Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2012-жылдын 10-майы № 277
Кыргыз Республикасынын ички автомобилдик жолдору боюнча чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүн жөнгө салуу боюнча айрым чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
Автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды сактоону, алардын бузулушун алдын алууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунда каралган максималдуу жалпы салмактан, октук салмак басымдан жана башка линиялык параметрлерден ашкан чоң жүктүү автотранспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жолдору жана эл аралык маанидеги автомобиль жолдору боюнча жүрүүсүнө тыюу салынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына максималдуу жалпы салмагы, октук салмак басымы жана башка линиялык параметрлери ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда белгиленген жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын муниципалдык жолдор боюнча жүрүүсүнө тыюу салууну белгилөө сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте:
- ушул токтомдун 1-пунктундагы талаптардын сакталышын тиешелүү түрдө контролдоону камсыз кылуу үчүн мобилдүү топторду уюштурсун;
- жолдордун аталган участокторунда тиешелүү маалыматтык көрсөтмө стенддерди жана жол белгилерин орнотууну камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
|