Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 573 токтому менен бекитилген |
1-бап. Жалпы жоболор
2-бап. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
3-бап. Автотранспорттук каражатта сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгисин колдонууга укук
4-бап. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууда укуктун жана милдеттин пайда болушу
5-бап. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини пайдаланууга укуктун токтотулушу
6-бап. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укуктуу электрондук сатууну жана адистештирилген борборлордо сатууну уюштуруу жана өткөрүү
7-бап. Сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилеринин тизмесин түзүү
8-бап. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерди пайдаланган автотранспорт каражаттарды мамлекеттик каттоонун өзгөчөлүктөрү
Тиркеме. Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилеринин тизмеси жана баасы
1-бап
Жалпы жоболор
1. Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) электрондук сатууларды өткөрүү же адистештирилген борборлордо сатып алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы (мындан ары - сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер) мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин колдонууга укук берүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Бул Жобо сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин пайдаланууга укукту электрондук сатууну жана адистештирилген борборлордо сатууну даярдоо жана уюштуруу тартибин жөнгө салат.
3. Бул Жобо автотранспорттук каражаттарды кайра каттоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын автотранспорттук каражаттарына мурда берилген ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерге карата да колдонулат.
2-бап
Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик каттоонун номердик белгилери - автотранспорт каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берүүнү тартипке келтирүү, аларды уурдоого жана автомобилдик транспорттогу башка укук бузууларга каршы күрөшүүнү күчөтүү максатында мыйзамда белгиленген тартипте аткарылган менчик автотранспорттук каражаттардын мамлекеттик каттоо коду көрсөтүлгөн жеке каттоо белгиси (номери);
сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги - автотранспорт каражаттын мамлекеттик номердик белгисинде чагылдырылууга тийиш болгон жеке каттоо коду, аны пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Жободо каралган тартипте алышса болот;
жеке каттоо коду - автотранспорт каражаттардын мамлекеттик номердик белгилеринде колдонулуучу сандардын айкалышы;
сандардын өзгөчө айкалышы - ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн, автотранспорт каражаттын номердик белгисинде сандардын топтомунан турган символдор;
сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгиси бар автотранспорттун ээси - ушул Жобого ылайык автотранспорттук каражатка сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик номердик белгини пайдаланууга укук алган Кыргыз Республикасынын жараны;
каттоо органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү;
сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин сатуу аркылуу сатуу берүүчү ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы;
электрондук сатуулар - ыйгарым укуктуу органдын www.gos№omer.kg деген Интернет-сайты аркылуу электрондук арызды толтуруу менен номердик белгилерди сатуу жана алдын ала брондоо;
адистештирилген борборлор - сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерди сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмдөрү;
сертификат - сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укукту тастыктоочу документ.
3-бап
Автотранспорттук каражатта сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгисин колдонууга укук
5. Автотранспорттук каражатка сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини пайдалануу укугун алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жараны адистештирилген борборлорго кайрылып же электрондук арызды толтуруу менен арыз берген учурдан тартып 48 сааттан көп эмес мөөнөткө брондосо болот.
6. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга алынган укук ага менчик укугу автотранспорт каражаттын ээсине өтүшүнө алып келбейт. Транспорт каражатты ээликтен ажыратууда (кайра каттоодо) мамлекеттик номердик белги Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте утилге чыгарылууга тийиш.
7. Автотранспорт каражаттын ээси же автотранспорт каражатты башкарууга ишеним кат менен жүргөн адам тиешелүү автотранспорт каражатка карата каттоо иш-аракеттерин жасоодо (каттоодо же кайра каттоодо) жеке каттоо кодун камтыган номердик белгини сактап калуу укугуна ээ болот.
8. Мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, муниципалдык уюмдарга, аскердик түзүлүштөргө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына, дипломаттык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык (мамлекеттер аралык) уюмдарга таандык автотранспорт каражаттарды мамлекеттик каттоодо сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги берилбейт.
9. Автотранспорт каражаттын ээси аны башкарууга Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте ишеним кат бергенден башка учурларда сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонуу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө болбойт.
4-бап
Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууда укуктун жана милдеттин пайда болушу
10. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укук ушундай белгини адистештирилген борборлордо же ушул Жобого ылайык өткөрүлүүчү электрондук сатуулар аркылуу алган адамда пайда болот. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укук ушул Жобонун 7-пунктунун негизинде келип чыгышы мүмкүн.
11. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укук "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алууга акысыз сертификат берүүсү аркылуу, болуп өткөн электрондук сатуулар же адистештирилген борборлордо сатуулар жөнүндө чечимдин негизинде тариздөө менен тастыкталат.
12. Кыргыз Республикасынын жараны сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин сандар айкалышын сатып алууга укукту алууда автотранспорт каражатты өзүнүн наамына 5 (беш) иш күндүн ичинде каттоого же кайра каттоого милдеттүү.
5-бап
Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини пайдаланууга укуктун токтотулушу
13. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укук төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- автотранспорт каражатты мамлекеттик каттоодо сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги берилген автотранспорттук каражат эсептен чыгарылган учурдан тартып бир айдын ичинде;
- эгерде автотранспорттун ээси же ишеним кат менен жүргөн адам автотранспорт каражатты мамлекеттик каттоодо сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде колдонбосо.
14. Автотранспорттун ээси же ишеним кат менен жүргөн адам каттоо органына арыз берүү аркылуу сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонуудан баш тартууга укуктуу.
15. Автотранспорттун ээсинин же ишеним кат менен жүргөн адамдын сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укугунун токтотулушу каттоо органынын чечими менен таризделет.
16. Автотранспорттун ээлери болгон адамдар же ишеним кат менен жүргөн адам сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укугу ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык токтотулганда, сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонуу укугун жоготкону үчүн финансылык компенсация алууга укугу жок.
6-бап
Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укуктуу электрондук сатууну жана адистештирилген борборлордо сатууну уюштуруу жана өткөрүү
17. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укукту электрондук сатуу жана/же адистештирилген борборлордо сатуу ушул Жобонун тиркемесине ылайык белгиленген туруктуу баа боюнча жүргүзүлөт.
18. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укукту электрондук сатуу жана/же адистештирилген борборлордо сатуу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча жүргүзүлөт.
19. Ыйгарым укуктуу органдын электрондук сатууларды жана/же адистештирилген борборлордо сатууларды өткөрүү жөнүндө чечиминде сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерде сандардын айкалышы жана номер белгинин баасы көрсөтүлөт.
20. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин баасы аны даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды камтыбайт.
21. Автотранспорт каражатты каттоо, кайра каттоо үчүн акыны автотранспорт каражаттын ээси төлөйт.
22. Электрондук сатуулардын жана/же адистештирилген борборлордо сатуулардын предмети болуп сандардын өзгөчө айкалышын сатып алуу жана сандар өзгөчө айкалышкан номердик белгини колдонуу укугу саналат.
23. Сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик номердик белгилердин тизмесин электрондук сатууларды жана/же адистештирилген борборлордо сатууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу орган сатуу өткөрүүдөн бир айдан кем эмес мурдатан жарыялайт.
24. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укукту электрондук сатуу жана/же адистештирилген борборлордо сатуу аркылуу берүүчү ыйгарым укуктуу органдын иши боюнча нускаманы каттоо органы аныктайт.
25. Электрондук сатуу жана/же адистештирилген борборлордо сатуу мезгилинде сатылбай калган сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин колдонууга укукту электрондук сатууга жана/же адистештирилген борборлордо сатууга кайтадан коюлат. Ыйгарым укуктуу органдын электрондук сатууларды жана/же адистештирилген борборлордо сатууларды кайтадан өткөрүү жөнүндө чечиминде сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги жана анын баштапкы баасы көрсөтүлөт.
7-бап
Сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилеринин тизмесин түзүү
26. Электрондук сатууну жана/же адистештирилген борборлордо сатууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу орган сатуу өткөрүүгө даярданууда аларды колдонууга укук сатуунун предмети болуп саналган мамлекеттик каттоонун номердик белгилеринин баштапкы тизмесин түзөт.
27. Колдонууга укук сатуунун предмети болуп саналган мамлекеттик каттоонун номердик белгилеринин баштапкы тизмесине мындай сатууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу органдын ою боюнча катышуучулар үчүн кызыкчылык жараткан сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик номердик белгилердин варианттары киргизилет, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын жана ушул Жобонун тиркемесине ылайык өткөрүлүүчү электрондук сатууларга жана/же адистештирилген борборлордогу сатууга катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тиешелүү сунуштары киргизилет.
28. Колдонуу укугу электрондук сатуулардын жана/же адистештирилген борборлордо сатуулардын предмети болуп саналган сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилеринин акыркы тизмеси каттоо органы менен макулдашуунун жыйынтыгында аныкталат жана тиешелүү чечим менен бекитилет.
29. Сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилеринин түзүлгөн тизмеси ыйгарым укуктуу органдын www.gos№omer.kg деген расмий сайтына жайгаштырылат же жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу аркылуу кызыкдар адамдарга маалымдалат.
30. Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини колдонууга укукту алуу үчүн акы накталай акча берүү же Кыргыз Республикасынын банктык мекемелери аркылуу ыйгарым укуктуу органдын эсебине акча которуу жолу менен төлөнөт.
31. Сандардын өзгөчө айкалышындагы каттоочу номердик белгилерди сатуудан түшкөн пайда белгиленген тартипте республикалык бюджетке кириштелет.
8-бап
Сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерди пайдаланган автотранспорт каражаттарды мамлекеттик каттоонун өзгөчөлүктөрү
32. Автотранспорт каражаттарды каттоо номердик белгини колдонууга укугу бар адамдын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы тартипте жүргүзүлөт.
33. Каттоочу орган автотранспорт каражатты каттоодо ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен автотранспорттун ээсинин же ишеним кат боюнча жүргөн адамдын арызы боюнча сандардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини берет (сактайт).
34. Автотранспорттун ээсинин же ишеним берилген адамдын сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгисин колдонууга укугун текшерүү каттоо органдары тарабынан каттоо иштери жүргүзүлүп жатканда гана ишке ашырылат.
| Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
┌──┬───────────────────────────────┬────────────────────┬─────────────┐
│№ │ Сандардын өзгөчө айкалышы │Мамлекеттик номердик│ Сериядагы │
│ │ │ белгилердин баасы │ номердик │
│ │ │ (аны даярдоо жана │ белгилердин │
│ │ │ жеткирүү менен │ саны │
│ │ │ байланышкан │ │
│ │ │ чыгымдарды │ │
│ │ │ кошпогондо) │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│1 │0001 │ 70000 │ 1 │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│2 │7777 │ 60000 │ 1 │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│3 │8888, 9999 │ 50000 │ 2 │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│4 │0002, 0003, 0004, 0005, 0006, │ 40000 │ 8 │
│ │0007, 0008, 0009 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│5 │1000, 2000, 3000, 4000, 5000, │ 20000 │ 9 │
│ │6000, 7000, 8000, 9000 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│6 │1111, 6666, 1001,2002, 3003, │ 30000 │ 11 │
│ │4004, 5005, 6006, 7007, 8008, │ │ │
│ │9009 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│7 │0100, 0200, 0300, 0400, 0500, │ 8000 │ 18 │
│ │0600, 0700, 0800, 0900, 0010, │ │ │
│ │0020, 0030, 0040, 0050, 0060, │ │ │
│ │0070, 0080,0090 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│8 │2222, 3333, 4444, 5555 │ 14000 │ 4 │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│9 │0011, 0022, 0033, 0044, 0055, │ 8000 │ 9 │
│ │0066, 0077, 0088, 0099 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│10│1100, 2200, 3300, 4400, 5500, │ 7000 │ 9 │
│ │6600, 7700, 8800, 9900 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│11│0110, 0220, 0330, 0440, 0550, │ 7000 │ 9 │
│ │0660, 0770, 0880, 0990 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│12│1010, 2020, 3030, 4040, 5050, │ 7000 │ 9 │
│ │6060, 7070, 8080, 9090 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│13│0101,0202, 0303, 0404, 0505, │ 7000 │ 9 │
│ │0606, 0707, 0808, 0909 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│14│1110, 1101, 1011, 0111, 2220, │ 3000 │ 36 │
│ │2202, 2022, 0222, 3330, 3303, │ │ │
│ │3033, 0333, 4440, 4404, 4044, │ │ │
│ │0444, 5550, 5505, 5055, 0555, │ │ │
│ │6660, 6606, 6066, 0666, 7770, │ │ │
│ │0777, 7077, 7707, 8880, 8808, │ │ │
│ │8088, 0888, 9990, 9909, 9099, │ │ │
│ │0999 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│15│1200, 1300, 1400, 1500, 1600, │ 7000 │ 8 │
│ │1700, 1800, 1900 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│16│0012, 0013, 0014, 0015, 0016, │ 8000 │ 8 │
│ │0017, 0018, 0019 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│17│2100, 2300, 2400, 2500, 2600, │ 5000 │ 64 │
│ │2700, 2800, 2900, 3100, 3200, │ │ │
│ │3400, 3500, 3600, 3700, 3800, │ │ │
│ │3900, 4100, 4200, 4300, 4500, │ │ │
│ │4600, 4700, 4800, 4900, 5100, │ │ │
│ │5200, 5300, 5400, 5600, 5700, │ │ │
│ │5800, 5900, 6100, 6200, 6300, │ │ │
│ │6400, 6500, 6700, 6800, 6900, │ │ │
│ │7100, 7200, 7300, 7400, 7500, │ │ │
│ │7600, 7800, 7900, 8100, 8200, │ │ │
│ │8300, 8400, 8500, 8600, 8700, │ │ │
│ │8900, 9100, 9200, 9300, 9400, │ │ │
│ │9500, 9600, 9700, 9800 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│18│0021, 0023, 0024, 0025, 0026, │ 8000 │ 64 │
│ │0027, 0028, 0029, 0031, 0032, │ │ │
│ │0034, 0035, 0036, 0037, 0038, │ │ │
│ │0039, 0041, 0042, 0043, 0045, │ │ │
│ │0046, 0047, 0048, 0049, 0051, │ │ │
│ │0052, 0053, 0054, 0056, 0057, │ │ │
│ │0058, 0059, 0061, 0062, 0063, │ │ │
│ │0064, 0065, 0067, 0068, 0069, │ │ │
│ │0071, 0072, 0073, 0074, 0075, │ │ │
│ │0076, 0078, 0079, 0081, 0082, │ │ │
│ │0083, 0084, 0085, 0086, 0087, │ │ │
│ │0089, 0091, 0092, 0093, 0094, │ │ │
│ │0095, 0096, 0097, 0098 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│19│1222, 1333, 1444, 1555, 1666, │ 3000 │ 72 │
│ │1777, 1888, 1999, 2111, 2333, │ │ │
│ │2444, 2555, 2666, 2777, 2888, │ │ │
│ │2999, 3111, 3222, 3444, 3555, │ │ │
│ │3666, 3777, 3888, 3999, 4111, │ │ │
│ │4222, 4333, 4555, 4666, 4777, │ │ │
│ │4888, 4999, 5111, 5222, 5333, │ │ │
│ │5444, 5666, 5777, 5888, 5999, │ │ │
│ │6111, 6222, 6333, 6444, 6555, │ │ │
│ │6777, 6888, 6999, 7111, 7222, │ │ │
│ │7333, 7444, 7555, 7666, 7888, │ │ │
│ │7999, 8111, 8222, 8333, 8444, │ │ │
│ │8555, 8666, 8777, 8999, 9111, │ │ │
│ │9222, 9333, 9444, 9555, 9666, │ │ │
│ │9777, 9888 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│20│1112, 1113, 1114, 1115, 1116, │ 3000 │ 72 │
│ │1117, 1118, 1119, 2221, 2223, │ │ │
│ │2224, 2225, 2226, 2227, 2228, │ │ │
│ │2229, 3331, 3332, 3334, 3335, │ │ │
│ │3336, 3337, 3338, 3339, 4441, │ │ │
│ │4442, 4443, 4445, 4446, 4447, │ │ │
│ │4448, 4449, 5551, 5552, 5553, │ │ │
│ │5554, 5556, 5557, 5558, 5559, │ │ │
│ │6661, 6662, 6663, 6664, 6665, │ │ │
│ │6667, 6668, 6669, 7771, 7772, │ │ │
│ │7773, 7774, 7775, 7776, 7778, │ │ │
│ │7779, 8881, 8882, 8883, 8884, │ │ │
│ │8885, 8886, 8887, 8889, 9991, │ │ │
│ │9992, 9993, 9994, 9995, 9996, │ │ │
│ │9997, 9998 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│21│1212, 1313, 1414, 1515, 1616, │ 3000 │ 72 │
│ │1717, 1818, 1919, 2121, 2323, │ │ │
│ │2424, 2525, 2626, 2727, 2828, │ │ │
│ │2929, 3131, 3232, 3434, 3535, │ │ │
│ │3636, 3737, 3838, 3939, 4141, │ │ │
│ │4242, 4343, 4545, 4646, 4747, │ │ │
│ │4848, 4949, 5151, 5252, 5353, │ │ │
│ │5454, 5656, 5757, 5858, 5959, │ │ │
│ │6161, 6262, 6363, 6464, 6565, │ │ │
│ │6767, 6868, 6969, 7171, 7272, │ │ │
│ │7373, 7474, 7575, 7676, 7878, │ │ │
│ │7979, 8181, 8282, 8383, 8484, │ │ │
│ │8585, 8686, 8787, 8989, 9191, │ │ │
│ │9292, 9393, 9494, 9595, 9696, │ │ │
│ │9797, 9898 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│22│1221, 1331, 1441, 1551, 1661, │ 3000 │ 72 │
│ │1771, 1881, 1991, 2112, 2332, │ │ │
│ │2442, 2552, 2662, 2772, 2882, │ │ │
│ │2992, 3113, 3223, 3443, 3553, │ │ │
│ │3663, 3773, 3883, 3993, 4114, │ │ │
│ │4224, 4334, 4554, 4664, 4774, │ │ │
│ │4884, 4994, 5115, 5225, 5335, │ │ │
│ │5445, 5665, 5775, 5885, 5995, │ │ │
│ │6116, 6226, 6336, 6446, 6556, │ │ │
│ │6776, 6886, 6996, 7117, 7227, │ │ │
│ │7337, 7447, 7557, 7667, 7887, │ │ │
│ │7997, 8118, 8228, 8338, 8448, │ │ │
│ │8558, 8668, 8778, 8998, 9119, │ │ │
│ │9229, 9339, 9449, 9559, 9669, │ │ │
│ │9779, 9889 │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────┤
│23│1122, 1133, 1144, 1155, 1166, │ 3000 │ 72 │
│ │1177, 1188, 1199, 2211, 2233, │ │ │
│ │2244, 2255, 2266, 2277, 2288, │ │ │
│ │2299, 3311, 3322, 3344, 3355, │ │ │
│ │3366, 3377, 3388, 3399, 4411, │ │ │
│ │4422, 4433, 4455, 4466, 4477, │ │ │
│ │4488, 4499, 5511, 5522, 5533, │ │ │
│ │5544, 5566, 5577, 5588, 5599, │ │ │
│ │6611, 6622, 6633, 6644, 6655, │ │ │
│ │6677, 6688, 6699, 7711, 7722, │ │ │
│ │7733, 7744, 7755, 7766, 7788, │ │ │
│ │7799, 8811, 8822, 8833, 8844, │ │ │
│ │8855, 8866, 8877, 8899, 9911, │ │ │
│ │9922, 9933, 9944, 9955, 9966, │ │ │
│ │9977, 9988 │ │ │
└──┴───────────────────────────────┴────────────────────┴─────────────┘
Эскертүү: жогоруда көрсөтүлгөн сандардын айкалышынан тышкары сандардын каалаган айкалышын алууга заказдын баасы 2000 сом.
|
|