Загрузка документа…
| 6-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти (мындан ары Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүгү болуп саналат, ал өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагынан атайын ыйгарым укуктуу орган, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, илдеттерден жана отоолордон коргоо, ошондой эле фитосанитардык карантиндик иш-чараларды жүргүзүү жагынан мамлекеттик саясатты турмушка ашыруу боюнча ишти жүргүзөт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин приказдарын жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин Министрликтин ведомстволук бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын башка министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык, коомдук уюмдар менен байланышта жүргүзөт.
Департамент өз ишинде Министрликке отчет берет.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы бар мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш эсеби болот.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин жана Өсүмдүктөрдүн карантини мамлекеттик кызматынын укуктарын мурастоочу болуп саналат, буга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү карантини мамлекеттик кызматынын курамынан чыгарылган функциялар жана түзүмдөр кирбейт.
6. Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп саналат.
Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо боюнча департаменти";
- расмий тилде: "Департамент химизации и защиты растений Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".
7. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 241.
2. Департаменттин максаты
8. Департаменттин максаты болуп фитосанитардык коопсуздукту жана пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөөнү камсыз кылуу, ошондой эле дыйканчылыктын натыйжалуулугун арттыруу саналат.
3. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- пестициддер жана агрохимикаттар менен иштөө, өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди белгиленген тартипте жөнгө салуу;
- карантиндик жана жөнгө салынуучу (өзгөчө коркунучтуу) карантиндик эмес зыяндуу организмдердин пайда болушун жана таралышын болтурбоо;
- кыртыштын күрдүүлүгүн сактоо жана арттыруу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу.
4. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизүү;
- карантиндик жана жөнгө салынуучу (өзгөчө коркунучтуу) карантиндик эмес зыяндуу организмдердин пайда болушунун жана таралышынын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча, ошондой эле кыртыштардын күрдүүлүгүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды турмушка ашыруу;
- фитосанитардык тобокелдиктерди белгиленген тартипте аныктоо, баалоо жана башкаруу;
- айыл чарбасында пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу технологияларын жана регламенттерин иштеп чыгуу;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жагынан илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын илимий мекемелер менен бирдикте макулдашуу жана аныктоо.
2) Жөнгө салуу функциялары:
- мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоо сыноолорун уюштуруу, жүргүзүү жана натыйжаларын талдоо;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноолорун уюштуруу жана мамлекеттик каттоо;
- пестициддерди жана (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүктөрүн берүү;
- пестициддерди же агрохимикаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун жүргүзүү;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык жаратылышты пайдалануучулар аткарууга милдеттүү болгон пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында жана токой чарбасында пайдалануу үчүн пестициддердин жана агрохимикаттардын тизмесин бекитүүгө киргизүү;
- эксперименттерди (сыноолорду) жүргүзүү максатында катталбаган пестициддерди жана агрохимикаттарды ташып келүүгө белгиленген тартипте уруксат берүү;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо жана аларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн алардын келечектеги ассортиментин аныктоо;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган пестициддердин мамлекеттик запасын түзүү жана аларды өзгөчө коркунучтуу организмдерге жана карантиндик объекттерге каршы күрөшүү үчүн республиканын региондоруна таратуу;
- зыяндуу организмдердин статусун аныктоо, карантиндик жана жөнгө салынуучу (өзгөчө коркунучтуу) карантиндик эмес зыяндуу организмдердин тизмесин түзүү жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизүү;
- карантиндеги импорттолуучу жүктөргө; карантиндеги продукцияны жана башка карантиндеги материалдарды өндүргөн, сактаган, кайра иштеткен жана сатып өткөргөн, ошондой эле жукпас кылууну (зыянсыздандырууну) жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге фитосанитардык талаптарды иштеп чыгуу;
- эркин зоналардын, зыяндуу организмдердин саны төмөн зоналардын, карантиндик зоналардын жана фитосанитардык тобокелдикти талдоо (ФТТ) зоналарынын чектерин, ошондой эле өндүрүштүн бош жерлерин жана зыяндуу организмдерден бош өндүрүш участокторун белгиленген тартипте аныктоо жана макулдашуу;
- карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдерге каршы күрөшүүгө багытталган айыл чарба ишин жүргүзүүнүн карантиндик жана өзгөчө режимдерин белгиленген тартипте, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын, пестициддер жана агрохимикаттар менен иштөөгө байланышкан экологиялык кырсыктардын учурунда киргизүү жана алып салуу.
3) Координациялоо, контролдоо жана мониторинг функциялары:
- адамдардын саламаттыгы жана айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу эмес пестициддерди жана агрохимикаттарды изилдөөнү уюштуруу жана алардын биологиялык, токсикологиялык жана экологиялык регламенттерин текшерүү;
- карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдердин таралуу чордондорун табуу максатында айыл чарба жерлерин текшерүүнү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасында катталбаган жана колдонууга тыюу салынган пестициддерди жана агрохимикаттарды жүгүртүүнү болтурбоо;
- фитосанитардык жана агрохимиялык жагдайдын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыяндуу организмдеринин таралышынын, өсүмдүк продукциясынын, кыртыштардын жана сугат суулардын Кыргыз Республикасынын айыл чарба жерлериндеги пестициддер жана агрохимикаттар менен булганышын мониторингдөө жана болжолдоо;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын карантиндик жана карантиндик эмес зыяндуу организмдерге каршы күрөштү, өсүмдүк продукциясынын, кыртыштардын жана сугат суулардын пестициддер жана агрохимикаттар, алардын кошулмалары менен булганышына, алардын тамак-аш азыктарында, тоютта, кыртышта, балык чарба көлмөлөрүнүн сууларында максимум жол берилген чектен ашык топтолушуна каршы күрөшүүнүн профилактикалык чараларын жүргүзүүнү уюштуруу боюнча эриш-аркак аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- карантиндик объекттерди өз учурунда табуу, локалдаштыруу жана жоюу, ошондой эле илдет жугуштуу аймакка карантин коюу максатында айыл чарбалык жана башка жерлерди контролдук текшерүүнү жүргүзүү;
- импорттук үрөн себилген сорт участокторун, оранжереяларды жана айыл чарба айдоолорун, карантиндик объекттерден тыш болгон үрөндүк жана отургузулуучу материалды чыгарууну камсыз кылуу максатында питомниктерде, илим-изилдөө мекемелеринде, үрөнчүлүк жана гүл-декорациялык чарбаларда үрөн себилген жана көчөт отургузулган жерлерде контролдук текшерүүнү жүргүзүү.
4) Кызмат көрсөтүү функциялары:
- өзгөчө коркунучтуу, карантиндик зыянкечтерди, ылаңдарды жана отоолорду локалдаштыруу жана жоюу боюнча мамлекеттик иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- зыяндуу организмдерди табуу үчүн айыл чарба жерлерин текшерүү жана жеке жана юридикалык жактардын заказдары боюнча аларга каршы күрөшүүнүн химиялык жана башка ыкмаларын колдонуу;
- өсүмдүктөн алынган продукцияны, идиштерди, орооч материалдарды, сактоо жайларын, транспорт каражаттарын жана башка мамлекеттерден, ошондой эле республиканын карантиндик зоналарынан келип түшкөн, карантинге алынуучу башка продукцияны зыянсыздандырууну уюштуруу жана жүргүзүү;
- республикага импорттолуучу жана экспортко, ошондой эле республиканын карантиндик жугуштуу объекттеринен тыш зоналарына жөнөтүлүүчү үрөндү, өсүмдүктөрдү жана өсүмдүктөн алынган продукцияны жана башка карантинге алынчу материалдарга лабораториялык экспертиза жасоо;
- пестициддердин жана агрохимикаттардын калдык санынын курамы, ошондой эле алардын стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келиши жагынан өсүмдүктөргө, кыртышка, сугат сууларга химиялык анализ жасоо.
5) Колдоо функциялары:
- зыянкечтердин, илдеттердин жана отоолордун алдын алуу, аларга каршы күрөшүү жана аларды жоюу боюнча, ошондой эле айыл чарбалык өсүмдүк продукциясынын сапатын жана кыртыштын күрдүүлүгүн арттыруу боюнча сунуштарды берүү;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини жагынан саясатты түзүү боюнча өз компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини жагынан пропаганданы уюштуруу, атайын адабиятты чыгаруу, саясатты түзүү жагынан тематикалык талкууларга, көргөзмөлөргө, ярмаркаларга, көрсөтмөлөргө, семинарларга, кеңешмелерге, симпозиумдарга, эл аралык жолугушууларга жана башка иш-чараларга катышуу;
- катталган жаңы пестициддерди жана агрохимикаттарды ачык сыноолорду жана аларды колдонуу технологияларын катталуучунун эсебинен юридикалык жактар (даярдоочулар) жана уюмдар менен макулдашуу;
- зыянкечтердин, илдеттердин жана отоолордун пайда болушунун мөөнөттөрү жөнүндө кыска мөөнөттүү, узак мөөнөттүү жана сезондук болжолдорду түзүү, аларга каршы күрөшүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмалары, ошондой эле агрохимиялык иштерди пестициддер жана агрохимикаттар менен жүргүзүүнүн ылайыктуу мөөнөттөрү жөнүндө өз учурундагы сигналдык билдирүүлөрдү уюштуруу.
5. Департаменттин укуктары жана милдеттери
11. Департамент өз компетенциясынын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо учурунда кабыл алынган колдонуу технологияларын жана регламенттерин бузуу менен жүргүзүлгөн пестициддер жана агрохимикаттар менен жүргүзүлгөн айыл чарба иштерин убактылуу токтотууда көзөмөлдөөчү органдарга көмөктөшүүгө;
- мамлекеттик каттоодон өтпөгөн пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүгө тыюу салууда көзөмөлдөөчү органдарга көмөктөшүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан объекттердин фитосанитардык жана агрохимиялык абалын текшерүү үчүн аларга мыйзамдарда белгиленген тартипте барууга;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруунун, коргоонун жана карантининин маселелери боюнча саясатты турмушка ашыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кеңешмелерге, симпозиумдарга жана семинарларга катышууга;
- менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерден себилген жана көчөт отургузулган жерлердин, кыртыштардын жана сугат суулардын, үрөндүк материалдын фитосанитардык (карантиндик) жана агрохимиялык абалы, ошондой эле пестициддер жана агрохимикаттар менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды сурап алууга;
- санитардык-гигиеналык талаптарга жана коопсуздук техникасына жооп бербеген пестициддерди жана агрохимикаттарды, ошондой эле ууландырылган үрөндүк материалды сактоо үчүн кампаларды, сактоочу жайларды пайдаланууга тыюу салууда көзөмөлдөөчү органдарга көмөктөшүүгө;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруунун, коргоонун жана карантининин маселелери боюнча саясатты турмушка ашыруу үчүн илимий-техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, топторду, комиссияларды уюштурууга;
- өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини жагынан ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү же жокко чыгаруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды сыноо боюнча ишке эксперттерди жана адистерди заказчылардын эсебинен келишимдик шартта ишке тартууга;
- ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү адистери менен бирдикте пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноолорунун натыйжаларына зарыл экспертизаларды жүргүзүүгө;
- "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пестициддерди жана агрохимикаттарды пайдалануунун регламенттерин бузуулар, ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини жагынан кесепеттерге алып келген мыйзам бузуулар жөнүндө материалдарды көзөмөлдөөчү органдарга жөнөтүүгө;
- зыянкечтердин жана илдеттердин массалык таралышынын, өсүмдүктөрдүн, кыртыштын жана сугат суулардын пестициддер жана агрохимикаттар менен булганышынын алдын алуу жана чордондорун жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен түзүлгөн шашылыш комиссияларды түзүүгө жана алардын ишине катышууга.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментке директор башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаментте директордун орун басарларынын кызмат орду каралат, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Департаменттин директору:
- Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин жетектейт жана координациялайт;
- Департаментке жүктөлгөн функциялардын жана милдеттердин толук жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жооп берет;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Департаменттин директорунун орун басарларынын жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин арасында милдеттерди бөлүштүрөт;
- Департаменттин бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы фондунун чектеринде чыгымдар сметасын жана штаттык санды Министрликке бекитүүгө сунуш кылат;
- Департаменттин айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого талапкерлердин тизмелерин Министрликке берет;
- Департаменттин жетекчилерин, адистерин жана башка кызматкерлерин сыйлайт жана аларга тартиптик жаза колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаментке жетекчилик кылуу жана анын иши менен байланышкан башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7. Департаменттин ишин каржылоо
15. Департаменттин ишин каржылоонун негизги булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесине) ылайык Департаменттин кызмат көрсөтүүлөрүнөн алынган каражаттар.
16. Департамент белгиленген тартипте берилген мамлекеттик имараттарды, курулуштарды, жабдууну, шаймандарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды операциялык башкаруу укугунда пайдаланат.
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
17. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
┌───────────────────────────────────────────────┐
│ Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо │
┌────┤ департаменти ├────┐
│ └──────────────────────┬────────────────────────┘ │
│ │ │
│ │ │
┌─────┴────────┬──────────────────┴───────┬────┬────────────────┘
│ │ Аймактык органдар │ │
│ └──────────────────────────┘ │
│ │
│ ┌──────────────────┐ ┌──────────────────┐ │ ┌──────────────────┐
│ │ Бишкек шаардык │ │ Кара-Суу район │ │ │Ош адистештирилген│
├──┤ өсүмдүктөрдү │ │ аралык ├───┼───┤ контролдук- │
│ │химиялаштыруу жана│ │ өсүмдүктөрдү │ │ │ токсикологиялык │
│ │ коргоо бөлүмү │ │химиялаштыруу жана│ │ │ лабораториясы │
│ └──────────────────┘ │ коргоо бөлүмү │ │ └──────────────────┘
│ ┌──────────────────┐ └──────────────────┘ │ ┌──────────────────┐
│ │Талас район аралык│ ┌──────────────────┐ │ │ Өсүмдүк карантини│
├──┤ өсүмдүктөрдү │ │Сузак район аралык├───┼───┤ боюнча борбордук │
│ │химиялаштыруу жана│ │ өсүмдүктөрдү │ │ │ лаборатория │
│ │ коргоо бөлүмү │ │химиялаштыруу жана│ │ └──────────────────┘
│ └──────────────────┘ │ коргоо бөлүмү │ │ ┌──────────────────┐
│ ┌──────────────────┐ └──────────────────┘ │ │ Ош өсүмдүк │
│ │ Ак-Суу район │ ┌──────────────────┐ ├───┤ карантини боюнча │
│ │ аралык │ │ Борбордук │ │ │ лаборатория │
├──┤ өсүмдүктөрдү │ │ адистештирилген ├───┤ └──────────────────┘
│ │химиялаштыруу жана│ │ контролдук- │ │ ┌──────────────────┐
│ │ коргоо бөлүмү │ │ токсикологиялык │ └───┤ Фитосанитардык │
│ └──────────────────┘ │ лаборатория │ │ коопсуздук бөлүмү│
│ └──────────────────┘ └──────────────────┘
│ ┌──────────────────┐
│ │ Баткен район │
│ │ аралык │
├──┤ өсүмдүктөрдү │
│ │химиялаштыруу жана│
│ │ коргоо бөлүмү │
│ └──────────────────┘
│ ┌──────────────────┐
│ │Нарын район аралык│
├──┤ өсүмдүктөрдү │
│ │химиялаштыруу жана│
│ │ коргоо бөлүмү │
│ └──────────────────┘
│ ┌──────────────────┐
│ │ Аламүдүн район │
│ │ аралык │
└──┤ өсүмдүктөрдү │
│химиялаштыруу жана│
│ коргоо бөлүмү │
└──────────────────┘