Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 573
Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Коррупцияга каршы күрөшүү, автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун айрым сериялардагы номердик белгилерин жана символдордун айкашуусун берүүнү тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү боюнча сынамык (эксперименттик) долбоорду (мындан ары - сынамык долбоор) ишке ашыруу жактырылсын.
2. Автотранспорттук каражаттарга сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- сынамык долбоор Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт;
- сынамык долбоор эки жылга эсептелген.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- бул токтом күчүнө кирген күндөн 12 ай өткөндөн кийин сынамык долбоордун таасирине анализ жүргүзсүн жана жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдасын.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |