Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 271
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 "Нарын облусунун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына интеграциялоо жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 "Нарын облусунун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Нарын облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
- 15-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Нарын облусунун аймагындагы кен иштетүүчү ишканалардан түшкөн акча каражатты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттарды топтоо жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын региондук бөлүмүндө казыналык (атайын) эсеп ачат;";
жетинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Кен иштетүүчү жана башка ишканалар эсептеген акча каражаттар Фонддун каражаттарынын тескөөчүсү билдирүүчү реквизиттер боюнча казыналык (атайын) эсепке которулат.";
- 22-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Фонддун эсебинен каражат алуучу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.".
Контракттар жана милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык системасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталууга тийиш.";
- 24 жана 25-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ө.Бабанов
|