Загрузка документа…
5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
№ 600 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
агенттиктин алдындагы Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Институттун ишинин максаты
3. Институттун милдеттери
4. Институттун функциялары
5. Институттун укуктары
6. Институттун ишин уюштуруу
7. Институттун мүлкү
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) өз ишин шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндө ишке ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилде аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, өзүнө бекитилген мүлктөргө оперативдүү башкарууну ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларды тескөө укугуна ээ.
4. Институт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун укуктук мураскери болуп саналат.
5. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 172.
6. Институттун толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз шаар курулушу илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту;
расмий тилде: Кыргызский научно-исследовательский проектный институт градостроительства при Государственном агентстве по строительству и регионального развития при Правительстве Кыргызской Республики.
2. Институттун ишинин максаты
7. Институттун ишинин максаты болуп илимий изилдөөлөрдүн негизинде шаарлардын, айылдык калктуу конуштардын башкы пландарын жана долбоорлоо-пландоочу документтерди иштеп чыгуу саналат.
3. Институттун милдеттери
8. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаар куруу жана архитектуранын келечектүү багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү камсыз кылуу, райондук пландоонун, шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын негизги пландарын, схемаларын жана долбоорлорун, турак жай райондорун, кичи райондорду жана коомдук борборлорду толук пландоонун жана куруунун долбоорлорун, курулуш комплекстеринин
долбоорлоо-пландоочу документтерди, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын айрым шаар куруу түйүндөрүн иштеп чыгуу;
- архитектура жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча долбоордук, илимий-изилдөө иштерин аткаруу.
4. Институттун функциялары
9. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- шаар куруу документтерин, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, ошондой эле архитектуралык-шаар куруу кадастрын түзөт;
- илимий-маалыматтык ишти, архитектура жана шаар куруу, инженердик системалар жаатындагы жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоону ишке ашырат;
- шаарларды реконструкциялоонун теориялык маселелерин иштеп чыгат;
- архитектура жана шаар куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышат;
2) автордук көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында башкы пландардын жана толук пландаштыруу долбоорлорунун ишке ашырылуусуна мониторинг жүргүзөт;
- Институт иштеп чыккан долбоордук документтер боюнча жүргүзүлүүчү курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзөт;
3) колдоо функциялары:
- архитектура жана шаар курулуш тармагындагы илимий жана техникалык жетишкендиктерди курулуштук долбоорлоо аркылуу турак жай-жарандык курулушка райондук пландаштырууну жана инженердик курулушту киргизет;
- эксперименттик долбоорлорду иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
5. Институттун укуктары
10. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жооп берүүчү катары чыгууга;
- Институттун компетенциясына кирген өз ишинде пайдалануу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Институттун ишин уюштуруу
11. Институтту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары КРӨМА) директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Институттун директорунун сунушу боюнча КРӨМАнын директору тарабынан кызматка дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Институттун финансы-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек акыларына үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- айрым иштерди аткарууга эмгектик келишимдерди, макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, бул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашырууга керектүү документтерге кол коет;
- Институттун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык уюмдарында жана мамлекеттик органдарында Институттун кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктөрдү жана финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансы-чарбалык иштер үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ылайык администрациялык укук бузуулар тууралуу иштерди карайт жана администрациялык жаза салат;
- Институттун алдында аймактык түзүмдөр түзүлгөн учурда, алар жөнүндө жобону КРӨМАга бекитүүгө киргизет.
14. Маанилүү илимий иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдү, архитектуралык, инженердик долбоорлорду жана экономикалык маселелерди кароо үчүн Институтта кеңешме орган катары Институттун жана башка уюмдардын квалификациялуу адистеринен турган архитектуралык-шаар куруу жана илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңешти Институттун директорунун орун басары жетектейт.
7. Институттун мүлкү
15. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Институттун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
17. Институтту өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.