Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
|
|
2012-жылдын 20-февралы № 135
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" жана 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин реформалоого байланыштуу уюштуруучу чаралар жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын иштөөсү үчүн зарыл болгон каражаттарды 2012-жылга республикалык бюджетти түзгөндө эсепке алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүн каржылоону 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө. Бабанов |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкаруу СХЕМАСЫ
┌───────────────────┐ ┌──────────────────┐ ┌───────────────┐
│Бишкек шаары боюнча│<────┤Борбордук аппарат ├────>│Ош шаары боюнча│
│ инспекция │ └─────────┬────────┘ │ инспекция │
└───────────────────┘ │ └───────────────┘
│
v
┌────────────────────────────────────┐
│ │
┌────────────┐ │ ┌────────────┐ ┌────────────┐ │
│Ысык-Ата │ │ │Тоң райондор│ │Жалал-Абад │ │
│райондор │<─┼─>│аралык │ │райондор │<──┤
│аралык │ │ │инспекция │ │аралык │ │
│инспекция │ │ │ │ │инспекция │ │
└────────────┘ │ └────────────┘ └────────────┘ │
┌────────────┐ │ ┌────────────┐ ┌────────────┐ │ ┌────────────┐
│Жайыл район-│ │ │Ысык-Көл │ │Аксы │ │ │Тогуз-Торо │
│дор │<─┼─>│райондор │ │райондор │<──┼──>│райондук │
│аралык │ │ │аралык │ │аралык │ │ │инспекция │
│инспекция │ │ │инспекция │ │инспекция │ │ └────────────┘
└────────────┘ │ └────────────┘ └────────────┘ │
┌────────────┐ │ ┌────────────┐ ┌────────────┐ │ ┌────────────┐
│Кара-Буура │ │ │Нарын │ │Баткен │ │ │Чаткал │
│райондор │<─┼─>│райондор │ │райондор │<──┼──>│райондук │
│аралык │ │ │аралык │ │аралык │ │ │инспекция │
│инспекция │ │ │инспекция │ │инспекция │ │ └────────────┘
└────────────┘ │ └────────────┘ └────────────┘ │
┌────────────┐ │ ┌────────────┐ ┌────────────┐ │ ┌────────────┐
│Талас │ │ │Кара-Суу │ │Кадамжай │ │ │Лейлек │
│райондор │<─┼─>│райондор │ │райондор │<──┼──>│райондук │
│аралык │ │ │аралык │ │аралык │ │ │инспекция │
│инспекция │ │ │инспекция │ │инспекция │ │ └────────────┘
└────────────┘ │ └────────────┘ └────────────┘ │
┌────────────┐ │ ┌────────────┐ ┌────────────┐ │ ┌────────────┐
│Кочкор │ │ │Өзгөн │ │Токтогул │ │ │Алай │
│райондор │<─┼─>│райондор │ │райондор │<──┼──>│райондук │
│аралык │ │ │аралык │ │аралык │ │ │инспекция │
│инспекция │ │ │инспекция │ │инспекция │ │ └────────────┘
└────────────┘ │ └────────────┘ └────────────┘ │
┌────────────┐ │ ┌────────────┐ │ ┌────────────┐
│Каракол │ │ │Ноокен │ │ │Чоң-Алай │
│райондор │<─┴─>│райондор │ └──>│райондук │
│аралык │ │аралык │ │инспекция │
│инспекция │ │инспекция │ └────────────┘
└────────────┘ └────────────┘