КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-июлу № 478
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын ички автомобилдик жолдору боюнча чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүн жөнгө салуу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын ички автомобилдик жолдору боюнча чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүн жөнгө салуу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "ушул токтомдун тиркемесине ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда белгиленген токтомунун тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|