Загрузка документа…
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
№ 600 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө жана
долбоорлоо институту жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Институттун ишинин максаты
3. Институттун милдеттери
4. Институттун функциялары
5. Институттун укуктары
6. Институттун ишин уюштуруу
7. Институттун мүлкү
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту (мындан ары Институт) өз ишин жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкциялары, материалдар жана буюмдар, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө жаатында ишке ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилде аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, өзүнө бекитилген мүлктөргө оперативдүү башкарууну ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларды тескөө укугуна ээ.
4. Институт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз жер титирөөгө туруктуу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун укуктук мураскери болуп саналат.
5. Институттун иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - КРӨМА), министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун программаларына жана илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, инженердик-техникалык, технологиялык, окутуу жана башка иштер боюнча тематикалык пландарына (ИИТКИ) ылайык, ошондой эле алардын менчик түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке жактар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
Илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин программалары жана тематикалык планы буйуртма берген тараптын өкүлүнүн катышуусу менен Институт тарабынан иштелип чыгат жана КРӨМА менен алдын ала макулдашылгандан кийин Институт жетекчилиги тарабынан бекитилет.
6. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чыгыш өнөр жай зонасы, Чолпон ата көчөсү, 2.
7. Институттун толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз жертитирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө долбоорлоо институту";
расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский проектный институт сейсмостойкого строительства при Государственном агентстве по строительству и региональному развитию при Правительстве Кыргызской Республики".
2. Институттун ишинин максаты
8. Институттун максаты жер титирөөгө туруктуу курулуш материалдары жана буюмдар, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө, турган жана жаңы курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуу деңгээлин жогорулатуу жаатында илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук иштерди жүргүзүү болуп саналат.
3. Институттун милдеттери
9. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөөгө туруктуу курулуштун, жаңы курулуш конструкцияларын, материалдарды жана буюмдарды иштеп чыгуунун келечектүү багыттары боюнча илимий-изилдөө, тажрыйбалык жана конструктордук, инженердик-техникалык, технологиялык, окуу жана башка эксперименттик иштерди, курулуш конструкцияларынын жана буюмдардын айрым түйүндөрүнө, элементтерине, ошондой эле жалпы имараттарга, комплекстерге, инженердик тармактарга жана курулмаларга сыноолорду жана инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү илимий-техникалык стратегияны камсыз кылуу;
- жер титирөөгө туруктуу турак жай-жарандык, коомдук жана өнөр жай курулушу, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар, ошондой эле айлана чөйрөнү коргоо (курулуш экологиясы) боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу.
4. Институттун функциялары
10. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы теориялык жана эксперименттик изилдөө, курулуш конструкцияларын, материалдарды жана буюмдарды иштеп чыгуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкциялары, материалдар жана буюмдар, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар, ошондой эле курулушта айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы илимий-маалыматтык жактан иштөө жана жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоо:
- жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкцияларын, материалдарды жана буюмдарды, инженердик тармактарды, системаларды жана курулмаларды өндүрүү жаатындагы илимий жана техниканын жетишкендиктерди курулуштук долбоорлоо аркылуу өнөр жай-жарандык курулушка киргизүү:
- шаар куруу жана архитектура иштин ар кандай багыттары боюнча илимий-практикалык семинарларды, конференцияларды, семинар-тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө жана КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлгөн ушундай иш-чараларга катышуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергиялык натыйжалуулугу боюнча азыркы ченемдерге жооп берген курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялык чыгаруунун жаңы технологияларын өздөштүрүү жана пайдалануу долбоорлоруна катышуу;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча, ошондой эле шаар куруу жана архитектура иши жаатындагы ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги өнөр жайлык жана жарандык багыттагы объекттер, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар боюнча, ошондой эле жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги имараттарды жана курулмаларды социалдык-соода инфраструктурасынын, турак жай жана өндүрүштүк багыттагы объектилерине өзгөртүп пландаштыруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлоо-конструктордук иштерди иштеп чыгуу;
2) автордук көзөмөл жана контрол функциялары:
- Институт иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча ишке ашырылуучу курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзүү;
- курулуш конструкцияларына, материалдарга жана буюмдарга сыноолорду, ошондой эле сертификаттоо жана стандартташтыруу максатында сыноолорду өткөрүү;
- имараттарды жана курулмаларды курулуш-монтаждоо иштерин, инженердик текшерүүнү, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын чыгарууну, ошондой эле шаар куруу жана архитектура объектилерин өзгөртүүнү, кайра пландоону жана реконструкциялоону ишке ашырууну каалаган лицензиялоо субъектилерине экспертиза жүргүзүү;
3) колдоо функциялары:
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана курулуш экспертизасы жаатында инженердик-техникалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбадагы жетишкендиктерди алмашуунун базасында долбоорлоо, теориялык окутуу, чыгармачылык дискуссия тажрыйбасын колдонуу менен республиканын курулуш, инженердик жогорку окуу жайларында окутуу-тарбиялоо процессинин заманбап үлгүсүн өркүндөтүү;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана курулуш экологиясы жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү иш-аракети;
- Институттун алдыңкы окумуштууларын жана инженерлерин эквиваленттик алмашуу негизинде, ошондой эле бир тараптуу тартипте чет өлкөлөргө жана КМШ өлкөлөрүнө стажировкага жана чыгармачылык командировкаларга жиберүүнү уюштуруу;
- ар кандай багыттагы жана жоопкерчилик деңгээлиндеги имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун, эскирүү деңгээлин жана техникалык абалын аныктоо максатында аларды инженердик текшерүү.
5. Институттун укуктары
11. Институт төмөнкү укуктарга ээ:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды суроого жана алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде сотто доогер жана/же жооп берүүчү катары өзүнүн атынан катышууга;
- Институттун компетенциясына кирген иш жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- иштин толук көлөмүн, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин айрым баскычтарын жана бөлүмдөрүн аткарууга өз алдынча подряддык жана субподряддык келишимдерди түзүүгө;
- жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергетикалык натыйжалуулук боюнча заманбап ченемдерге жооп берген курулуш материалдарын жана буюмдарды сериялык өндүрүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүү жана пайдаланууга берүү долбоорлоруна катышууга;
- Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өз ара пайда жана тең укуктуулук принциптеринде өзүнүн өндүрүштүк-экономикалык ишин ишке ашырууга:
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткарууда убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө же айрым иштерди аткаруу үчүн келишимдик баанын негизинде Институт негизги аткаруучу катары аныкталган бардык келишимдер аркылуу эмгек макулдашуусу боюнча адистерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуу тартибинин багытына ылайык келген кафедралардын филиалдарын түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Институттун ишин уюштуруу
12. Институтту КРӨМАнын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Институттун директорунун сунушу боюнча КРӨМАнын директору тарабынан кызматка дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
14. Директор:
- Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Институттун финансы-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек акыларына үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- айрым иштерди аткарууга эмгектик келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат, бул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашырууга керектүү документтерге кол коет;
- Институттун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык уюмдарында жана мамлекеттик органдарында Институттун кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банкттарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктөрдү жана финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансы-чарбалык иштер үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар тууралуу иштерди карайт жана администрациялык жаза колдонот;
- Институттун алдында аймактык түзүмдөр түзүлгөн учурда, алар жөнүндө жобону КРӨМАга бекитүүгө берет.
15. Илимий иштеп чыгууларды, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана курулуш объектилерин инженердик изилдөөнүн, долбоордук документтердин, инженердик жана экономикалык маселелердин, ошондой эле шаар куруу жана архитектуралык иш жаатындагы диссертациялык иштерди рецензиялоонун жыйынтыгы боюнча техникалык корутундуларды кароо жана талкуулоо үчүн Институтта коллегиялык орган катары Институттун жана башка уюмдардын жогорку квалификациялуу адистеринен турган илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) түзүлөт.
Институттун ИТКсын директор жетектейт. Илимий-техникалык кеңештин курамын жана санын КРӨМА менен макулдашуу боюнча ИТКнын директору бекитет.
ИТКнын чечимдери илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин бардык жетекчилери жана аткаруучулары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
7. Институттун мүлкү
16. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Институттун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
17. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
18. Институтту өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.