Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-апрели № 266
Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан карыз алуучуларды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 594 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан жана Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын апрель-июнунда болгон талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана өрттөрдүн натыйжасында жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген тизмесинде жана реестринде турган жана күрөө предмети катары турак жайын койгон коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин карыз алуучуларына кошумча колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелерге төмөнкүлөр сунушталсын:
- Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген ишкердик субъекттеринин тизмесине жана реестрине киргизилгендерден күрөөгө коюлган турак жайын соттук жана соттук эмес тартипте алуу жолу менен карызды өндүрүү жол-жоболорун 2016-жылдын 31-декабрына чейин токтотуу (мораторий киргизүү);
- Бишкек шаарында 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин жана Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынан кийин пайда болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому күчүнө киргенге чейинки эсептелген туумдарды жана айыптарды карыз алуучулардан алып салуу;
- эсептелген проценттер боюнча реструктуралаштырууну жүргүзүү жана тартылган акча каражаттарынын наркынан төмөн болбогон суммада ордун толтурууну караган проценттик ставканы кайра кароо менен кредиттин негизги суммасын төлөө мөөнөтүн узартуу;
- 2016-жылдын 31-декабрына чейин карыз алуучуларга кредиттин негизги суммасын жана эсептелген проценттерди төлөөгө жеңилдетилген шарттарды берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 594 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Реструктуралаштыруунун жана мөөнөтүн узартуунун жеңилдетилген шарттары жеке тартипте коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелер тарабынан аныкталат.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |