Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-октябры № 640
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун, Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына интеграциялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планын бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, бюджеттик эмес фонддордун бюджеттерин түзүүнүн жана аткаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик финансыны башкарууну өркүндөтүү, ошондой эле андан ары бюджеттик консолидациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 "Нарын облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтому менен бекитилген Нарын облусун өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары фонддор) бюджеттен тышкаркы эсептерин Казыналык системасына тейлөөгө этап боюнча өткөрүүнүн тиркелген Иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Фонддордун жетекчилери ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Иш-чаралар планын аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Фонддор Иш-чаралар планын аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайынкы негизде тапшырышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 540 токтому менен бекитилген
┌──┬───────────────────────────────────┬─────────────────┬────────────┐
│№ │ Иш-чаранын аталышы │ Жооптуу │ Аткаруу │
│ │ │ аткаруучулар │ мөөнөтү │
├──┼───────────────────────────────────┼─────────────────┼────────────┤
│1 │Колдонуудагы мыйзамдарга │Кыргыз │2011-жылдын │
│ │инвентаризация жүргүзүү, кош төлөм │Республикасынын │1-декабрына │
│ │акча каражаттарын казыналык │Өкмөтүнө караштуу│чейин │
│ │системасында аккумуляциялоо жана │Милдеттүү │ │
│ │пайдалануу боюнча тийиштүү ченемдик│медициналык │ │
│ │укуктук актыларды иштеп чыгуу жана │камсыздандыруу │ │
│ │Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун │фонду, Кыргыз │ │
│ │белгиленген тарт Кыргыз │Республикасынын │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн │Финансы │ │
│ │Аппаратына киргизүү │министрлиги │ │
├──┼───────────────────────────────────┼─────────────────┼────────────┤
│2 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │Кыргыз │2012-жылдын │
│ │караштуу Милдеттүү медициналык │Республикасынын │1-январына │
│ │камсыздандыруу фондунун ишин │Өкмөтүнө караштуу│чейин │
│ │милдеттүү медициналык │Милдеттүү │ │
│ │камсыздандыруу түрүндө түшүүчү │медициналык │ │
│ │каражаттарды (Кыргыз │камсыздандыруу │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │фонду Кыргыз │ │
│ │Милдеттүү медициналык │Республикасынын │ │
│ │камсыздандыруу фондун эсебине) │Социалдык фонду │ │
│ │казыналык системасына которуу жана │ │ │
│ │тейлөө жагында жөнгө салуучу │ │ │
│ │ченемдик укуктук актылардын │ │ │
│ │долбоорлорун иштеп чыгуу жана │ │ │
│ │белгиленген тартипте киргизүү │ │ │
├──┼───────────────────────────────────┼─────────────────┼────────────┤
│3 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │Ысык-Көл │2011-жылдын │
│ │2011-жылдын 27-июлундагы № 416 │облусунун │1-декабрына │
│ │"Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду │мамлекеттик │чейин │
│ │жөнүндө" токтому менен бекитилген │администрациясы │ │
│ │Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду │ │ │
│ │жөнүндө жобого "Кумтөр Голд │ │ │
│ │Компани" жабык акционердик коомунан│ │ │
│ │түшүүчү акча каражаттарды, ошондой │ │ │
│ │эле Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │мыйзамдарына каршы келбеген башка │ │ │
│ │каражаттарды Казыналык системасында│ │ │
│ │аккумуляциялоо жана пайдалануу │ │ │
│ │тууралуу өзгөртүүлөрдү жана │ │ │
│ │толуктоолорду киргизүү жөнүндө │ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │ │ │
│ │токтомунун долбоорун даярдоо жана │ │ │
│ │белгиленген тартипте Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн │ │ │
│ │Аппаратына киргизүү │ │ │
├──┼───────────────────────────────────┼─────────────────┼────────────┤
│4 │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │Нарын облусунун │2011-жылдын │
│ │2011-жылдын 21-июнундагы № 334 │мамлекеттик │1-декабрына │
│ │"Нарын облусун өнүктүрүү фонду │администрациясы │чейин │
│ │жөнүндө" токтому менен бекитилген │ │ │
│ │Нарын облусун өнүктүрүү фонду │ │ │
│ │жөнүндө жобого Нарын облусунун │ │ │
│ │аймагындагы кен иштетүүчү │ │ │
│ │ишканалардан түшүүчү акча │ │ │
│ │каражатты, ошондой эле Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын мыйзамдарына каршы │ │ │
│ │келбеген башка каражаттарды │ │ │
│ │Казыналык системасында топтоо жана │ │ │
│ │пайдалануу тууралуу өзгөртүүлөрдү │ │ │
│ │жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө│ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │ │ │
│ │токтомунун долбоорун даярдоо жана │ │ │
│ │белгиленген тартипте Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн │ │ │
│ │Аппаратына киргизүү │ │ │
├──┼───────────────────────────────────┼─────────────────┼────────────┤
│5 │Кош төлөм каражаттарына салык салуу│Кыргыз │2012-жылдын │
│ │маселесин изилдөө жана зарыл болсо │Республикасынын │1-январына │
│ │Кыргыз Республикасынын Салык │Өкмөтүнө караштуу│чейин │
│ │кодексине кош төлөмдү атайын │Милдеттүү │ │
│ │каражаттарга салыктан бошотуу │медициналык │ │
│ │жагында өзгөртүүлөрдү жана │камсыздандыруу │ │
│ │толуктоолорду киргизүү жөнүндө │фонду, Кыргыз │ │
│ │Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын │Республикасынын │ │
│ │долбоорун Кыргыз Республикасынын │Финансы │ │
│ │Жогорку Кеңешинин кароосуна │министрлиги │ │
│ │киргизүү │ │ │
├──┼───────────────────────────────────┼─────────────────┼────────────┤
│6 │Кыргыз Республикасынын Финансы │Кыргыз │2012-жылдын │
│ │министрлигинин Борбордук │Республикасынын │1-январына │
│ │Казыналыгына макулдашуу боюнча │Өкмөтүнө караштуу│чейин │
│ │казыналыктын региондук бөлүмдөрүндө│Милдеттүү │ │
│ │бюджеттик эмес фонддор үчүн │медициналык │ │
│ │казыналык эсептерди ачууну аныктоо │камсыздандыруу │ │
│ │жана ошону менен бир эле учурда │фонду, Ысык-Көл │ │
│ │коммерциялык банктардагы эсептерди │жана Нарын │ │
│ │жабуу │облустарынын │ │
│ │ │мамлекеттик │ │
│ │ │администрациялары│ │
├──┼───────────────────────────────────┼─────────────────┼────────────┤
│7 │Кыргыз Республикасынын Социалдык │Кыргыз │2012-жылдын │
│ │фондунун ишин жөнгө салуучу │Республикасынын │1-январына │
│ │ченемдик укуктук актыларга │Социалдык фонду │чейин │
│ │инвентаризация жүргүзүү жана орто │ │ │
│ │мөөнөттөгү келечекте Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Социалдык фондунун │ │ │
│ │бюджетин Казыналык системасында │ │ │
│ │тейлөөгө которуу боюнча иш-чаралар │ │ │
│ │планын Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │Өкмөтүнө кароого киргизүү │ │ │
└──┴───────────────────────────────────┴─────────────────┴────────────┘