Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
№ 618 токтому менен
Бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар жылдык айыл чарба иштерин
уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штаб жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Функциялары жана укуктары
3. Ишти уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар жылдык айыл чарба иштерин уюшкандыкта жана өз убагында өткөрүү боюнча республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) айыл чарба иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында түзүлөт.
2. Республикалык штаб өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген башка штабдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
3. Республикалык штабдын курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
2. Функциялары жана укуктары
4. Ушул Жобонун 1-пунктунда аталган милдеттерди аткаруу максатында Республикалык штабга төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
- айыл чарба иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү иш-чараларын уюштуруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ишин координациялоо жана методикалык жактан жетектөө;
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө кечиктирилгис жардам көрсөтүү зарылдыгынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн маалымдоо;
- конкреттүү айыл чарбалык иш-чараларды аткаруу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу;
- айыл чарба иштеринин жүрүшү жөнүндө жооптуу адамдардын баяндамаларын мезгил мезгили менен угуу жана алардын натыйжалары боюнча уюштуруучулук жана практикалык чечимдерди кабыл алуу;
- ар жылдык айыл чарба талаа иштери өз убагында эмес жүргүзүлгөндө анын себептерин табуу, айыл чарба иш-чараларын өткөрүү үчүн жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тиешелүү аткаруу бийлик органына сунуштарды киргизүү;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кондициялык себилүүчү жана отургузулуучу материалына болгон муктаждыгын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнүн маселесин карап чыгуу;
- Мамлекеттик айыл жерлери фондусунун жерлеринен сугат аянттарын республиканын үрөн чарбаларына кошумча бөлүп берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгуу;
- бар болгон үрөн себүүчү жана кыртышты иштетүүчү айыл чарба техникасы жөнүндө жана аларды оңдоону, запастык бөлүктөр жана башка зарыл болгон жабдуулар менен комплектөөнү уюштуруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты кароо;
- минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жеткирүү маселелерин кароо;
- ички чарбалык сугат тармактарын өз убагында тазалоону, гидротехникалык курулмаларды оңдоону, ошондой эле күздүк дан эгиндерин, көп жылдык чөптөрдү, ошондой мөмө көчөттөрүн вегетациялык сугарууну өз убагында жүргүзүүнү уюштуруу боюнча маселелерди кароо.
5. Республикалык штаб төмөнкүлөргө укуктуу:
- республикалык облустардын жана райондордун жумушчу штабдарынын ишине жетекчилик кылууга жана контролдоого;
- айыл чарба иштеринин өз убагында эмес аткарылгандыгынын учурлары жөнүндө министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, чарбалардын, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринен жана кызматтык адамдарынан маалыматты алууга;
- Республикалык штабдын жыйындарында ачыл чарба иштерин аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин билдирүүлөрүн угууга;
- жазгы жана күзгү талаа иштерин өткөрүү боюнча чараларды көрбөгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, комитеттердин төрагаларына, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жазаларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизүүгө.
3. Ишти уюштуруу
6. Республикалык штаб жыйындарды пландык иш катары, ал эми өзгөчө учурларда шашылыш катары жүргүзөт.
7. Республикалык штабдын жыйындары пландуу жүргүзүлөт, ал эми пайда болгон табигый-климаттык жагдайда шашылыш өткөрүлөт.
8. Республиканын штабынын жыйынына каралып жаткан маселелердин мүнөзүнө жараша министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ишканалардын, мекемелердин жетекчилери же өкүлдөрү чакырылат.
Республикалык штабдын жыйынында катчы протокол жүргүзөт, ал кызыкдар уюмдарга жана кызмат адамдарына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирилет.
Протоколго жыйында төрагалык кылган адам жана катчы кол коет.