КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 594
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 266 «Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан карыз алуучуларды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан, коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-насыялык мекемелердин карыз алуучуларын колдоо боюнча ырааттуу саясатты жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 266 «Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарында апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткан карыз алуучуларды колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи жана бешинчи абзацтарындагы «2014» цифралары «2016» цифраларына алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |