Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-апрели № 264
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Долбоор |
1-статья. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Бул Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн негизги принциптерин белгилейт, бул чөйрөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды аткаруучулар менен керектөөчүнүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жергиликтүү реестрин жана кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттарын түзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Мыйзамдын күчү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар көрсөтүүчү кызматтарга, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен алардын структуралык бөлүктөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык мекемелер жана ишканалардын ортосундагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө колдонулбайт.
2-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө мыйзамдар
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жагында колдонулат жана Кыргыз Республикасынын коомдук мамиленин ушул чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
3-статья. Бул мыйзамда пайдаланылчу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн аутсорсинги - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү жеке менчик укугуна негизделген уюмдарга андай кызматтарды көрсөтүүнүн тартибин белгилөөчү мыйзамдын талаптарын сактоо шарты менен өткөрүп берүү;
муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн базалык реестри - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык акысыз жана акы төлөө негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу тизмеси;
мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын, алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же аларга ченемдик укуктук актылар менен жүктөлгөн жарандык милдеттерин аткарууга багытталган суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын чегинде ишке ашырылуучу аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын структуралык бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин иш-аракеттеринин жыйынтыгы;
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акысыз жана акы төлөө негизинде жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, ал жарандардын каалоосуна жана жергиликтүү шарттарга жараша жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык тизмесинен тышкары түзүлүшү мүмкүн;
бирдиктүү терезе - бир берүүчү тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү арыз берилгенден баштап натыйжасы алынганга чейин бир жерде уюштуруунун жана көрсөтүүнүн ыкмасы;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри - ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан акысыз жана акы төлөөнүн негизинде керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын системалаштырылган тизмеси.
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптары боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер;
муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри - конкреттүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында акысыз жана акы төлөө негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү муниципалдык кызматтардын тизмеси;
муниципалдык кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же аларга ченемдик укуктук актылар менен жүктөлгөн милдеттерин аткарууга багытталган суроо-талаптарды аткаруу боюнча алардын компетенциясынын чегинде ишке ашырылуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттеринин жыйынтыгы;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын баалоо - ушул Мыйзам менен белгиленген мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү субъекттер тарабынан акыркы натыйжаларга жетишүүнү же тийиштүү стандарттардын сакталышын изилдөө;
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүсү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучуга түздөн-түз же өз өкүлү аркылуу кайрылган жеке же юридикалык жак;
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүлөрдү аткаруучунун өз ара аракеттеринин жол-жоболорун аныктоочу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө коюлуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген талаптардын системалаштырылган топтому;
ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү укугуна ээ болгон мамлекеттик орган, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин жүргүзүүгө укуктуу жергиликтүү өз башкаруу органы;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;
мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн электрондук форматы - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аралыктан көрсөтүү.
4-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн негизги принциптери
Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү төмөнкү принциптерге негизделет жана ишке ашырылат: кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыздоо жана керектөөчүгө багыт алуу, отчеттуулук, ачык-айкындык, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга тең укук, керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү процессине катышуусу, көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугу.
5-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрин бекитүүнүн тартиби
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине кирген кызматтарды көрсөтүшөт.
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестринин турат. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри ар бир администрациялык-аймактык бирдиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жана бекитилген жергиликтүү бюджетке жараша түзүлөт.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин ыйгарым укуктуу орган түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан түзүлөт жана жергиликтүү кеңештерде бекитилет. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрине акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү кызматтарды киргизүүгө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылгандан кийин гана жол берилет.
6-статья. Кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн реестрине киргизүү үчүн критерийлер
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилүүчү мамлекеттик кызматтар төмөнкү критерийлерге шайкеш келиши керек:
1) жеке жана юридикалык жактардан тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууга суроо-талаптын болушу;
2) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү аткаруучунун ушул кызматтарды көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын болушу;
3) бир мамлекеттик орган тарабынан кызмат көрсөтүү процессине түздөн-түз байланышкан жана жеке жана юридикалык жактардын башка мамлекеттик же муниципалдык жана мамлекеттик эмес органдарга, мекемелерге, жана ишканаларга акыркы натыйжаны алуу үчүн кайрылуусуна зарылдыкты жокко чыгаруучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бүтүндүгү;
4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандарттоонун мүмкүндүгү;
5) менчиктин жеке формасында негизделген уюмдар тарабынан сунуштардын жоктугу.
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүү үчүн сунушталган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү критерийлерге шайкеш келиши керек:
1) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жеке жана юридикалык жактардан суроо-талаптын болушу;
2) муниципалдык кызматтын ушул түрүн аткарууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын болушу;
3) бир муниципалдык орган тарабынан кызмат көрсөтүү процесси менен түздөн-түз байланышкан жана жеке жана юридикалык жактардын башка мамлекеттик же муниципалдык жана мамлекеттик эмес органдарга, мекемелерге, жана ишканаларга акыркы натыйжаны алуу үчүн кайрылуусуна зарылдыкты жокко чыгаруучу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бүтүндүгү;
4) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандарттоонун мүмкүндүгү;
5) менчиктин жеке формасында негизделген уюмдар тарабынан сунуштардын жоктугу.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү реестрге киргизүү үчүн шарт - ал кызмат көрсөтүүнүн ушул аталган критерийлерге шайкеш келүүсү.
7-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды акы төлөнүүчү негизде көрсөтүү үчүн негиздер
1. Ушул статьянын 2-бөлүгүндө белгиленгенден башка учурларда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар акысыз негизде көрсөтүлөт.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүгө төмөнкү критерийлердин бирине ылайык келген учурда жол берилет:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу аны керектөөчүгө коом үчүн жогорку коркунучтагы объекттерге жана предметтерге ээ болуу (башкаруу) укугун берүү;
2) кызмат адегенде акысыз негизде көрсөтүлгөн болсо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды кайталап көрсөтүү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ушул кызмат көрсөтүүнүн стандартында бекитилгенден ашып өткөн сапаттык параметрлери боюнча көрсөтүү (тездетилген кызмат көрсөтүү, жогорку ыңгайлуу шартында кызмат көрсөтүү, керектөөчүнүн жашаган жери же керектөөчү аныктаган башка жер боюнча кызмат көрсөтүү);
4) мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүү мамлекеттин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген түз милдеттенмеси болуп саналбайт.
3. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөткөндүк үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Акы төлөөнүн өлчөмү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркынан ашпаш керек.
5. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тийиштүү жеңилдиктер белгиленген шартта акы төлөнүүчү кызматтарды өз наркынан төмөн өлчөмдө акы төлөө менен көрсөтүүгө жол берилет.
8-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге укугуна ыйгарым укуктуу орган, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана коомдук уюмдар ээ.
2. Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн демилгечилери мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өтүнүч менен ыйгарым укуктуу органга кайрылышат.
3. Ыйгарым укуктуу орган суроо-талаптын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт, же себебин көрсөтүү менен баш тартат.
Коомдук уюмдардын дарегине болгон баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Ыйгарым укуктуу орган ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна чечимдин тийиштүү долбоорун киргизет.
Ведомстволор аралык комиссияны түзүүнүн жана ишинин тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Ведомстволор аралык комиссиянын курамынын жарымынан кем эмесин жарандык коомдун өкүлдөрү түзүшү керек.
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу болгон шартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
6. Акы төлөө негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыгарат. Акы төлөнүүчү негиздеги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусун алгандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин ыйгарым укуктуу органдар 10 күндүк мөөнөттө тийиштүү өзгөртүүлөр тууралуу коомчулукка маалымдоого, анын ичинде веб-сайтка жайгаштыруу жолу менен маалымдоого милдеттүү.
9-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилүүчү маалыматтар
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы;
2) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандарттоо үчүн жооптуу органдын аталышы;
3) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүчү органдын аталышы;
4) көрсөтүлүүчү мамлекеттик же муниципалдык кызматты акылуу же акысыз экендиги тууралуу маалымат.
10-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн жол-жоболору
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү стандарттоо үчүн жооптуу орган тарабынан иштелип чыгат.
2. Стандарттоо үчүн жооптуу орган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын иштеп чыгууда жана бекитүүдө ушул Мыйзамдын 4-статьясынын принциптерин сактоого милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү бекитет:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын;
2) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине кирүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын.
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине кирүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
11-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын типтүү структурасы
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
1) кызмат көрсөтүүнүн аталышы;
2) көрсөтүлчү кызматтын түпкү натыйжасы;
3) кызмат көрсөтүүчү органдын толук аталышы;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү тараптан зарыл болгон документтердин жана/же аракеттердин толук тизмеси;
5) кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн документтерди кабыл алуунун чектик мезгили;
6) кызмат көрсөтүү мөөнөтү;
7) кызмат көрсөтүүнүн натыйжаларын берүүнүн чектик мезгили;
8) кызмат көрсөтүүнү алуунун ыкмасы;
9) кызмат көрсөтүүнү алуу пункттарына түздөн-түз кайрылган учурларда ошол жайларга карата талаптар;
10) кызмат көрсөтүү сапатынын параметрлери;
11) акы төлөнүүчү кызматтын баасы;
12) мамлекеттик же муниципалдык кызматты көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздердин, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздердин толук тизмеси;
13) кызмат көрсөтүүнүн стандарттары бузулган учурда даттануунун тартиби.
12-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенти
Администрациялык регламент мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү максатында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жүргүзүү зарыл болгон ички жол-жоболорун аныктайт.
Администрациялык регламентти мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн жооптуу орган мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламенттин негизинде иштеп чыгат жана бекитет.
13-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу субъекттер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ыйгарым укуктуу орган;
2) коомдук уюмдар.
2. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында көрсөтүлгөн сапаттын белгиленген критерийлерине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Баалоонун натыйжасы боюнча ушул Мыйзамдын 8-статьясында белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгелениши мүмкүн.
4. Коомдук уюмдар көз каранды эмес баалоо жүргүзүү жолу менен мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгууну талап кылууга укуктуу.
Көз каранды эмес баалоо андай баалоо жүргүзүү жөнүндө талап койгон субъекттин каражатынын эсебинен ишке ашырылат.
Ыйгарым укуктуу орган көз карандысыз экспертизаны кабыл алат же себептүү негиздөө менен четке кагат.
Ыйгарым укуктуу органдын себептүү баш тартышы мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
14-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарын уюштуруу
1. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтар мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетишүүнүн пункттары аркылуу же электрондук форматта көрсөтүлөт. Эгер мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжасы физикалык түрдө болбосо, анда кызмат көрсөтүү толук көлөмдө электрондук форматта берилет. Эгер натыйжа физикалык түрдө болсо, анда кызмат көрсөтүү арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана натыйжанын даярдыгы тууралуу кабарлоо стадиясында электрондук форматта көрсөтүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүүлөрдүн тартибин жана тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер иштеген чек арадагы администрациялык аймактык бирдиктерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү пункттар түзүлөт.
3. Уюштуруу жана жай бөлүп берүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, алардын структуралык бөлүктөрүнө, мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, муниципалдык мекемелерге жүктөлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү пункттарынын имараттары белгиленген талаптарга жооп бериши керек.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү пункттар стационардык жана/же көчмө (мобилдүү) болушу мүмкүн.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү туруктуу пункт, жайгашкан жерден алыстагы калктуу конуштарда айрыкча керектүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар көчмө (мобилдүү) пункттар тарабынан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, алардын структуралык бөлүктөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык мекемелердин адистеринин катышуусу менен көрсөтүлүшү мүмкүн.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү туруктуу же көчмө (мобилдүү) пункттун ишин уюштуруу кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандарттарына жооп бериши керек.
6. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетишүү пункттарын бирдиктүү терезе ыкмасы боюнча түзүшөт.
7. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү ыкмалары стандарт менен аныкталат.
9. Тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын веб-сайттары аркылуу мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга электрондук форматта келип түшкөн арыздар боюнча чечимдер регламентте белгиленген тартипте кабыл алынышы жана келип түшкөндөн күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде арыз берүүчүгө маалымат берилиши керек. Арыз берүүчүгө билдирүү арыз кабыл алынган ыкма менен жөнөтүлөт жана арыз боюнча чыгарылган чечим, кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө алуу үчүн андан аркы зарыл болгон аракеттер тууралуу маалыматты, ал эми кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан учурда чечим кабыл алган мамлекеттик/муниципалдык органдын үстүнөн даттануунун тартиби тууралуу маалыматты камтышы керек.
10. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында аталган кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге өткөрүп бере алышат. Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге өткөрүп берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
15-статья. Көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө маалыматтарга жетишүү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, алардын стандарттары жөнүндө маалымат акысыз болот жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик электрондук порталына жарыяланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик электрондук порталын жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (органдар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик электрондук порталын жүргүзүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (органдар) жана кызматтарды көрсөтүү системасын электрондук форматка которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилде берилиши керек.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана алардын стандарттары тууралуу маалыматтарды алуу үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
23-статья. Бул Мыйзамдын талаптарын аткарбагандык үчүн жоопкерчилик
1. Бул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, алардын структуралык бөлүктөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү реестрине кирбеген мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн алышкан киреше милдеттүү тартипте жана толук көлөмдө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине алынат.
17-статья. Өткөөл жоболор
Кыргыз Республикасынын бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кабыл алынган ченемдик укуктук актылары бул Мыйзамга каршы келбеген жактарында колдонулат.
18-статья. Бул Мыйзамды күчүнө киргизүүнүн тартиби
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө мыйзамдык актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планын бекитүү жөнүндө" токтомунун 15-пунктун жана "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы N 129 токтомунун 4-пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 191-б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобонун 5-пунктунун алтынчы абзацына ылайык Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы принциптери жана тартиби жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы колдонуудагы мыйзамда "мамлекеттик Жана муниципалдык кызмат көрсөтүү", "мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттары" сыяктуу негизги түшүнүктөр жоктугунан, кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөнүүчүлүгүнүн так жана түшүнүктүү критерийлери аныкталбагандыгынан келип чыккан. Натыйжада мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн категориясына мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн өзү гана эмес мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын лицензиялык, уруксат берүүчү, контролдук-көзөмөлдүк иш-аракеттери кирген.
Мамлекеттик бюджет тарабынан толук каржыланбаган шарттарда мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине атайын эсепти толтура алгандын бардыгын киргизүүгө умтулушат. Мааниси боюнча мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин коммерциялаштыруу жүрүп жатат. Мында көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жарандар, ишкерлер, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр тарабынан адилет нааразычылыктарды жаратып, төмөн бойдон калууда.
Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга, аларды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча социалдык мамлекеттин принциптерин ишке ашырууга багытталган. Мыйзам долбоорунда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн башкы керектөөчүсү катары жарандын кызыкчылыгы көңүл чордонуна коюлган.
Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин аныктайт, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучу менен керектөөчүнүн ортосундагы ушул чөйрөдөгү укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартибин, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын жана административдик регламенттерин жөнгө салат.
Мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүндөгү негизги түшүнүктөрдү, реестрлерди түзүү үчүн критерийлерди аныктайт, кызмат көрсөтүү ж.б. үчүн негиздерди белгилейт.
Сунушталган мыйзам долбоорунун принципиалдуу жаңычылдыгы кызмат көрсөтүүнүн объектин жана субъектин аныктоо, кызмат көрсөтүүнү регламенттештирүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү болуп саналат.
Мындан тышкары кызмат көрсөтүүнүн процесстери бир түргө келтирилет, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары аныкталат.
Мыйзам долбоору көрсөтүлүүчү кызматтардын акысыз болушун карайт. Ошол эле учурда мыйзам менен ушул ченемдик укуктук актыда саналып өткөн критерийлер дал келген учурда акы төлөнүүчү кызматтардын маселелери жөнгө салынат. Аны менен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү процессин тартипке келтирүү жана алардын акысыз көрсөтүүлөргө өтүшү үчүн шарт түзүү мүмкүндүгү пайда болот.
Мыйзам долбоору менен бир эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүндөгү Өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын укуктары жана жоопкерчилиги жөнгө салынат.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды керек кылбайт жана жалпысынан көрсөтүлгөн чөйрөдө мыйзамдарды түп-тамырынан бери өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Министр | Т.Сариев |