Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы№ 270
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-февралындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 270 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Департамент өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Департаменттин аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти".
Кыскартылган аталышы: "Туризм департаменти";
- расмий тилде: "Департамент туризма при Министерстве культуры и туризма Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы: "Департамент туризма".
4. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи Май району, Пушкин көчөсү, 78.
5. Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн штампы жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн жана аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында алыш-бериш эсеби бар.
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин ишинин максаты туристтик тармакта маалыматтык саясатты камсыз кылуу жана жүзөгө ашыруу.
3. Департаменттин негизги милдеттери жана функциялары
8. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- өлкөнүн жакшы кадыр-баркын түзүү.
9. Департамент коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгү функцияларды аткарат:
- туризм чөйрөсүндөгү концептуалдык-стратегиялык документтерди жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттарына жана тенденцияларына комплекстүү талдоо жана божомолдоо жүргүзөт;
- туристтик агымдардын абалына талдоо жүргүзөт;
- туристтик иштин субъектилери көрсөтүүчү кызматтардын сапатына талдоо жүргүзөт;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдайт;
- туристтик иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук туристтик бирикмелерге маалыматтык жана административдик колдоо корсөтөт;
- туризм чөйрөсүнө гранттарды, техникалык, донордук жана демөөрчүлүк жардамдарды тартууга өбөлгө түзүүчү документтик долбоордук базаны даярдайт жана түзөт;
- Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн пропагандалоого өбөлгө болуучу билим берүүчү, маркетингдик жана жарнамалык роликтерди иштеп чыгат;
- туристтик иштин субъектилерине методикалык жана консультациялык жардамдарды көрсөтөт;
- төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгат:
1) туристтик иштин бардык субъектилери үчүн бирдей шарттарды түзүү;
2) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш комплекстерин жана тарыхый-маданий объектилерди өзүнө камтыган туристтик ресурстарды сактоо;
3) БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму жана Көргөзмөлөрдүн эл аралык бюросу өткөрүүчү иш-чараларга Кыргыз Республикасынын катышуусу жана кызматташуусу.
4. Департаменттин укуктары
10. Департамент төмөнкү укуктарга ээ:
- мыйзамда белгиленген тартипте башка юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
- белгиленген тартипте уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн үгүттөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө жарнамалык иштердин эсебинен көмөк көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн үгүттөө жана элге жеткирүү үчүн жарнактарды чыгарууга жана жайылтууга;
- сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- келишимдик негизде Департаменттин кызматкерлерин окууга, кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкаларга жиберүүгө;
- Департаменттин кызматкерлерин кызматтык командировкаларга, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарлар менен көргөзмөлөргө жиберүүгө;
- мамлекеттик органдардан, юридикалык жана жеке жактардан зарыл маалыматтарды сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
5. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаменттин ишин Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги координациялайт жана контролдойт.
12. Департаметти Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор - министрдин орун басары жетектейт.
Департаменттин директору кызматы боюнча Маданият жана туризм министрлигинин коллегия мүчөсү болуп эсептелет.
13. Департаметтин директору:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттер менен функцияларынын аткарылышы боюнча жеке жоопкерчиликте болот;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар менен өз ара алака мамилелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта Департаменттин атынан чыгат;
- мыйзамга ылайык Департаменттин мүлкүн жана финансы каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык тартиптин сакталышын камсыз кылат;
- Департаменттин бардык финансылык документтерине биринчи колду коюу укугуна ээ;
- келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга кол коет;
- мыйзамдарга ылайык кызматкерлердин укуктарынын сакталышын жана эмгегин коргоо боюнча чараларды көрөт;
- өз орун басарынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин функционалдык милдеттери менен жоопкерчилик даражаларын бөлүштүрөт;
- эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт, сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонот;
- белгиленген тартипте Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт;
- түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболорду жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин номенклатурасына кирген кызмат ордундагы кызматкерлерден тышкаркы Департаменттин кызматкерлерин кызмат орундарга дайындайт, кызматтан бошотот жана аттестациядан өткөрөт;
- өз компетенциясынын чегинде Департаменттин баардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин чечимдери менен тапшырмаларынын аткарылышын уюштурат жана камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте Департаменттин өздүк мүлкүн жана каражатын тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Департаменттин максатын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Департаменттин директорунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир орун басары болот.
15. Департаменттин директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана өз ишин бекитилген кызматтык иш-милдеттерине ылайык жүргүзөт. Директор жок учурда анын милдетин аткарат.
6. Департаменттин мүлкү жана каржыланышы
16. Департаменттин мүлкү обочолоого укугусуз Департаменттин оперативдик башкаруусуна берилген мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
17. Департаменттин каражаттарын түзүү булактары:
1) республикалык бюджет;
2) башка булактар:
- ишканалардын, уюмдардын, жарандардын кайрымдуулук жана кайтарымсыз төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
7. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
18. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.