Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-августу № 600
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча
мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак-жай-жарандык курулуш департаментин кармоо үчүн каражаттар каржыланган сумманын 2,9 пайызы өлчөмүндө "Табигый кырсыктардын кесепеттерин жок кылуу боюнча иш-чаралар" беренеси боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан каралаары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |