инспекторун Маминспекциянын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Статс-катчыны кызматка дайындоо, бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө Мыйзамдарда аныкталат.
Маминспекциянын директорунун милдетин аткаруу, ал жок болгон учурда, анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Мамлекеттик аймактык инспекциялардын начальниктерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Маминспекциянын директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
12. Маминспекциянын директору:
- Маминспекциянын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Маминспекцияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик башка органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамиле түзгөндө Маминспекциянын атынан чыгат;
- директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- Маминспекциянын борбордук аппаратынын, региондук бөлүмдөрдүн түзүмүн, штаттык расписаниесин эмгек акы төлөөнүн фондусунун белгиленген нормасынын жана Маминспекциянын кызматкерлеринин чектүү штаттык санынын чегинде бекитет;
- Маминспекциянын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана региондук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- сыйлоо жана жаза чараларын Мыйзамдарда белгиленген тартипте колдонот;
- буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- зарыл болгон учурда даттануулар жана арыздар боюнча оперативдүү чара көрүү комиссиясын түзөт;
- борбордук аппараттын мамлекеттик инспекторлорунун, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Маминспекциянын системасынын кызматкерлерин өзгөчөлүк белгилери, ардак грамоталар менен сыйлайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте көрсөтөт;
- статс-катчыга Маминспекциянын компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткарууну мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүктөйт;
- Маминспекциянын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
13. Коомчулук менен макулдашып эриш-аркак иштөө максатында Маминспекцияда Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт:
Коомдук байкоочу кеңештин иши Мамлекеттик органдагы коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
Маминспекцияда мамлекеттик кызматкердин этикасы боюнча кеңеш түзүлөт.
14. Маминспекцияда 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызматы боюнча директор (төрага), статс-катчы, орун басарлар эсептелет. Коллегиянын калган мүчөлөрүн директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.
15. Статс-катчы Маминспекциянын органдарынын системасында мамлекеттик администрациялык кызмат орунун ээлеген мамлекеттик кызматкерлерди кызматка дайындоо, которуу, ротациялоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды дайындайт.
16. Маминспекциянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери коопсуздук багыттары боюнча мамлекеттик инспекторлор болуп эсептелет.
17. Инспекция жүргүзүү укугу берилген Маминспекциянын кызматкерлери кызмат адамдары болуп эсептелет, аларда ысымы жазылган жана номери бар мөөрлөр болот, алар Маминспекциянын директору белгилеген тартипте берилет.
Маминспекциянын кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктун бланктарын жана отчеттуулук формаларын колдонот.
18. Маминспекция органдарынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Жоопкерчилик
19. Маминспекциянын кызмат адамдары өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган учурда же талаптагыдай аткарбаганда, мыйзамсыз иш-аракеттерди кылганда (иш-аракет кылбаганда) тартиптик, администрациялык, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык тартат.
20. Маминспекциянын кызматкерлеринин иш-аракеттерине каршы доо-арыз Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте берилиши мүмкүн.
8. Мүлкү жана финансы
21. Маминспекциянын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
22. Маминспекцияны каржылоо төмөнкүлөрдөн жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттен;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган башка булактардан.
9. Кайра уюштуруу жана жоюу
23. Маминспекцияны кайра уюштуруу жана жоюу, жоюу же кайра уюштуруу учурунда мүлктү бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.