Загрузка документа…
6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
№ 600 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик
агенттиктин алдындагы Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий изилдөө
жана долбоорлоо институту жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Институттун максаты
3. Институттун милдеттери
4. Институттун функциялары
5. Институттун укуктары
6. Институттун ишин уюштуруу
7. Институттун мүлкү
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту (мындан ары - Институт) өз ишин Кыргыз Республикасынын курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча архитектура жана шаар куруу жаатында ишке ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Институт юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилде аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, өзүнө бекитилген мүлктөргө оперативдүү башкарууну ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларды тескөө укугуна ээ.
4. Институт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Кыргыз илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун укуктук мураскери болуп эсептелет.
5. Институттун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чолпон-Ата шаары, ПМК өнөр-жай зонасы, 107.
6. Институттун толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту";
расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский и проектный институт по курортно-рекреационным и туристическим комплексам Государственного агентства по строительству и региональному развитию при Правительстве Кыргызской Республики".
2. Институттун максаты
7. Институттун максаты болуп курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы архитектура жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча илимий-изилдөө иштерин камсыздоо саналат.
3. Институттун милдеттери
8. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- туристтик комплекстерди толук пландоонун схемаларын, долбоорлорун иштеп чыгуу;
- курорттук ден-соолукту чыңдоо жайлары, туризм жана эс алуу объекттери үчүн, ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналардын турак жай-жарандык, социалдык-маданий, өнөр-жай жана айыл чарба багытындагы объекттерин реконструкциялоо жана оңдоо үчүн долбоорлоо-пландоочу документтерди иштеп чыгуу;
- курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы архитектуранын жана шаар куруунун келечектүү багыттары боюнча топогеодезиялык, инженердик-геологиялык, долбоордук, илимий-изилдөө иштерин аткаруу.
4. Институттун функциялары
9. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- курорттук-рекреациялык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгат, архитектура жана шаар куруу боюнча нормативдик документтерди оңдоону жана стандартташтырууну жүргүзөт, ошондой эле курорттук жана туристтик объекттер боюнча архитектуралык-шаар куруу кадастрын түзөт;
- архитектура жана шаар-куруу, инженердик системалар жаатындагы илимий-изилдөө жана илимий-маалымдоо ишин, жетишкендиктерди илимий-техникалык пропагандалоону ишке ашырат;
2) автордук көзөмөл, мониторинг жүргүзүү жана колдоо функциялары:
- курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстердин башкы пландарынын ишке ашырылышы үчүн автордук көзөмөлдү макулдашат жана ишке ашырат;
- курорттук-рекреациялык жана туристтик объектердин эксперименттик жана типтүү долбоорлорун иштеп чыгат.
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында курорттук-рекреациялык зоналардын жана туристтик комплекстердин башкы планын жана толук пландоо долбоорлорун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
5. Институттун укуктары
10. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- берилген ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн атынан соттордо доогер жана/же жооп берүүчү катары чыгууга;
- Институттун компетенциясына кирген өз ишинде пайдалануу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
- курорттук-рекреациялык зоналардагы архитектура жана шаар куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Институттун ишин уюштуруу
11. Институтту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары КРӨМА) директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Институттун директорунун сунушу боюнча КРӨМАнын директору тарабынан кызматка дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана алар тарабынан милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Институттун финансы-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек акыларына үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт;
- айрым иштерди аткарууга эмгектик келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, бул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашыруу үчүн керектүү документтерге кол коет;
- Институттун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык уюмдарында жана мамлекеттик органдарында Институттун кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- мүлктөрдү жана финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансы-чарбалык иштер үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Институттун алдында аймактык түзүмдөр түзүлгөн учурда, алар жөнүндө жобону КРӨМАга бекитүүгө киргизет.
14. Маанилүү илимий иштеп чыгууларды жана изилдөөлөрдү, архитектуралык, инженердик долбоорлорду жана экономикалык маселелерди кароо үчүн Институтта кеңешүүчү орган катары Институттун жана башка уюмдардын квалификациялуу адистеринен турган архитектуралык-шаар куруу жана илимий-техникалык кеңеш түзүлөт. Илимий-техникалык кеңешти Институттун директорунун орун басары жетектейт. Бул кеңештер жөнүндө жобо Институттун директору тарабынан бекитилет.
7. Институттун мүлкү
15. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Институттун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
17. Институтту өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.